Жоктон бийиктикке жеткен ЮЛИЯ ТИМОШЕНКО

Дүйнө жылдыздары

“Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык” деген макал мырзалар аткара албаган ишти айымдар аткарып, өзүн көрсөтө алганда өзүнөн-өзү жокко чыгат. Буга мисал – Юлия Тимошенко. Анын саясаттагы ээлеген орду көпчүлүккө маалым. Бирок биз бүгүн бул инсандын саясаттан тышкары жашоосу тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Толук аты-жөнү – Тимошенко Юлия Владимировна
Туулган жери – Украина, Днепропетровск облусу
Туулган жылы – 1960-жыл, 27-ноябрь
Улуту – Латыш
Кесиби – Инженер-экономист
Жолдошу – Александр Геннадиевич Тимошенко
Балдары – Евгения аттуу кыздын энеси

АТАСЫ ТАШТАП КЕТКЕН
Юлия атасынын тизесине отуруп “балмуздак жейм” деп эркелегендердин катарында эмес. Себеби ал 3кө чыкканда атасы Владимир таштап кеткен. Ташталган үй-бүлөнүн жашаганга туруктуу баш калкалаар жери болгон эмес. Батирден-батир алмаштырып, күнүмдүк турмушту баштарынан кечирген. Бирок энеси Людмила “кызым эч нерседен кем болбосун деп, анын кең келечеги үчүн күнү-түнү иштөөгө даярмын” дечү. Юлия мектепте эң жакшы деген баага окуп, Днепропетровск Мамлекеттик университетине тапшырып, өз күчү менен өтүп кеткен. Кичинесинен эле тырышчаак, айтканынан кайтпаган өжөр сапаты менен айырмаланчу. Окуткан мугалимдери ошондо эле “Юлия келечекте чоң бийиктикти багындырат” деп үмүттөнүшчү экен.

ЖОЛДОШУ ҮНҮНӨ АШЫК БОЛУП...
Юлиянын жолдошу Александр Тимошенко менен таанышып калганы да өзгөчө кызык. Александр жумуштары боюнча телефон чалып жатып, адашып Юлиянын үйүнө түшүп калат. Телефонду алган кыздын жагымдуу үнү “сиз адашып калдыңыз” деп жооп берет. Үнүнө ашык болгон Александр адашып терген номерди жаттап калат да, кайра-кайра телефон чалчу болот. Тил табышып кеткен экөө кийинчерээк кезигишет. Алгачкы кезигишүүдө үнүнө гана эмес, апакай жылдыздуу жана кыйла сырдуу кыздын өзүнө ашык болуп калат. Юлиянын Саша менен таанышканы, сүйүүсү ошол эле учурда турмуштун даңгыр жолуна алган жолдомосу да болгон десек жарашчудай. Себеби ал кезде 18 жаш күлгүн курактагы Александр Днепропетровскидеги абройлуу, бай үй-бүлөнүн уулу эле. Тимошенко ата-энесине кедей үй-бүлөдөн чыккан кызга ашык болуп калганын билдирип, аны менен баш кошорун айткан. Ата-энеси башында каршы болгону менен, баласынын бактысы үчүн макулдугун берүүгө аргасыз болушкан. Ошентип, сүйүшкөн көгүчкөндөр үйлөнүшүп, Юлия жолдошунун фамилиясына өтөт. Бир жылдан кийин алар Евгения аттуу кыздуу болушкан.
Турмуш куруп наристелүү болсо да, Тимошенко окуусун токтотуп койбой аяктаган. Ошол эле жылы кесиби менен заводдо иштеп калат. Кийинчерээк кайнатасы кинопрокат түйүнү жана видеосалон ачып берген. Ошентип, жаш жубайлардын иши ийгиликтүү жүрүшүп кетип, саясатка кадам таштаган.

КЫЗЫН САЯСАТКА ДАЯРДООДО
Тимошенколор кызы Евгенияны 14 жашында Англияга окууга жөнөтүшкөн. Кызы Лондондон сүйүүсүн таап, Шон Карр аттуу британиялык рок ырчыга турмушка чыккан. Украинада Жоогазын революциясы болгондо Евгения жолдошу менен ата-энесинин жанына көчүп келе берген. Учурда Украинада турат. Юлия кызынын мыкты саясатчы болоруна көзү жеткендиктен, анын саясатка аралашуусуна каршы эмес. Маалыматтарга караганда, Юлия учурда кызын мыкты саясатчы болууга даярдап жатат.

ЖАКТЫРГАНЫ...
Жумушу канчалык оор, көп болгонуна карабай китеп окууга убакыт табат. Жазуучу Александр Коротконун чыгармаларын кызыгуу менен окуйт. Ал эми саясатчы айым ар бир күнүн чуркоодон баштайт. “Эс алуунун кандай түрүн жактырасыз?” деген суроого ал: ”Тынч жерде жалгыз эс алуудан өтөрү жок. Эгер убакыт болсо уйкумду кандыра бир уктайм”,- деп жооп берет. Белекке кымбат баадагы атыр алууну жактырат. Калориялуу же майлуу деп тамакты тандабай, даамдуу болсо эле жей берет. Ашканада эң жакшы көргөнү – Испаниянын күрүчү менен жасалган паэлья аттуу тамак.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
elif
2010-02-26 05:20:46
kanday sonun...men elestetken kiyal kilgan ayaldardin biri eken.student bolup jurgondo sayasatchi bolgum kelet ele.
0
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан