BEELINE КЫРГЫЗСТАНДЫН БАРДЫК АЙМАКТАРЫНДА 4G LTE ТАРМАГЫН ИШКЕ КИРГИЗГЕНИН ЖАРЫЯЛАЙТ!

Beeline`дын башкы директору Ернар Накисбеков 4G тармагынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Азыркы тапта Beeline 4G каптоо тармагы өлкөнүн бардык аймактарында камсыздалды. Бул кардарларга жаңы стандарттын сапатын жана маалыматты өткөрүп берүү заманбап мобилдик технологиясынын мүмкүнчүлүктөрүн толук өлчөмдө баалоо шартын түзүп берет.
4G (LTE) тармагынын артыкчылыктары – маалыматты өткөрүп берүүнүн жогорку ылдамдыгы (75 Мбит/с чейин) жана мобилдик байланыш кызматтарынын тизмегин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү. Жаңы стандарттагы тармак 800 МГц диапазонунда иштейт. Бул имараттардын ичине жакшы өтүү жана кененирээк каптоо аянтын камсыздайт.
Мындан тышкары Beeline «ВСЁ!» тарифтер тизмегиндеги интернет-трафиктин көлөмүн эки эсе жогорулатты. Жумасына болгону 50 сом төлөгөн колдонуучулар стандарттуу 1,5 Гб топтомго кошумча дагы 1,5 Гб 4G интернет алышат. Ошондой эле жаңы Beeline Pro 4 смартфону сатыкка чыгат. Баасы жеткиликтүү, болгону 4490 сом. Beeline кардарларынын технологиянын бардык артыкчылыктарын байкап көрүү мүмкүнчүлүгү бар.
«Ар бир абонентибиздин төртүнчү муундагы тармактын артыкчылыгын сезгени биз үчүн зор мааниге ээ. Ошондуктан өлкөнүн бардык аймактарында LTE тармагын ишке киргизип, баасы жеткиликтүү 4G смартфон Beeline Pro 4тү рынокко алып чыктык. Мобилдик түзүлүштөр бүгүнкү күнү көпчүлүк абоненттер үчүн интернетке кирүүнүн негизги жолу, ал эми 4G тармагынын өркүндөөсү менен мобилдик интернет колдонуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылат»,- дейт Beeline`дын башкы директору Ернар Накисбеков.
Жаңы стандарттагы тармакты колдонуу үчүн кардарлар каалаган Beeline сатуу жана тейлөө кеңсесине келип, SIM-картасын жаңы 4G колдогон картага акысыз алмаштырып алуулары керек. Кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн атайын 4g.beeline.kg сайты да ишке кирди. Ал жерде смартфон 4G колдоорун текшерип, тармактын каптоо географиясы менен таанышууга болот.
Эске сала кетсек, Beeline мобилдик оператору 2015-жылы 4G/LTE тармагын жайылтуу үчүн аукциондо 800 МГц 5 МГц спектрин сатып алган.





Толук маалымат компаниянын расмий сайтында:
www.beeline.kg, 4g.beeline.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Oceana
2016-05-23 09:32:15
Эң сонун мумкунчулукторду тузуп берип атат. Билайн жаркын жакта жаша. ))))
+2
Nura2587
2016-05-23 11:11:55
Кара көл шаарында жок экен 4J эмне себептен ошону билип берип койосуңарбы.? Бул жерде баардык региондордо деп турат
0
Aziz91
2016-05-23 12:59:37
Картаны кордум баардык региондордун борборлорунда иштейт экен
+1
chon-alai90
2016-05-23 13:37:03
Чон алайда да жок
0
bektursun2010
2016-05-23 14:28:08
бизде иштебейт ко
0
nuris.osh
2016-05-23 16:30:56
Айылдаргада коюлат бекен?
0
salmankg13
2016-05-23 19:48:23
Алга билайн
0
salmankg13
2016-05-23 19:49:36
Алга билайн
0
AZIK01
2016-05-23 20:31:27
LTE эмне экенин Кореядан билдим. Интернет укмуш.
Эми, интернет менен ооругандарга кудай берет.
0
PatriotKG01
2016-05-24 00:16:53
Област борборлорунда гана кармайт экен 4G
0
erlanaitibaev
2016-05-24 09:51:38
связ жакшы болбой жатат beeline да
0
milion
2016-05-24 13:00:30
Саламатсыздарбы супер инфо айыл жерлерине да жетеби,биз эчак эле Билайн модем алганбыз иштебейт мындан уч жыл мурун ошону билип коросунорбу алдына ала Рахмат.
0
ss90
2016-05-25 10:11:13
Билайн Сиздерди суйооооом!!!
0
Kudi
2016-05-26 12:37:40
Симкатаны 4G алмаштыргыла
0
balykchydan
2016-05-29 22:11:32
Балыкчыга келек элек!
Неге анда бут Кыргызстан деп айтышат!
0
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан