Айзада Жамгырчиева, телеалпаруучу: "МЕНИ СЫНДЫРА АЛБАЙ ЖҮРГӨНДӨР КӨП”

Акыркы учурларда теледен, жарнамалык түрмөктөрдөн такай көрүнүп жүргөн бир чырайлуу бийкеч бар. Анын алпаруучулук кесипке жаңы кадам таштап, бирин-серин клиптерге, кинолорго тартылып, жаңыдан чыгармачыл чөйрөгө баш багып келе жаткан чагы. Сизди бүгүн кыргыз тилинде так жана жагымдуу сүйлөгөн телеалпаруучу Айзада Жамгырчиева менен тааныштырабыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Кызыл-Октябрь айылы
Туулган жылы – 1995-жыл, 23-август
Билими – КУУнун журналистика факультетинде 4-курста окуйт
Жакшы көргөн китептери – Ник Вуйчич "Чексиз жашоо”, Наполеон Хилл "Ойлон жана байы”
Жакшы көргөн тасмалары – "1+1”, "Титаник"
Учурда – КТРКда "Хит-парад”, "Үй-бүлөлүк лото"берүүсүн, НТС телеканалында "Не жаңылык?"юмордук долбоорун алып барат

– Cалам, Айзада, куш келипсиң! Сени биз телеалпаруучу катары жакшы тааныйбыз, журналисттик кесип эмнеси менен арбап алды?
– Саламатсыздарбы, сиздер маекке чакырганда аябай кубандым, окуучу кезимде "Супер-Инфону"аябай жакшы көрүп окуйт элем. Эски сандарын коробкаларга чогултуп сактап койчумун. Эми ошол жакшы көргөн гезитиме маек берип жатканым мен үчүн сыймык.
Журналист болуп калам деген ой үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Айылда чоң ата, чоң апаларды чогултуп алып шыпыргыны комуз кылып чертип ырдап, бийлеп бергендиктен көбү мени ырчы болот деп ойлошчу. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүп, буйрук экен КУУнун журналистика факультетине тапшырып калдым.

– Мектептеги окууңду аяктап эле шаарга шашкан экенсиң да?
– "Ийгиликтүү адамдар дайыма шашып жүрүшөт"деп айтып калышат. Мен да окуумду бүтүп эле борбор калаага шаштым. Каникулда ата-энеме айтпай тигүү цехинде топчу тигип иштеп тапкан акчамды Нурзат Токтосунованын журналисттер мектебинде окууга жумшагам. Мындан сырткары "Тамашоу"менин чоң мектебим болду. Ал жакта 1 жыл "Нур”, 2 жыл "Айым style"командасында ойнодум. Андан кийин мени "Жаңы кыргыздар"юмордук долбооруна МАИчи кыздын ролуна чакырышты. "Тамчыдан көл куралат"дегенге аябай ишенем, меники баары майда нерседен башталды. Нурзат эже (ред. Токтосунова) менен Эрмек байкени (ред. Нурбаев) мага багыт, нук көрсөткөн, булактын көзүн ачкан инсандар деп билем.

– Учурда эки телеканалда иштейт экенсиң...
– Бизде бир телеканалда иштеген адам экинчи телеканалда иштегенге болбойт деген саясат бар эмеспи. Менде андай болгон жок, бир эле учурда эки башка телеканалда иштедим. Балким, мен штаттан сырткары иштегенге ошондой мүмкүнчүлүк берип коюшса керек. Келечекте көрөрман "бах, чиркин, тили бал экен, ташка тамга баскандай так экен"деп суктангандай "даамдуу"сөздөрдү сүйлөгүм келет. Кээде китеп окуп жаңы сөз таап алсам, 50 сом таап алгандай эле сүйүнөм. Биздин үйдө ата-энем чыгармачылыктан такыр алыс адамдар, мен эле искусствого жакын болдум. Өзүмдү кино тармагында да сынап жүрөм. Жакында эле Нурлан Мамакеевдин "Сюрприз"тасмасында чыр айымдын ролун аткардым. Ага кошумча жарнамалык роликтерге тартылдым. Айтор, өзүмдөгү бүт талантымды ачканга аракет кылып жатам.

– Кесибиңде көрө албастык, бут тосуу деген терс көрүнүштөргө кезиктиңби?
– Ийгиликке жетиш үчүн ар кандай тепкичтерден өтөсүң. Ооба, эфирден мени алып таштап, мага төп келбеген жаман сөздөрдү айтып шагымды сындырганга аракет кылышкан. Атаандаштык, көрө албастык адамды өстүрөт, бул нерсе жок болсо катардагы эле адам болуп каласың. Адам жашоодо сынбаса эч качан күчтүү болбойт, адам бардык абалда Жанна д’Арк болушу керек. Мени сындыра албай жүргөндөр көп, бирок аларга айтарым, мен ийилип калышым мүмкүн, бирок сынбайм.

– Сендей таланттуу кыздын жеке жашоосу да окуяларга бай болсо керек?
– Биз, кыздар, төрт тарабы төп келишкен идеалдуу мырзаны издей беребиз, бирок өзүбүз ошол нерсеге төп келгенге аракет кылбайбыз. Адам өзүнө дайыма "мен өзүм ошондой боло аламбы?"деген суроо бериши керек. Жакында эле бир күтүүсүз окуяга кабылдым. Жанымда эле жүргөн жакын дос балам сүйүүсүн билдирип, кыз-жигит бололу деген сунушун киргизди. Албетте, мен аны сыйлайм, урматтайм, бирок такыр жигитимдин ролунда карап көрбөптүрмүн, ичимден кызыктай болуп эле жолугушуудан кийин кантип үйгө жеткенимди билбей калдым. Учурда жүрөгүм бош.

"МАИчи кыздын ролун ойногон өзүмө абдан жакты".

"Кыргыз двор" командасындагы Элдос Аскарбеков мыкты өнөктөш".

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Көк беттигимдин айынан журналистикага тапшырып калгам" дейт Айзада Жамгырчиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
tim11ai
2016-05-31 09:32:25
Азамат экенсиз!
0
SweetLady
2016-05-31 12:04:05
Сонун маек болуптур. Азамат кыз экенсиң. Ушунуңдан жазба. Эң алгач Өктөм Сапар уулунун "Эч кимге теңебейм" деген клибине тартылган болсоң керек эле.
0
amanatym
2016-05-31 14:04:02
уффффффф кимге кереги бар бул кызды сындырыш?!
+1
radyakiz
2016-05-31 23:15:57
Клип парадды алып барып жургондо оозун кыпкызыл кылып боëп чыкчу да коргондо эле ХХХ не кылып боенуп алган деп,анан мумкун ал кезде тажрыйбасы азыраак беле кызыктай суроолорду бере берчу конокторго анан корорманым деген созду коп айтчу да.
+1
Aijash90
2016-06-02 00:12:15
Артык суйлойм деп тыртык кылып таштайткенсин...
+2
Deniza-kyzy
2016-06-02 00:51:12
Азамат.
0
korul.alai001
2016-06-02 02:38:21
Бах чиркин соз жок... аябай жакты ушул кыз...
0
tabyshmak
2016-06-02 10:22:03
Ийгилик!
0
bare
2016-06-02 18:12:05
Татынакай кыз экен
+1
Afina
2016-06-03 17:59:38
чанкылдайт го чиркрин)))) ийгилик каалайм!
0
Afina
2016-06-03 18:12:38
келечектен копту умуттонобуз сизден) ушунунуздан жазбаныз
0
Meliana
2016-06-03 23:55:45
МОЛОДЕЦ ДЕТКА
0
Kyrgyz_KG
2016-06-04 19:17:09
Жакшы кыз экен, эн негизгиси жонокой
0
ZHaziko
2016-06-05 16:26:06
Бул кыз Уйбулолук лотону негизи жакшы алып барат экен. Хит парадта алып барыганы анча эмес, озуну ото философ, билерман акылмандай, жана жасалмадай сезилет. а так жакшы эледей корунот
0
airusa
2016-07-02 13:00:10
Видеосун корбодум,бирок маегинен эле жасалмадай сезилди.Анын устуно алып барган беруулору да жасалма
0
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан