“Аманат” тасмасынын режиссёру Айбек Дайырбеков 16-майда Казакстан телеканалынын сунушу боюнча “Айман-Шолпан” телесериалын казактардын “Көркөм фильм” киностудиясы менен биргеликте тарта баштады. Тактап айтканда, 100 сериядан турган эгиздердин тагдырын чагылдырган кинодо режиссёрлук кылат.
“Былтыр ушул эле киностудия менен тарткан “Аяулы арман” телесериалыбыз учурда казак телеканалдарынан көрсөтүлүп, алдыңкы рейтингде турат. “Айман-Шолпан” менин Казакстанда режиссёрлук кыла турган 6-долбоорум. Аталган телесериалда 100гө чукул чыгармачыл топ иш алып барууда.