Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин вице-спикери:"ОШ БАЗАРЫН" ТАРТИПКЕ КЕЛТИРЕМ ДЕП СООДАГЕРЛЕРДЕН ДАЛАЙ КАРГЫШ УКТУМ"

Учурда Жогорку Кеңеште вице-спикерлик кызматты аркалап жаткан Алтынай Өмүрбекова: "Албетте, жолдошум "кой, үйдө отур!" десе аны угуп отуруп калмакмын. Бирок ал мени колдоп турат. Бул үчүн ага ыраазымын!",- дейт. Гезитибизге кенен маек курган Алтынай Сейтбековна жасалган иштер, жазылып жаткан мыйзамдар, ошону менен катар эле үй-бүлөсү, ата-энеси тууралуу кеп салып берди.

ӨМҮРБЕКОВА АЛТЫНАЙ СЕЙТБЕКОВНА

1973-жылы
Бишкек шаарында туулган.
1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
2000-жылы ошол эле окуу жайда магистратура жана аспирантура борборунда юриспруденция тармагында магистрдик академиялык даражасына ээ болгон.
1997-2008-жылдары жеке менчик ишканаларда менеджерлик, жетекчилик кызматтарды аркалаган.
2009-2010-жылдары Аламүдүн районунун Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын юристи, Бишкек башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси;
2010-2011-жылдары "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты;
2011-2013-жылдары Бишкек шаарынын Ленин районунун акими;
2013-2015-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун администрация башчысынын милдетин аткаруучу;
2015-жылы Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси, Бишкек шаарынын вице-мэри. Ушул эле жылдын октябрь айында "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

"АТА-ЭНЕМ ДАРАК БИР ЖЕРДЕН КӨГӨРӨРҮН ДАЛИЛДЕП КОЮШКАН"
– Фрунзе деген сөздүн өзү эле менде ностальгия жаратат. Себеби Фрунзеде менин алтын балалыгым өткөн. Кооз, тынч шаар болчу.
Ата-энем өмүр бою инженерлик кесипти аркалаган адамдар. Жогорку окуу жайын бүтүп жумушка кирип, ошол жумушунда иштеп жүрүп пенсияга чыгышкан. "Дарак бир жерден көгөрөт" деген макалды девиз кылып алышкандай эле туюлат. Ушунчалык туруктуу болушкан экен. Ошончо жылдар бою эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин иштеп, күнүгө бир жерге каттоо үчүн да чоң эрк керек го.
Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Эжем, мен, сиңдим жана иним. Балалыгымда абдан кыймылдуу элем. Көп кабаттуу үйдө жашачубуз. Короодо 10 подъезд болсо онун тең кыдырып, балдардын баарын чогултуп концерт уюштура берчүмүн. Мектепти болсо "4-5" менен бүттүм, кээде "3" да аралашып кетчү.

"ЮРИДИКАЛЫК БИЛИМ МЕНИ ДЕПУТАТ КЫЛДЫ"
– Жусуп Баласагын атындагы университет анда "Коммунизмдин 50 жылдыгы" деп аталчу. Мен адегенде чет тилдер факультетине тапшырмакчы болгом. Бирок атамдын сунушу менен тарых факультетине тапшырдым.
1996-жылы окууну аяктаганда кыйын күндөр келди. Ал учурда жумуш табылышы кыйын болчу. Жумуш тандаганга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ар түркүн жумуштарда иштедим. Буга катарлаш магистратурада юрист адистиги боюнча билим алдым. Мына ушул кесибим жемиштүү болду окшойт. Себеби бул кесиптин аркасында бүгүн депутат болуп отурам.

"ДЕПУТАТ БОЛОРУМА ЖОЛДОШУМ ИШЕНГЕН ЭМЕС"
– Жогорку Кеңешке эмне үчүн келгенимди, эмне иш жасаарымды так билем. Мен социалдык тармакка басым жасайм. Депутаттык мен үчүн карьера жасоонун жолу эмес. Бул мага берилген мүмкүнчүлүк. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элдин жашоосун жакшыртуу негизги милдетим.
Депутаттыкка келгеним боюнча айтсам, 2010-жылы Өмүрбек Бабановду жакындан тааныган адамдар сунуш киргизишкен. Адегенде талапкерлигимди коюу боюнча жолдошум Нурлан менен кеңешкем. Ал өзү хирург. Жолдошум оюмду толугу менен колдоп берди. Чынында, менин депутат болушума ишенген эмес, бирок мен мандат алдым. Кийин 2011-жылы башка жумушка иштөөгө сунуш түшүп, өз каалоом менен мандатты тапшырып бергем.

"АКИМ БОЛУП ТУРГАН КЕЗИМДЕ ЫЙЛАГАН КҮНДӨР БОЛГОН"
– Андан соң Ленин райондук администрациясын жетектеп калдым. Ачыгын айтайын, ошого чейин мен жаңы конуштардагы жашоо тууралуу эч нерсе билбептирмин. Эмнегедир эле бардык шарттар бардай туюлчу. Көйгөй толтура экен. Жардам бергиң келет. Райондук бюджеттеги акча эч нерсеге жетпейт. Жаңыдан иштеп баштаганда кыйналып жашаган кээ бир адамдарды көрүп ыйлаган күндөрүм да болгон. Колумдан келишинче иштедим. Мисалы, Арча-Бешик конушундагы бир нече жолдордун асфальтталганына менин да салымым бар. Ошол кезде мэр Иса Шейшенкулович эмес беле, бир командада иштеп жакшы жыйынтык көргөзө алганбыз. "Ош базарын" иретке келтирүүдө көп кыйынчылыктар менен жакшы иштерди жүзөгө ашырдык. Базарды тартипке келтирем деп ошол жерде баш аламан отурган соодагерлерден далай каргыш уктум. Бирок андайда бир адам эмес, жалпы шаардыктардын жашоосун жакшыртуу негизги максат болгон.

"КЫЗЫМДЫН КЫЯЛ-ЖОРУГУ МЕНИКИНЕ ОКШОШ"
– Муниципалдык кызматтарды аркалап жүргөн мезгилде, үйгө келсем балдар уктап жаткан болот. Эртең менен турсам дале уктап жатышат. Бирок кандай болсо да үй-бүлө үчүн убакыт табуу керек.
Жолдошум Нурлан экөөбүз 2003-жылы баш кошконбуз. Ортобузда 12 жаштагы кызыбыз жана 9 жашар уулубуз бар.
Кызым атасына куюп койгондой окшош. Бирок кыял-жоругу мени тарткандай туюлат. Абдан активдүү. Качан көрбө коңшу балдарды чогултуп "тигини кылабыз, муну кылабыз" деп жүргөн болот. Лидерлик сапаты бар.
Уулум үйдүн эркеси. Эркелигин башка жактарда да көрсөтүп коёт. Бир ирет күндөлүгүн карасак "2" деген баа жүрөт. Тапшырмаларын аткарбай жүрө бериптир. Дээрлик 90 барактай тапшырманы аткарууга туура келди. Айла жок, атасы экөөбүз жардамдаштык. Атасы жазып жатса "менин кол жазмама окшоштуруп жаз" деп көзөмөлдөп жатпайбы. Анан "5" алып келиптир. "Демек, атаң-апаң "5" алган турбайбы?" деп тамашаласак, "алтындарым, келгиле, маанайды буза турган нерселер тууралуу сүйлөшпөйбүз" деп күлдүргөн.
Балага эң биринчи ата-эне өзү үлгү. Менин ата-энем бизди ошондой тарбиялаган. Ошол салт менин үй-бүлөмдө уланып жатат. Жакшыны жакшы, жаманды жаман деп атап, турмуштук реалдуулук менен тарбиялайбыз.

– Жанна д'Арк, Курманжан датка, Индира Ганди, Маргарет Тэтчер, Хиллари Клинтон... бул тизмеге дагы кимди кошмоксуз?
– Роза Отунбаеваны жана Пакистандын биринчи аял премьер-министри Беназир Бхуттону.

– Коомдук унаада жол кире баасы канча?
– Маршруттук таксиде 10 сом, троллейбуста 8 сом.

– Акыркы ирет кимден гүл алдыңыз?
– Вице-спикер болуп шайланганда ал кездеги спикер Асылбек Жээнбеков гүл берген болчу.

– Китеп окуйсузбу?
– Ооба, жакында "Шантарам" деген китепти окудум.

– Акыл-эсти калыптандырып, азыктандырып туруу үчүн эмнелерди жасайсыз?
– Балдардын тапшырма катары берилген ырларын аларга кошулуп жаттайм. Күнүгө бирден ыр жаттап туруу мээни чыңалтат. Угушума караганда, Альцгеймер оорусунун да алдын алат.

– Ойлонгондо, түш көргөндө кайсы тилде көрөсүз? Кыргызчабы, орусчабы?
– Тилекке каршы, орусча.

– Убакыт табылса эмнени үйрөнгүңүз келет?
– Сүрөт тартканды билбейм. Убакыт болсо, жаратылыштын кооздугун кагазга түшүргөндү үйрөнмөкмүн.

"Бул сүрөттө жоош кыздай көрүнүп калгам. Чынында, өтө эле активдүү болчумун".

"Биз классикалык үй-бүлөбүз. Балдарды жакшыны жакшы, жаманды жаман деп айтып тарбиялайбыз".

Мирлан Өмүралиев
Адилет Бектуров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан