ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Эки адам жакалашып, үчүнчүсү ажырата албай жатыптыр. Көрсө, бирөөсүнүн акчасы жоголгон экен. Ошону сен алдың, мен алдым болуп жатышыптыр. Саат 12ни чамалап калган, Ай да көрүнбөйт, капкараңгы, бул жерге күнү-түнү адам тынбай келип кетет экен. Кетейин деп баштыгымды карасам жок, бирөө уурдап кеткен окшойт. Дагы жакшы, бычакты башыма жазданып жаткан жаздыктын түбүнө бекитип койгон элем. Чыгып чоң көчө менен ылдыйды көздөй жөнөдүм. Бир аз баскандан кийин сууну бойлоп жол кетет эле, 20 мүнөт жүргөн соң көпүрө бар, андан суу 300 метрден өтүп мен бара турган үйдүн короосуна кирип кетет. Бир чоң дарак бар эле, ошону болжолдоп, караңгыда ошол дарактын түбүндө күтүп отурдум. Бул жерде күндүз ысык болгону менен, түнкүсүн өтө эле суук болуп кетет экен. Жылуураак кийинбесең үшүйсүң.
Эми мындан ары менин тагдырым өзүмдүн гана колумда эле, кайра кетип калсамбы деп да ойлондум. Дагы 15 мүнөттөй бар, мени так саат 1де кир деген да короого. 3 мүнөттө короонун бурчуна жетем, 30 метр баскандан кийин тешик болот. Тешиктен кирип бак менен оң тарапты көздөй 135 градус менен басышым керек. Түз барсам тигилердин айтымында эч кандай адамдарга кабылбайм. Кантип эле ушундай чоң жолдун боюн эч ким карабасын деп ойлоном өзүмчө, бирок мени алдабашы керек эле. Алдап эмне кылмак мени, өздөрү кызыкдар да. Суунун жээги калың бийик өскөн чөп экен, ошону аралап короого жеттим да, ичине кирдим. Жүрөгүм кабынан чыгып кетейин деп дүкүлдөйт. Тобокел кылып айтылган багыт боюнча жөнөдүм. Бак калың экен, атайын токойго окшотоюн дегенби, баш аламан, туш келди кылып эге бериптир. Сууга оңой эле жеттим, суунун боюнда чоң таш болуш керек эле, таппай койдум. Оң жакты 100 метрдей жер менен сойлоп барып карадым, сол жакты да карадым, жок. Убакыт боюнча аскерди таап калышым керек эле, эмне кылышты билбей турсам, үстүмдөн бир добуш чыгып кичине лампочканын жарыгы чыкты. Эмне экенин түшүнбөдүм, колума бычакты кармап алган элем, дымып бычакты даярдап кыймылдабай жатып калдым. Кичине мотордун иштеп жатканындай дабыш үстүмө келип 1-2 секунддай турду да, жаныма келип үнү чыкпай калды. Колумдагы бычак вибрация болду эле чочуп кеттим, ал жөнүндө эсимден чыгып кетиптир. Темирин бурасам, мени даярдаган адам экен:
– Жогору кетип калдың, суунун агымы менен ылдыйга 120 метр бас, убагынан кечигип жатасың, тезирээк. Дрон жөнөттүк, жаныңда конуп турат, коркпо, ал сени коргойт, ошонун артынан бара бер,- деди.
Эмне кылып жатканымды көрүп турушуптур, жанагы үн дрон чымчыктын үнү экен да. Уккам, бирок ишенбеген элем, "канатын күүлөп чымчыктай эле учат, дарактардын бутагына, ток өткөн зымдарга конот" десе. Араң байкалган жарыгын жагып алып, ордунан тик 2 метрдей көтөрүлдү да, кадимки чымчыктардай канат күүлөп учуп кетти. Мен сойлоп артынан жөнөдүм. Чымчык бир жакка учуп кетет, кайра пайда болуп калат, ташты таптым, эми ошол таштан 20 метрдей дагы жүрсөм аскерге жетмекмин.
 Акыры жеттим, мени күтүп отурган экен, караңгыда өңүн көрбөдүм. Учурашсам колдору муздак, тимеле кышында тоңот го кол, ошондой болуп муздап калыптыр. Кийими суу, күндүз сууда отурган го. Тартып жатып араң чыгарып алдым, өзү чыкканга аракет да кылбады. Орто бойлуу, арыгыраак келген адам экен. Эмнеге жардамдашпайт дейм, көрсө, бир буту санынан сыныптыр. Араң эле кыймылдайт же сүйлөй албайт, үшүгөнгөбү же ооругангабы. Денеси от менен жалын тимеле, калчылдап-титирейт. Таблетка менен порошокту эстеп калып бердим эле, таблетканын экөөсүн ичти окшойт, бир аздан кийин өзүнө келди. Титирегени басылып, дем алганы жакшы болуп калды. Порошокту ачты да, кичине сууга аралаштырып бетине, моюнуна, бүт денесине сүртүп чыкты.
– Бол тез, бул жерден кетишибиз керек,- шашпай отурганына жиним келип кетти.
– Жарда рюкзак, автомат бар, алып алыш керек,- үшүгөнгөбү үнү дирилдеп чыкты.
Жаным чыгып кетти, өзү өлө албай жатып баштыгына балээ барбы:
– Чыгарыбыз менен бизди машина алып кетет, автоматты, баштыкты эмне кыласың? Бул жерден тезирээк чыгып кетишибиз керек, тур.
– Автомат калса да баштыкты алып албасак болбойт, өтө керектүү нерсе бар. Ансыз кетпейм,- деп көгөрүп туруп алды. Сөгүнүп алдым, өзүм коркуп, эптеп чыгып кетиштин айласын кылып жатсам бул акмактын кылганын.
– Баштыгың каерде?
– Жарда, түшсөң эле табасың, камыштын арасында.
Жарга түшсөм 2 метрдей суу тийбей турган жер бар экен, бечара ошол жерде камыштарды жамынып алып отурган окшойт. Камыштын арасын тытмалап жатып баштык менен автоматты таптым.
– Автоматты суунун ортосуна ыргытып жибер, эч ким таап албашы керек,- дирилдеген үнү менен кеңеш берип коёт, ыргытып жибердим.
Рюкзак 5-6 килодой чыгат.
Алып чыгып желкеме илдим да, аскерди колтуктап чөптү аралап суунун агымы менен ылдый кеттик. Камыштар бийик өскөндүктөн бизди эч ким көрмөк эмес, камыштардын шуудураганын суунун шаркырап акканы угузбайт эле. Дрон чымчык жаныбызда учуп жүрөт, алдыга учуп кетет, кайра жаныбызда пайда болуп калат. Бизди караңгыда кантип көрөт деп коём өзүмчө, 300 метрдей жүргөндөн кийин сол жакка бактын ичине кирип, бак менен кетиш керек эле, аскерди жерге отургуздум:
– Сойлой аласыңбы?
– Ооба.
– Жолдун наркы бетине өтүп бакка кирип кетишибиз керек.
– Кеттик.
Аны алдыга салып өзүм артынан сойлоп өтүп кеттик.
Бакка киргенден кийин сол жакка 80 градус менен 400 метрдей барсак тешикке жетмекпиз. Убакыттан 20 мүнөткө кечигип жаттык, тезирээк кетиш керек эле, аскердин басышы менен дагы кечикмекпиз. Рюкзакты анын желкесине илдим да, өзүн көтөрүп алып жөнөдүм. Дрон жаныбызда жүрөт, ошонун артынан баратам, корккондо күч пайда болот экен, аскердин оордугу деле сезилген жок. Тешикке туура чыккан экенбиз, өттүк да, жолду бойлоп коргондун түбү менен жол тарттык. Машина өтүп калбаса экен деп ичимден кудайлайм, эгер өтүп калса бизди даана көрмөк. Кача турган жер жок эле...

(Уландысы кийинки санда)

 

Субан Жуманалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Ulan_eshbaev87
2016-05-30 09:28:08
Кызыгы эми башталдыго. Супер кобуроок жазгылачы кызык жерине келгенде бутуруп койбой
+2
bolotbek91
2016-05-30 09:46:25
Кызыктуу кино эле болтат
+1
jalguzum
2016-05-30 10:50:05
Озум ошол жерде жургондой журогум дукулдоп титиреп окудумго. Жакшы чыгарма экен
+2
belka
2016-05-30 13:06:17
Ууух аба жетишпей калды.
+1
bagira77
2016-05-30 19:05:44
Уууух ... дагы бииир жумаааааа
+1
snegurochka11
2016-05-30 21:33:37
Сериалдар ааааздан чыгып эле тажатты го,же окубай кое албай...
+3
dobrajelatel
2016-05-30 22:47:01
Озгочо чыгарма
+1
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан