Баткен чек ара отрядынын зардалы полковник Саитжан Эратов: «КОҢШУЛАР КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫН ЖЕК КӨРҮШӨТ»

Эр жигит эл четинде

Мекенди коргоо – ар бир жарандын милдети. Мына ошол милдет түнү түшүнөн, күндүзү оюнан кетпегендердин арасында чек ара кызматкерлери бар. 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнүн утурлай Баткен чек ара отрядынын зардалы (командири), полковник Саитжан Эратов менен чек ара жаатындагы маселелер туурасында маектештик.

– Саитжан мырза, чек арага байланыштуу көп чыр-чатактар болуп келет. Бул чектердин так бөлүнбөгөндүгүнүн белгисиби?
– Чек арадагы талаш-тартыштын баары жерден келип чыгат. Азыркы убакка чейин чек ара тилкесинде делимитация (чек араны документ жүзүндө белгилөө) жана демаркация (чек аранын так чийилиши) процесстери толук бүткөн эмес. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте тактап алып эле чек араны коргоп жатабыз. Негизи, Баткен аймагы Тажик жана Өзбек Республикалары менен чектешкендиктен, кооптуу маселелер аябай көп. Ошондуктан чек ара кызматында начар иштегендерди «Баткенге барып кызмат кыласың» деп коркутушат.
Мисалы, 2009-жылы Баткен чек ара отрядынын көзөмөлүндөгү аймактан 28 чыр-чатак чыкты. 18и кыргыз-тажик, ал эми ону кыргыз-өзбек чек арасында. Болуп жаткан чыр-чатактарды түп тамыры менен жок кылуу зарыл. Себеби эки элдин ортосундагы ынтымак баарыбызга керек.
Ворух анклавында 35000ден ашык тажик бар. Бир короодо 3төн 7ге чейин үй-бүлө жашайт. Ошондуктан тажик жарандары үчүн эң кымбат болгон нерсе – жер, үй маселеси.
Жазгы талаа иштери башталарда тажик жарандары жер ээлеп отурукташып алганга аракет кылышат. Чек арага жакын жерлерде кыргыздар үй сата турган болсо, акчасын кыргыздардан 2-3 эсе көп берип сатып алышат. Буга чейин 26 үй тажик жарандарына сатылып кеткен. Бирок учурда чек арага жакын жердеги үйлөрдү кошуна өлкөнүн жарандарына сатууга тыюу салынды. Ошентсе да отун даярдоо максатында бактарды кыюу, мергенчиликке чыгуу деген көрүнүштөр тыйылбай келет.
– Өзүңүз жумуш учурунда кооптуу окуяларга кабылгансызбы?
– 2009-жылдын июнь айында Чарбак айылында кыргыздар менен өзбектер суу талашып чоң чыр чыкты. 1500гө жакын өзбек жараны тополоң баштоо үчүн чогулуп калыптыр. Атайын дайындалган кошуун менен (спецназ) окуя болгон жерге барганымда бир өзбек жараны колундагы балтасы менен 1-2 жолу башыма шилтеп жиберди. Мен буйтаганга үлгүрдүм. Ал киши: «Кыргыздын чек арасы ар дайым өзбек жарандары үчүн ачык болуш керек. Чек арачылары келип биз бодо малды, койлорубузду жайытка кенен жая албай калдык. Паспортсуз өтө албай калдык»,- деп бизди жек көрүп жатты. Көрдүңүзбү, алардын демин. Биздин бир кыргыз өзбектердин жерине жөн-жай кире албайт. Кирсе атып салышы мүмкүн. А алар биздикине базардагыдай эле каалагандай кирип-чыгып жүргүлөрү бар. Анткени мурун ал жерде биздин чек арачылар, такыр эле застава жок болчу да. Ээн басканга көнүп калышкан.
– Чатак чыкканда бул тараптыкы туура же туура эмес деген бүтүмдү ким чыгарат?
– Чек ара отрядында түзүлгөн комиссия анализдеп, андан соң кошуна өлкөнүн атайын чек арачы өкүлүн жолугушууга чакырып, эки тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлөт. Мына, жакында эле январь айында 15 тонна алма жүктөлгөн Мерседес унаасы менен Лейлекке баратышкан кыргыздар жолдон адашып, Тажик Республикасына кирип кетишкен. Тажиктер унааны кармап алып, конфискацияламакчы болушуптур. Ортодогу териштирүүдө биздин жарандын күнөөсү жок экени далилденип, жүктү 3 күндөн кийин ээсине кайтарып бердик.
– 2006-жылдын 12-майында болуп өткөн окуяга катышкансызбы?
– Ооба, катышкам. 12-май күнү таң атпай эле жүрөгүм бир нерсени сезгендей дүкүлдөп туруп алды. Бекеринен эмес экен. Саат 05.50дө “Тажик Республикасынын Исфара чек ара отрядынын Богдари заставасына кылмышкерлер кол салып, 20 даана АК-74 автоматын, бир пулемёт, ок-дарыларды курал-жарак сакталган жайдан алып кетишти” деген маалымат түштү. Алдын ала айтылган божомолдорго караганда, Кыргызстанга киришкени белгилүү болду. Чек арачылардын ыкмасы боюнча куралчан топтун кайсы жерде болушун пландап чыктык. Болжол менен алар Кадамжай тарапка кетишиптир. Телефон аркылуу Кадамжай чек ара заставасынын зардалына жолду жабуу керек деген буйрук бердим. Кадамжайга баратып Зарташ айылында ошол куралчан топтун колунан эки бажыканачы өлгөнүн билдик.
Куралчан топ менен болгон беттешүүдө ефрейтор Кулов деген жигит бир кылмышкерди туткунга алууга жетишти. Андан канча куралчан бар экенин, кандай куралдангандарын билип алдык. Бир топтон кийин «Альфа» атайын дайындалган кошууну келип бизге жардам бере башташты. Алар келгенге чейинки атышууда капитан Ыкышев курман болду.
Териштирүү иштери бүткөндөн кийин бизге төмөнкүлөр белгилүү болду. Көрсө, булар «Өзбекстан ислам кыймылы» деп аталган террорчу топтун мүчөлөрү экен. Ооганстанда, Пакистанда жылдап машыгууларды өткөрүшүптүр. Арасында тажиги да, кыргызы, өзбеги да бар экен. Бул террорчунун улуту болбойт дегенди далилдейт.
– Учурда чек ара кызматкерлеринин көйгөйү катары эмнени баса белгилейсиз?
– Жаш офицерлер кыйынчылыктарга чыдабай ишти таштап кетип жатышат. Биринчиден, бул маянанын аздыгы. Салыштырып айтсак орус лейтенантынын учурда бир айлык маянасы 1000 доллар. Биздин чек арачы офицер 150 доллардын тегерегинде алат. Ошол эле учурда өзбек чек арачылары 300 долларга чейин айлык алышат. Айлык маселеси жакшырса, заставаларды, күзөт постторун замандын талабына ылайык салып беришсе деген оюм бар.
– 23-февралды чек арачылар кандай майрамдашат?
– 23-февраль күнү облустук деңгээлде майрамдык салтанат болот. Ошого катышабыз, анан өздүк курам менен бирге белгилейбиз. Негизи, чек арачылардын майрамы болуп 28-май эсептелинет. Бул болсо Советтер Союзунан калган майрам.

  • 1999-жылдын 28-майында Коргоо министрлигине караштуу Чек ара кайтаруу башкы башкармалыгы түзүлгөн. Бул башкармалык 2002-жылдын 31-августунда КРнын Президентинин указынын негизинде, КРнын Чек ара кызматы деп аталган.
  • Баткен, Лейлек, Айдаркен чек ара отряддары 1999-жылдын 6-октябрында ачылган.
  • Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын милдеттери – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын, анын аймактык бүтүндүгүн жана экономикалык таламдарын сактоо жана коргоо. Чек арадан өткөрүү пункттарында иш алып баруу.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан