Ысык-Көлдөгү 200 пансионаттын 60ынын гана КУТКАРУУЧУЛАРЫ бар. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдады.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотованын маалыматы боюнча, 2016-жылдын 1-кварталында Кыргызстанда 33 бала ар кандай ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА кабылган.
Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган Өкмөттүк аппараттын мурунку кызматкери АЛТЫНБЕК МУРАЛИЕВ 12 жылга эркинен ажыратылды. Ал мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин баласы.
АБДИКАРИМ АЛИМБАЕВ Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы кызматына дайындалды.
Мамлекеттик ИПОТЕКАЛЫК компания бүгүнкү күнгө карата 21 жаранга 17 миллион сом суммасында жеңилдетилген насыя берген. Насыя алгандар 185 кардардын ичинен тандалып алынган.
Өлкөдө акыркы 5 ай аралыгында катталган ЖАРАТЫЛЫШ КЫРСЫКТАРЫ 49 миллион сомдук чыгым алып келди.
15-майда Бишкекте II ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР оюндарына канча саат жана канча күн калганын санап көрсөтүп туруучу саат коюлду.
Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 118 МИҢГЕ ЖАКЫН ЖАРАН бар. Башкача айтканда, алар калктын 2,9 пайызын түзөт.
Кыргызстан 1500 БАЛА БАКЧАГА муктаж. Бул боюнча билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.
2017-жылдан тарта мектеп бүтүрүүчүлөрү КЫРГЫЗ ТИЛИ боюнча милдеттүү тест тапшырышат. Ал үчүн атайын тест иштелип чыкты.
2016-жылдын башталышынан бери Кыргызстанда 31 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул боюнча парламентте депутат Чолпон Султанбекова билдирди.
Кыргызстандык 518 жаран чет мамлекеттерде БАҢГИЗАТКА байланыштуу кылмыштардын айынан абакта отурат. Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Рафик Мамбеталиев билдирди.
Мурунку транспорт жана коммуникация министри КАЛЫКБЕК СУЛТАНОВ 18-майда президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.