13-май күнү “Ак илбирс” киносыйлыгынын 5-тапшыруу аземи болуп, белгилүүлөр кызыл килемден өтүштү. Аземдин жыйынтыгында Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасы “Мыкты тасма”, “Мыкты режиссёр” наамдарын баш кылып, жалпысынан 10 номинацияны илип кетти. “Бир тууганчик” тасмасы болсо "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон тасма" наамына татыды. “Борбор Азиядагы мыкты тасма” наамын өзбекстандык режиссёр Ёлкин Туйчиевдин “Суупери үчүн үй” тасмасы жеңип, режиссёр аземге тасманын баш каарманы, белгилүү актриса Шахзода Матчанова менен келди. Кеченин сыйлуу коногу Наталья Аринбасарова “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” наамын алып жатып: “Бул сыйлыкты үйүмдөгү Венеция кинофестивалынан жеңип келген Вольпи алтын кубогунун жанына коюп коём”,- деп бир чети сыйлыктын баркын көтөрсө, бир чети сүйүндүрдү.