Май майрамдарынын урматына Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаарларында чыгармачыл инсандар арасында футбол болуп өттү. Эрмек Нурбаев, Атай Өмүрзаков, Урмат Усенов, Омар, Улан Барпиев, Бегиш жана башка жылдыздар чогулган команда Ошто, Жалал-Абадда, Кызыл-Кыяда жеңилүү ызасын тартышты.
Бул тууралуу тамашоучу Мурат Жалиев: “2 жыл мурун бизди бишкектик кесиптештер борборго чакырып, 4:0 эсебинде утуп алышкан эле. Бул ирет биз конокторубузду жеңдик”,- дейт. Баса, "No name" командасы жакында Москва шаарында “Кайраттын кечтери” аттуу Кайрат Нуртастын концертин алып барарын да айтты. Аталган концертти кыргыз-казак биримдиги уюштуруп, Нурлан Насип, “Алло” деген ыры менен белгилүү болгон казак ырчысы Торегали Тореали катышмакчы.