Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каармандары Алтынай менен Жамиляга жан берип, ошол замандагы кыргыз кызынын образын ачып берген актриса Наталья Аринбасарова Кыргызстанга келип, Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгына татыды. Аталган иш-чаранын алдында Москвадан келген актриса менен маектешкенге жетиштик.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Аринбасарова Наталья Утевлевна
Туулган жери – Орусия, Москва шаары
Туулган жылы – 1946-жыл, 24-сентябрь
Кесиби – Актриса
Тартылган тасмалары – "Биринчи мугалим" (Алтынай), "Ташкент – нандуу шаар" (Сауле), "Жамиля" (Жамиля), "Маншук жөнүндө ыр" (Маншук Маметова), "Тандоо" (Бибигүл), "Нандын даамы" (Камшат Сатаева).
Советтик жана орусиялык актриса Наталья Аринбасарованын атасы казак, апасы поляк кызы. Үй-бүлөдө беш бир тууган. Атасы аскер кызматкери болгондуктан Түркмөнстанда балалыгы, Казакстанда өспүрүм кезин өткөргөн. Алматы шаарында хореографиялык мектепте окуп жүргөндө ал жактан Москва шаарындагы Академиялык хореография училищесине которушкан. Актриса кичинесинде балерина болууну кыялданчу, бирок тагдыр аны актрисалык кесипке байлап коёт. Алгачкы жолу “Биринчи мугалим” тасмасына тартылып, фильмдин режиссёру Андрей Кончаловскийге ата-энесине айтпай Фрунзе шаарында турмушка чыгат. Андан Егор аттуу уулдуу болуп, беш жыл жашагандан кийин ажырашып кетишет. Жалпысынан актриса 3 жолу турмушка чыгып, ажырашкан. Кинодо 60тан ашуун роль аткарып, Советтер Союзунун жана Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамдарын алган.
– Кыргызстанга куш келипсиз, Наталья Утевлевна! 18 жашыңызда "Биринчи мугалим" тасмасына тартылып жүргөндө борборго келгениңизди билебиз, Бишкек шаары 50 жылдан бери кандай болуп өзгөрүптүр?
– Саламатсыңарбы, биринчиден, Кыргызстан мен үчүн ыйык жер. Бул жерде менин жашоомдун бактылуу да, кайгылуу да көз ирмемдери өттү. Кыргызстан – жан дүйнөгө эргүү тартуулап, аны күчтөндүргөн, таланттуулардын талантын ашырган жана таланты ачыла электерге көп мүмкүнчүлүк түзүп берген өлкө. Менин чыгармачылык өмүр жолум дал ушул өлкөдөн башталган. 18 жашымда "Биринчи мугалим" тасмасына тартылып, экрандагы тушоомду кескем. Бишкекке келерим менен маркум Чыңгыз Айтматовду эскерип мүрзөсүнө барып келдим. Менин унутулгус керемет күндөрүм калган Фрунзе шаары таанылгыс болуп өзгөрүптүр. Келгениме бир эле күн болгондуктан, көп жерин көргөнгө жетише элекмин. Байкаганым, эли аябай өзгөрүптүр, айымдары да, мырзалары да көзүмө сулуу көрүнүп жатат.
– Сиз алгачкы сыйлыгыңызды 20 жашыңызда Венеция кинофестивалында алганыңызды билебиз. Эми минтип 70ке чыкканда "Ак илбирс" сыйлыгы тапшырылып жатат, биринчи жана азыркы сыйлык алуудагы сезимдериңиз менен бөлүшүп кетсеңиз?
– Италияга мен эптеп эле фестивалга кирип, кечени көрсөм деген максат менен барган элем. Сыйлык аларым түшүмө да кирбептир. Фестивалдын эң жаш актрисасы мен элем, улуу аялдар мени карашса моюнумду созуп, чоң кыздай ишенимдүү түр көрсөтүп коём. Качан гана мени белгилүү кинорежиссёрлор менен тааныштырып баштаганда толкунданганымдан ыктытып, өзүмдү жоготуп баштагам. Ошентип, фестивалдын катышуучуларынын баары мени ыктыткан кичинекей кыз катары таанып калышкан. Ал эми "Ак илбирс" сыйлыгынан чалышканда жакшы түшүнбөй калыптырмын, мен бирөөгө сыйлык тапшырам го деп ойлогом. Көрсө, өзүм сыйлык алат турбаймынбы. Андыктан бул сыйлык да мен үчүн күтүүсүз белек болуп жатат.
– Сизди "Биринчи мугалим" тасмасындагы Алтынайдын ролунан жакшы тааныйбыз, тасманы тартуу учурундагы кызыктар эсиңизде калса керек?
– Тартуу ишинде көп жолу кооптуу абалга кабылгам. Айрыкча Болот Бейшеналиев экөөбүз жамгырда калган эпизоддорун ден соолугубузду тобокелге салып аткарганбыз. Жамгырды өрт өчүрүүчүлөр дарыядан аккан муздак сууну алып келип куюшчу. Бир күн кечке былчылдап суу болгон кийим менен жүрүп көр. Андрон (ред. режиссёр Андрей Кончаловский) "мындай эпизоддорду негизи Европада дублёрлор аткарышат" деген, а бизде кайдагы дублёр, баарын өзүбүз аткардык. Дагы бир эпизоду эсимден кетпейт. Дүйшөн мени күмүш жасалга менен бетке чапкан жери бар, ошол эпизодду 10 жолу аткарган болушубуз керек. Болот Бейшеналиев өзү эмоционалдуу адам, катуу чапканда көзүмдөн от чачырап кетчү, ошентип кечке чаба берип аягында жаагым көгөрүп, шишип кеткен. Тартуу иши бүткөндөн кийин мени баары унутуп коюшту. Чачым уйпаланган, жаагым шишип, аттын үстүндө жүдөп отурам. Башым айланып, эс-учумду жоготуп аттан кулап түштүм. Эсиме келсем, чачымды бирөө жулуп жаткандай сезилди, көрсө, жамгырда чачым чаташып, оролуп тартылып жатыптыр. Дагы жакшы ал жасалма чач болчу, анан мени гримёр "сага "Кыргызфильмдин" эң мыкты чачын бердим эле, жок кылыптырсың" деп урушкан.
Аталган тасмада көп ыйладым, 3 жылда ыйлай турган көз жашымды бир тасмадагы ролумда эле төгүп салдым окшойт. Алтынайдын ролу менин алгачкы тажрыйбам.
– Сизди көп ыйлаткан каарманыңыздын ролу үчүн сыр болбосо канча гонорар алдыңыз эле?
– Жакында эле үйүмдөн "Биринчи мугалим" тасмасынын режиссёру менен түзгөн келишимди таап алдым. Тасманын алгачкы аталышы "Шуулдаган теректер" болчу. 8 ай киного тартылган эмгегим үчүн 930 рубль алыптырмын. Албетте, ал кезде мени акча кызыктырчу эмес.
– Учурда эмне менен алексиз, кинолорго тартыласызбы?
– Үйдө эки режиссёрду тарбиялап койгом, уулум Егор, кызым Екатерина да режиссёр. Балдарымдын тасмаларында, башкалардан сунуш түшсө ал жакта да тартылып коё берем. Чоң эненин ролу өзүмө аябай жагат, жаш кездегидей "сулуумунбу, мени кандай ракурстан тартат?.." деп келбетиң үчүн кабатыр болбойсуң. Кээде театрда ойноп калам. Уулум Егор Москванын четинен чоң үй сатып берген, ошол жакта экөөбүз жашайбыз. Абдан табияты кооз жерде жашайм, гүл өстүрөм, уулума тамак жасап берем, айтор, үйдү кармайм.
Лунара Бекиева
star@super.kg