ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Кандай таттуу жолугушуу, кандай кызык баарлашуу болбосун ал сөзсүз аяктайт. Жолугушуу аякташы үчүн болбогон эле шылтоо керек.
– Саат 11 болуп калыптыр. Үйгө барышым керек,- кыз кол саатын карап алды. "Кетели" деген ишарат болчу. Жанар айттырбай түшүндү. Экөө сыртка чыгышты. Жамгыр басылып калыптыр. Жигит көктү карап, түнөрүп турган асманды карады.
– Билесиңби, Кыргызстандын асманындай асман бир да жерде жок. Туптунук, көпкөк, таптаза.
– Кыргызстандын асманы дечи. Асман баарына бир эле го?
– Жок, Кыргызстандын, Бишкектин асманы өзгөчө. Чоң шаарлар асманды тоготпой калышкан. Алар мен (!) дей беришет. Адамдары да ошондой. Балким, ошон үчүн алардын асманы биздикине окшошпойт. А биздин Бишкек жөнөкөй, боорукер шаар. Ошон үчүн анын асманы көпкөк.
– Сен философ болуп кеттиң.
– Сагынганда ушинтип калабыз.
– Сагынсаң кетип кал да.
– Кетем, сөзсүз кетем. Бирок сени менен.
Кыз унаасына түшөйүн деп жатып жигитти бир карап алды. Ал аны от жанып турган көздөрү менен карап турган экен.
– Cен эртең телефон чаласыңбы?- кыз сурабай коё албады. Эмнегедир ал Жанарды кайра көргүсү келди.
– Сөзсүз!

ххх

Кыз үйүнө кубанычтуу келди. Маржан кызынын мындай бактылуу жылмаюусун көргөн эмес.
– Менин ханбийкемдин маанайы сонун го. Бирөөнү сүйүп калганбы?
– Балким...
– Ким ал? Тимурбу?- Маржандын чыдамы түтпөй сурап жиберди.
– Жок, а эмнеге Тимур болушу керек?
– Жакшы жигит го.
– Жок, Тимур эмес. Ал жөн эле мага мугалим, дос. Болду.
– Жакшылап көз салып көр. Мыкты жигит. Атаңа да жагат.
– Койчу, апа!- кыз эркелеп жылмайып койду.
– Келгиле, чогуу отуруп чай ичеличи! Жумуштан бошобой жүрүп бири-бирибизди көрбөй да калдык,- ашканадан атасынын үнү чыкты. Аздан соң ашканага кирип келген кызынын маңдайынан өпкөн атасы аны бактылуу көздөрү менен тиктеп алды. Ар кайсыны сүйлөшүп, кыйлага чейин чай ичип отурушту. Капыстан кыздын оюна бир нерсе келди.
– Мен силердин кызыңар болбошум мүмкүнбү?
– Апаңдыкы болбошуң мүмкүн. Бирок менин кызымсың, кепилдик берем,- Мурат кызынын сөзүн тамашага бурду.
– Билесиңерби, силер мага эң сонун ата-энесиңер. Силердин мээримиңердин аркасында адам болдум. Силерди чексиз жакшы көрөм. Бирок мен башкалардын кызы болушум мүмкүн окшойт.
– Бул эмне дегениң?
– Менин башымда толтура табышмактар бар. Биринин да жандырмагы табыла элек. Бирок мен бүгүн бир адамга жолуктум. Ал мени Аруукесиң деп ишендирип жатат. Ата-апа, силерден эч нерсени жашыргым келген жок. Жашырсам силерге чыккынчылык кылган болом. Мен Жаннамын, Джимин деп жатам. Бирок бүгүн мен жолуккан адамды мурда да көрүптүрмүн. Мен эч нерсени эстей алчу эмесмин. Бирок Жанарды мурда көргөнүмдү даана эстедим. Анын жүзү мага абдан тааныш. Айрыкча жамгыр алдында турган элеси мээмде сакталып калыптыр. А Жанар кыргызстандык. Кыргызстандык жигитти мен өмүр бою Москвада өссөм, кантип көрмөк элем?
Эң башкысы, Жанар мага куюп койгондой окшош кызды Кыргызстанда жерге берип келгенин айтып жатат. Балким...
– Токтот!- Маржан кыйкырып жиберди. Мууну калчылдап чыкты.
– Менин кызымсың. Түшүндүңбү, менин кызымсың! Бир жолу өлгөнсүң! Баңги болуп, тирүүнүн өлүгүнө айлангансың. Дагы бир өлдүң, ажал менен жетелешип баратып эле кайра кайттың. Атаң экөөбүз Кудайга жалынып-жалбарып жүрүп тирилтип алганбыз. Сени дагы бир жолу жоготкум келбейт. Түшүндүңбү?! Биз жок болуп кетебиз!
– Бирок, апа...
– Жанночка, алтыным! Сени азгырып баңги кылышкан. Эми капкайдагы Кыргызстандан келген бирөө башка кызсың деп ишендирип жатат. Ал калпычы! Сен бизди ойло. Баягыдай дагы баңги кылып салышса, же сенин эч нерсени эстей албаган абалыңды пайдаланып жаткан бирөө болсочу? Суранам, Джи, анте көрбө?! Атаң экөөбүз далай эле азап тарттык. Бизди да ая!- Маржан ыйлап жиберди.
Мурат үн каткан жок. Ал өзү сөзгө сараң болчу. Качан башындагы ою бышып жетилгенде гана тилине эркиндик берчү. Бул анын эң мыкты сапаты эле. Бул ирет да кызын угуп отуруп ашыкча сөз чыгарган жок.
– Кандай болсо да мен силерди чексиз жакшы көрөм. Кечирип койчу, апа! Бирок биз акыры чындык менен бет келип калышыбыз толук мүмкүн го.
– Кызым, сен өз бөлмөңө бара бер,- Мурат кызына сүйлөдү. Жанна ата-энесин бетинен сүйүп бөлмөсүнө кирип кетти.
– Мурат, бир нерсе кылышың керек. Ал кыргызстандык баланы жогот!

ххх

– Жанар, кандайсың?
– Жакшы. Сизди өзү биринчи чалат деп күтпөптүрмүн.
– Маанайым жок. Жолуккум келип жатат. Кайдасың?
– Машыгуучу залдамын.
– Сен дарегиңди айт, унаам менен бара калам.
Жанар дарегин айтты. Кыз зуулдата унаасын айдап барып, спорттук сумкасын көтөргөн Жанарды тосуп алды.
– Бирөө таарынттыбы?
– Бирөө таарынтса эмне кыласың?
– Көрсөтчү, ким?- жигит кабак бүркөдү.
– Балким, тагдыр, жазмыш... Же Кудай?
– Аа, алардын алдында мен алсызмын. Балким, мага бир хулиганды же сага тийишкен бир адамды айтсаң, мен анын тишин күбүп коё алмакмын. А Кудайдын, тагдырдын, жазмыштын алдында эч нерсе кыла албайм. Тагдырды кабыл алыш гана керек.
– Жок, күрөшүш керек! Өзгөртүш керек! Майнап чыкпай калышы мүмкүн. Бирок күрөшкөн, кызыкчылыкты коргогон ушундай ырахаттуу нерсе. Күрөштө, аракетте гана жашап жатканыңды сезесиң!
Экөө бири-бирин жылмая карап алышты. Алардын баарлашуусу ушунчалык жеңил жүрүп кетип жатканына ичтеринен экөө тең таң калып бүтө элек.

ххх

– Демек, ушул жигит экен да? Болбогон бир спортчу. Ой, кызда-ар, мынча жиндисиңер?!- чачын сылай тарап, тыкан кийинген Тимур алыста Джинин унаасына түшүп бараткан жигитти көрүп сүйлөндү да, телефонун алып чыкты...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
osh0892
2016-05-30 15:21:37
Күтүп эле жатмай биринчи күндү. Ай караган текедей дечү беле.
+2
Aisuluu160790
2016-05-30 16:02:32
кызыктын баары алдыда
0
Koenek93
2016-05-30 18:06:23
дагы эмне болуп кетет экен эми, ата-энесине айтпай эле койбоду да Жанарды(((
0
snegurochka11
2016-05-30 21:22:32
Уфффф....Эми Жанар өлүп калбаса эле
0
aika2015
2016-05-30 21:59:09
жанагыда билесинерби Жанар досу менен урушуп кеткенде Арууке экоону сабап салды эле Арууке эсин жоготуп...эгерде Жанарды Джинин козунчо сабаса дагы бир нерсе эстейт
0
baha-1283
2016-05-30 22:25:54
Мен акыргы
-1
japardos
2016-05-30 23:55:14
Мен акыркы
-1
japardos
2016-05-30 23:57:23
Ушул чыгарманы мурда да окусам керек
-1
dastan96
2016-05-31 14:44:37
dg
0
koionik
2016-05-31 20:55:55
Эх дагы бир жума
0
nurian
2016-06-01 10:04:58
Kim kitepti tapsa aityp koigulachy kaierde sataryn izdep kordum jok boltat.
0
Agu93
2016-06-01 11:15:30
Уфф эми качан эстейт
0
taiir000
2016-06-02 14:17:08
Башынан окуп отуруп бир ыйлап бир суйунуп кеттим. Аруштун ордуна суйгонум койуп жанардын ордуна озумду мен ойлоп жатам олду деп комгон кыз Арууке эмес Джи а Джинин ордунда Аруууку кыз айтып тырго бошым да шишик бар экен деп ошонон билсек болот бирок Жанар Арууукенин кантипооруганын ббилбейтт эле да туурабы акыры жакшы болсунда жанар аман болсо эстетеер журогум сыгылып баратат качааааан дуйшомбу болот тезиррреек элее жаны санын жазып чыгарышса болмок бир жуумаа куто берип козум 4 эмес сегиз болду
0
Aisuluu160790
2016-06-05 12:01:58
джинин атасы эми жанарды олтуруп койбосо экен бирок Жанар тируу калса керек достор. Ушул сериял буткончо журогум сыгылып бутот окшойт
0
nur1975
2016-06-06 08:51:18
жаны сериясын кутмой даагы
0
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан