ДҮЙНӨЛҮК ШОУ-БИЗНЕС ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Жылдыздар ааламында

БИЛАН ДАГЫ «ЕВРОВИДЕНИЕГЕ» КАТЫШМАКЧЫ
Дима Билан 2010-жылы да «Евровидение» сынагына катышууну чечти. Эми эгер Билан Орусиядагы тандоо турдан өтсө, популярдуу музыкалык сынакка катышат. Продюсери Яна Рудковская: “Дима бул чечимди кабыл алган соң алдыңкы үч орундун бирине илиниши керек. Жок дегенде үчүнчү орунду алса деле жакшы болот, себеби Орусиянын эсебинде коло медаль жок”,- деди. Тандоодо Билан Филипп Киркоровдун “White Nights” (“Ак түндөр”) деген ырын аткармакчы.

ЖЕКСОНДУ ДАРЫГЕРИ ӨЛТҮРГӨНБҮ?
Коронер (Майкл Жексондун өлүмүнүн себебин изилдеген адам) поп падышанын өлүмү тууралуу толук изилдөө жүргүзүп чыкты. Ал “поп музыкант атайын өлтүрүлгөн. Жеке дарыгери пропофолду (ооруну сездирбөөчү күчтүү дары) ашыкча өлчөмдө берип койгон” деген кабар айтты. Бул маалымат чыга электе эле сот Майклдын дарыгери Мюррейди 75 миң доллар төлөтүп, убактылуу абактан бошоткон эле. Эми дарыгердин күнөөсү толук далилденсе, 4 жылга эркинен ажырашы ыктымал.

“HI-FI” ТОБУНАН ДАГЫ БИР ЫРЧЫ КЕТТИ
Акыркы мезгилде “HI-FI” тобунун ырчылары алмашканы-алмашкан. Митя Фоминден кийинки ырчы Катя Ли болду. Ли катардагы уюшулган концерттен кийин: ”Бул менин топтун атынан чыгып акыркы жолу ырдашым. Эми чыгармачылыгымды өзүнчө өстүрүп-өнүктүрүүнү туура көрдүм”,- деген кабар айтты. Топтун продюсери мындай маалыматтан кийин кайрадан келишимдүү ырчы кыз издемекчи.

ДИ КАПРИО КИНО ДүЙНӨСүНӨН КЕТЕБИ?
Акыркы кезде «актёр Леонардо ди Каприо кино дүйнөсүнөн кетет» деген кеп тараган. Ди Каприо болсо жөн гана чыгармачылыктан тыныгуу алууну туура көргөнүн билдирди. Актёр 2010-жылы түшкөн сунуштардын баарынан баш тартты. Быйыл ал өзүнүн ден соолугуна көңүл бөлүп эс алып, анан келерки жылы чыгармачылыкта ишин улантат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан