БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

ЭЛИЗА ТАШБАЕВА
Жашы – 19
Параметри – 91-68-93
Бою – 166 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Учурда – КУУнун педагогика факультетинде 2-курста окуйт
"Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионумун"

– Элиза, спорт менен дос экениңди айтып калдың...
– Ооба, 5 жылдан бери спорт менен жакын досмун. Башында дзюдо менен машыксам, 3 жылдан бери бокс менен алектенем. 54 килограмм салмакта бокс боюнча кыздар арасында Кыргызстандын чемпионумун. Ошондой эле акробатикага окшоп кеткен, таяк менен бийлөөчү "pole dance" бийи менен машыгам.

– Сынакта эң эле болбоду дегенде канчанчы орунду алгың келет?
– Мисалы, мен спортто таяк жейм, бетим көгөрөт, үйдө айлап жатып калган күндөрүм болот. Мелдештерде дайыма өжөрлүгүм менен жеңишке жетишип келгем. Сулуулар сынагында финалга чыксам экинчи же үчүнчү орунга канааттанбайм, спорттогудай эле бардык жерде биринчи болушум керек. Ошон үчүн жеңишти илип кетүүгө болгон аракетимди жумшайм.



НУРИЗА АКБАРАЛИ КЫЗЫ
Жашы – 20
Параметри – 85-62-88
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 54 килограмм
Учурда – Тигүү цехинде иштейт
"мыкты дизайнер болгум келет"


– Нуриза, дизайнерликке кызыгат экенсиң...
– Ооба, бир көйнөктү көрсөм ошого окшоштуруп бат эле тигип кийип алам. Келечекте мыкты дизайнер болсом деген тилегим бар. Азыр тигүү цехинде тажрыйба топтоп, жакшы тиккенди да үйрөнүп жатам.

– Сынактан эмнени күтөсүң?
– Эң эле болбоду дегенде финалга чыккым келет. Көпчүлүк сулуулар сынактары таза өтпөйт деп угуп калчумун. "Супер сулуу" сынагы таза өтөрүн билем, андыктан менде өзүмө болгон ишеним чоң.



SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Айпери 89 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Бермет 52 добушка ээ болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
z0lyshk0
2016-05-30 12:03:48
Элиза сынакка катышат экен арыктап албаптыр да бир аз болсо да, салмагы 60, бели 68 дейт го,
0
white_angel
2016-05-30 18:17:34
Акробатикага окшогон пол денс)))) стриптиз деп койбойбу)))
+1
leonar
2016-06-04 11:03:15
white_angel,стриптиз клубдарда бийлешет чечинип, а бул пол дэнс бийдин туру, спорт аябай кыйын
0
Bermet_Kasymova
2016-05-30 18:58:56
Элиза Хуриджиханга окшоп,сулуу экен. Бирок 2чи кызга добуш берем.
+1
nuriza.kdm
2016-05-30 19:31:08
нуриза аябай сулуу кыз экен фигурасыда аябай жакшынакай кыз экен добушум нуризага
+2
luntik96
2016-05-30 21:19:39
Урматту супер инфо,ушундай сынактарга озунордун талапынарды(правиланарды)койбойсунарбы?..Мисалы,ашыкча боенбоо,кыска кийбоо дегендей
+2
Aksy-13
2016-05-31 11:59:55
luntik96,туптуура сулуулар сынагы болгондон кийин чыныгы сулууларды тандоо керек мкияж, боек, кийим менен сулуу болгондор эмес, простой болуп чыкса узуууун деле эмес тизеден ылдый кийип женил боенуп
0
leonar
2016-06-04 11:07:33
luntik96 анда кыргызстан дуйно сулуулук конкурстарына чыга алышпайт, эгер бизде конкурсту узун кийип, боенбой чыгарса, анда кыргызстан ичинде эле отот бул конкурс, аны откоруп не кереги бар, негизи бул конкурстарды откоруу ошол дуйнолук сыйлыктарды женип алуу максатында
0
asylbekova
2016-05-30 23:40:50
Элиза жакты.
0
tim11ai
2016-05-31 09:33:25
Элиза жакты
0
Bahira
2016-05-31 11:33:34
Боёнбогон сулуу кыздар азда тилекке каршы,Бишкекте айрыкча баары фальшиваялар
0
Aikan1966
2016-05-31 11:52:14
Элиза жакты,ийгилик!
0
Davlet1994
2016-05-31 17:11:40
Бали аралы мейлиго барып келгенден кийин Бейишпи же тозокпу?
0
boze
2016-06-02 20:28:27
Ушу исламчылар окубай эле койгула да газета, ал да арам. Отуруп алып узун кий коп боенбо деп кыйынсынбай. Сулуулар конкурсу ушундсй болот да боенуш керек кийиниш керек.
+2
lenovo820
2016-06-03 00:25:44
Nuriza alga
0
lenovo820
2016-06-03 00:25:57
Nuriza alga
0
nurjamal.008
2016-06-03 13:22:20
Нуризага добуш берем...фигурасы жакшынакай экен
0
kyzburak87
2016-06-04 14:51:26
Нуризага 100 %добушумду берем
-1
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан