НУРЗАТ МЕНЕН МАКСАТТАН СУПЕР ТОЙ

"Заманыбыздын супер алып баруучусу" Нурзат Токтосунова менен жолдошу Максат Надырбековдун үйлөнүү тою 23-май күнү борборубуздагы ресторандардын биринде болуп өттү. 400 кишинин башын бириктирген салтанаттын 80 пайызын ырчы-чоорчулар түздү. Кызыгы, тамадалык милдетти Максат өзү аркалады. Бул той жылдын тою наамына татыктуу болду. Бүгүнкү күнгө чейин Фейсбук менен Инстаграмды тойдогу селфи сүрөттөр, видеолор каптоодо.

БЛИЦ-МАЕК

– Максат, Нурзат, той кут болсун! Айтсаңыздар, бул салтанатка канча убакыт даярдандыңар?
Максат: – Рахмат! Канча даярданганыбызды деле билбейм. Айтор, жакындаган сайын эле толкунданып, эмне кыларыңды билбей калат экенсиң. Көп той алып барып жүрөбүз, бирок мынчалык кыйын экенин билген эмеспиз. Той ээсин эми түшүнүп жатабыз, той өткөргөндөн көрө, алып барган жеңил экен.
Нурзат: – Чын эле, мен эми "коноктордун тизмесин түзгөнгө жетишпей калдым" деген той ээлерин түшүндүм. Биз 15 жардамчыбыз туруп араң жетиштик. Негизи, коноктордун тизмесин түзүп, кабар берүү жумушу мага жүктөлгөн болчу. Чакыруу кагаздарын өзүм алып барып бердим, жетишпей калгандарга WhatsApp аркылуу жибердим. Баары түшүнүү менен кабыл алды. Эч кимиси таарынбады деп ойлойм.

– Тойдон кийин бал айын кайдан өткөрөлү деп жатасыңар?
Максат: – Түркияга, Ысык-Көлгө чакыруулар болгон. Бирок бизде такыр убакыт жок болуп, эч жакка бара албай жатабыз. Эми эптеп убакыт таап, менин туулган айылым Ак-Талаа районунун Баетов айылына барып, бал айын өткөрүп келели деп жатабыз.

Эки жашты ак жоолукчан 6 жеңе – ырчылар Неля, Анжелика, Гүлнур Асанова, Нена, Юлия Руцкая, Кайрат Примбердиевдин келинчеги Эльвира Бегалиева «Жар-жар» ыры менен алып киришти.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, диктор Байма Сутенова, акын Гүлсайра Момунова тойдун сыйлуу коноктору болушту.

Айжан Акылбекованы тойлордон кєп жолуктурчу эмес элек. Актриса шаңдуу кечеде көпкө отурбаса да, эки жашты куттуктап кетти.


Максаттын апасы келинине ак жоолук салып, Нурзаттай келиндүү болгонуна кубанып турганын айтса, эрке кызын узаткан эне көзүнө жаш алды. Ал эми Максат тараптан өкүл ата, өкүл апа болуп шайланган стилист Замира Молдошева менен жолдошу Моңолдор мырза даяр уул-кыздуу болгонуна кубанып турушту.


Асел айым кыргыз, орус тилдеринде сүйүү ырларын жаңыртып, эки жашты бийлетти.


Алып баруучу кесиптештеринин жылуу каалоо-тилектерине көмүлүп эле калды. Эрмек Нурбаев «менде эже да, карындаш да жок, алардын ордун баскан эжем, карындашым сенсиң» десе, Урмат Усенов «Нурзатты өмүрлүк жубай кылып алып жаткан Максат, эркек экенсиң» деди.


Телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков жентльмендигин көрсөтүп тойго чогуу келген апасынын да, Гүлнур Сатылганованын да көңүлүн алганга жетишип жатты.


Бул күн маданият тармагында эмгектенгендер үчүн майрам болду. Селфилдешти, бийлешти, ырдашты, ушакташты, кыскасын айтканда, чер жазышты.


Нурлан Насиптин той-аштарга чакыруусу көптүгүн ушундан билиңиз, кесиптештеринин тойлорунда куттуктап, ырдап коюп эле акырын чыгып кетет. Бул жолу да салтты бузган жок.


Тамашоучу Самат Эркинбеков, Кубанычбек Курманбеков жубайлары менен. Ушундай тойдон селфи жасабай коюу күнөө.


Салима Балтаева кеченин кыйын бийчиси саналган Кубаныч Ажыбаевдин эсин оодаргыча бийледи.


Дайыр сулуу кыздардын курчоосунда ой-да жыргады.


5 саатка созулган үлпөт той Нурзаттын гүл ыргытуусу менен аяктады. Гүлдү алып баруучунун курбусу тосуп алды.









Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров,
Кулчун Жунушалиев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сюрприздерге бай Максат менен Нурзаттын үлпөт тою
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (61)
sakulai
2016-05-31 01:40:29
Чын эле сонун той болгон го озгочо мага жакты ,,бактылуу болушсун Эми жарашыктуу эле тугойлордон экен. Койнокторду деле сопсонун коро албагандар айта берет,негизи экоо тен Эркин жургону мага жакты.
Гульжигиттин девушкасы Великолепный вектеги Нурбану га окшош экен и башындагысы ...
+1
kutmanbek80
2016-05-31 02:18:20
Бактылуу болгула баш кошкон эки жаш таалайлуу болгула табышкан эки жаш
+2
tabyshmak
2016-05-31 10:24:34
Тескери ою жок адам жашоодо бактылуу омур суруусун Кудайдан тилеп, жакшылыгына бир канча адамды кубо кылып, элдин батасын алып, келечекке умут менен кадам таштайт. Азаматсынар жубайлар! Бактылуу болгула! Бул жактан айтылган ар кандай сын-пикирлер силердин уй-булонорду жакшылык менен алга суройт деген ишеничтемин...
+1
zhalyn13
2016-05-31 12:20:16
Чындап эле супер той болуптур,Эми озунор да супер жубайлар болуп журо бергиле....
+1
chynara2016
2016-05-31 13:17:42
Бактылуу болсун! талантын баалайм ,аракетчил мыкты Эже!
+1
tabyshmak
2016-05-31 16:11:41
Улпот тою тартылган видео тасманы (толук болбосо да аралатып) эми кордум. Той сонун болуптур. Бир кошунан уйго келсе канчалык туйшолосун. Бир топ конокту чакырып, аларга аш берип, элдин батасын алуу да оной эмес, бир топ туйшук. Андыктан, ошол тойдо жубайларга жакшылык тилеп, алакан жайып, бата кылган коноктордун батасы тийип, эки жаш бактылуу жашасын. Булардын уй-булосун сонун наристелер толуктасын. Тойду коргондон кийин дагы бир жолу билдируу жазгым келди. Бактылуу болгула!
0
oilonchu92
2016-05-31 21:28:52
эмнеси болсо да бактылуу болсун....кыз кишиге бакыт каалайм..и эркеке дагы
0
Nadyrbekkg
2016-05-31 23:33:31
Чырмаш Төрөбековтон дагы интервю алыныздарчы.
+1
admin_superstan
2016-06-01 09:45:35
Nadyrbekkg,саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
argen.kg4
2016-06-01 17:57:55
Ысырапкерчилик.
Мейли эми бактылуу болсонор болду,кийин дагы свадьба кылбай.
+2
Aikazat
2016-06-01 20:31:18
Нурзаттын боюнда бар окшойт эээ
+2
nelli
2016-06-02 17:59:20
Бакыт каалайм.

Тата Уландан бир интервью алгылачы Супер инфо.
-1
Toktobek1981
2016-06-02 21:08:43
Нурзат эми тенин тааптыр бактылуу бол
0
byityk
2016-06-03 13:54:57
3 жолу, турмуш жолуна аттанып жатат, эми буйруса бактылуу болуп, туболук жашап калаар. Бактылуу болушсун!!!
0
Afina
2016-06-03 19:08:16
жараткан баардык жакшылыкты ыроолосун! эки дуйнодо бирге, бактылуу омур сургуло)))
0
admin_superstan
2016-06-06 10:28:21
wwwww, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! 3 күнгө БАН!
0
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан