Текебаев: «ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ЖОК ӨКМӨТТҮН КЕРЕГИ ЖОК»

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында өлкөнүн энергетика тармагын реформалоо маселеси талкууланды. Анын жүрүшүндө депутаттар Улуттук энергетикалык холдингди калтыруу же жоюу боюнча пикирлерин ортого салышты. Депутат Өмүрбек Текебаев бул маселе премьер-министрдин катышуусунда талкууланыш керектигин айтып чыкты. «Өкмөт башчы келип, энергетика тармагын өнүктүрүү жана реформалоо боюнча программасы менен тааныштырсын. Биз ага суроолорду берели, сунуштарды айталы. Жоопкерчиликти моюнуна алсын. Энергетика тармагын өнүктүрүү программасы жок өкмөттүн өлкөгө кереги жок»,- деди Текебаев. Депутат Алтынбек Сулайманов анын пикирин колдоду. «Премьер-министр бош болсо жыйынга келсин, маалымат берсин. Даяр эмес болсо кийинки жумага даярданып келсин. Энергохолдинг толук кандуу иштей баштаганда электр энергиясынын баасы кандай болот? 2016-2017-жылдары сырттан электр энергиясын импорттобойбузбу? Өкмөт башчы ушул суроолорго жоопторду айтышы керек»,- деди Сулайманов. Депутат Бакыт Төрөбаев «эгер энергетикалык системди сактайлы десек, энергохолдинг керек» деген оюн айтты. «Бул холдингдин башчысы Айбек Калиев болобу, башка адам болобу, ал өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна жоопкерчиликти алсын. Эртең эле кыш келет. Эл электр энергиясын үзгүлтүксүз алуусу кажет»,- деп билдирди Төрөбаев. Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Аширбек Темирбаев премьер-министр иш сапарына байланыштуу бул күнү жыйынга келе албастыгын айтты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан