ЮРИСТ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго «Арстанов жана Ко» юридикалык компаниясынын юристи АЙНУРА МАМАШОВА жооп берет.

"ЖЕР ТИЛКЕМДИ АЛЫП КОЮШПАЙБЫ?"

– Мындан үч жыл мурун Ак-Суу районуна караштуу Садовое айылынан кызыл китеби менен жер тилкесин алгам. Үй салганга каражат жок, ошол боюнча эле турат. Мурун үч жылга чейин там курулбаса жерди алып коюшчу эле, азыр андай эмеспи?

Сагынбек,
Кара-Балта шаары


– Азыр андай мыйзам жок. Союз тарагандан кийин жеке менчик укугу киргизилген. Андыктан жериңизди эч ким сотсуз тартып ала албайт.

"ФИРМА МЕНИ СОТКО БЕРИП ЖАТАТ"

– Кир жуучу каражаттарды саткан фирмада соода агенти болуп иштечүмүн. Базарда соода кылган бир аялга 40 000 сомдук товар бергем. Ал "товар өтсүн, акчасын бөлүп берем" деген эле. Бир күнү акчаны алганы барсам, тиги аял жок, контейнерин жаап, иштебей калыптыр. Эми болсо фирма "ал акчаны сен төлөйсүң, болбосо сотко беребиз" деп жатат. Бирок фирма менен түзгөн келишим 2015-жылдын декабрь айында эле бүткөн. Эмне кылышым керек?

Ажар, Бишкек шаары


– Соодагер аял экөө­ңүз­дөр­дүн ортоңуздарда келишим болсо гана аны сотко бере аласыз. Анын "баланча акчага мынча товар алдым" деген тил каты керек. Келишим болбосо, сотко кайрыла албайсыз. Тил каты жок, бирок күбөлөр болсо-болбосо деле милицияга арыз менен кайрылсаңыз болот. Кылмыш-жаза кодексинин №166-беренеси (алдамчылык) боюнча иш козголот. Негизи, фирманын иш-аракети туура. Дарек бюросуна барып тиги аялдын аты-жөнүн айтып, кайсы даректе жашаарын билип алып, укук коргоо органдарына кайрылса болот.

Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан