Куудул, пародист Жаныбек Алыкуловдун уулу МАНАС АЛЫКУЛОВ атасынын “Шорпо” деген ырын жаңылап иштеп ырдап чыкты.
"Дүйнө сулуусу-2016" балдар сынагы Түркиянын Бодрум шаарында өтүп, ага "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева тарбиялаган 8 жаштагы КИРА ДЖАЛАЛДИНОВА катышып, Гран-прини жеңип келди.
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ АТАЙ ӨМҮРЗАКОВ, “Тумар КР” бий тобунун мүчөсү БАЯМАН ӨМҮРБЕК УУЛУ жана топтун менеджери АЙБЕК МИРБЕКОВДУ кабыл алып, Лондондо өтүүчү «Britain’s Got Talent» сынагына катышууга президенттик фонддон акча бөлдү.
ЗАЛИНА КАСЫМОВА, ТУРДАКУН НИЯЗАЛИЕВ баштаган чыгармачыл топ Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарында өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрүндө өнөрлөрүн тартуулашты.
Ырчы KG ЭЛМУРАТ 2-июнда Казакстандын Атырау шаарында өтүүчү ГИЗЗАТ БЕЙСЕНОВ атындагы “Жайык даусы” эл аралык сынакка катышууга даярданып жатканын айтты.