ДРИФТ ЖАРЫШТАР

Унаа жарыштыруу ылдамдык жана адреналин сүйүүчүлөр үчүн. 22-майда "Манас"аэропортунун жанындагы автодромдо автослалом боюнча өлкөнүн Ачык биринчилиги болуп өттү. Мотордун үнү алыска угулуп, дрифттен чыккан түтүн көрүүчүлөрдү кайдигер калтырган жок.

Автослалом
– татаал кылып жасалган жолдо жарышуу же катуу ылдамдыкта манёвр жасоо. Жолго атайын тосмолор (фишка, конустар) коюлуп, бул маршрутту жарышчылар ылдам айдап өтүүсү керек. Автослалом дрифт жарышынын атасы деп айтылат, бирок учурда дүйнө жүзүндө дрифт популярдуу.

25 ЖАРЫШЧЫ АТ САЛЫШТЫ
Мындай жарыштар бардык коопсуздук талаптарга жооп берип, өлкөнүн авто-мото спорт жана жол коопсуздугу федерациясы тарабынан өткөрүлдү. Аталган жарыш "Манас"аэропортунун жанындагы атайын даярдалган автодромдо өтүп, жалпы 25 жарышчы катышты.
"Автослалом союз мезгилинде шаар ичиндеги чукул жана кооптуу бурулуштарды, дегеле кооптуу абалдарга кептелбөө үчүн айдоочулардын тажрыйбаларын жогорулатуу үчүн ойлоп табылган. Акыркы жылдары бул жарыш түрү расмий түрдө автоспорт түрү катары саналат ”,- деп билдирет аталган федерация.

ЭРТЕ КЕЛГЕНИ КИЙИНКИ БАСКЫЧКА ӨТТҮ
Жүздөгөн көрүүчүлөр алдында жарышчылар Субару, Мазда, Ниссан, Хонда жана Порше үлгүсүндөгү унаалары менен өнөрлөрүн тартуулашты. Жарыш жолу кыска болгону менен, катышуучуларга аны эки жолудан айлануусу керектелди. Жарышка эки унаа чыгып, ким утулса мелдештен четтей берди (плей-офф системи). Убактысы эрте жана маршрутту туура өткөн спортчу жеңүүчү аталып, кийинки баскычка чыгып отурду.

УНААНЫН БАРДЫК ШЫГЫН БИЛҮҮ КЕРЕК
Өтө тик бурулуштардагы дрифт, унаалардын өзгөчө кайрылуулары, фишкаларды алды менен да, арты менен да айланып өтүү... Мунун бардыгы жарышчыны гана эмес, көрүүчүлөрдү да адреналинге бөлөп жатты.
Бул спортто айдоочунун тажрыйбасы өтө жогору болуп, унаа башкарууну бир дагы секунд жоготпоосу керек. Ошондой эле өз унааңдын бардык "чыргоолугун"жана "шыктарын"билүү кажет. Кичинекей эле мүчүлүштүккө жол берилсе, коркунучка кептелдиң дей бер.
Дрифтке заводдон чыккан унаалардан (эч өзгөртүлбөгөн) тарта кошумча өзгөрүүлөргө кабылган (күчтүү мотор коюлган жана башка) унаалар катыша берет. Жарышчыга коопсуздук курун курчанып, шлем кийүүсү жетиштүү.

ДРИФТ СЫРЛАРЫ
Мындай мелдешке катышуу үчүн жарышчылар төмөнкү сырлары менен бөлүшүп өтүштү:

МАЗДА ЭЧ КИМДИ АЛДЫГА ЧЫГАРГАН ЖОК
Жарыштар уламдан улам кызыгына келип, финалдык жарыштарга орун берилди. "Монопривод"бөлүгүндө Мазда RX8 үлгүсүндөгү унааны башкарган Рамиль Гатаулин жеңүүчү аталса, "толук"бөлүгүндө Субару Импрезасы менен Санжар Гусенов биринчиликти багындырды.
"Жарыштагы эң негизги коркунуч – бул толкундоону басып, жарышка чыгууга белсенүү. Бир жолу катышып алсаң, экинчисине сөзсүз катышасың. Мен 3 жылдан бери жарыштарга катышып келем, бирок ушул күнгө чейин ири жеңиштерге жетише элек болчумун. Бүгүн мени ийгилик коштоп, "досум"ката кетирген жок. Жыл сайын өлкөбүздө автоспорттун деңгээли жогорулап жатканы байкалат”,- деп кубанычы менен бөлүштү Рамиль Гатаулин.

Ээсине жеңиш алып келген Мазда RX8.

Байгелүү орундарга илинген жарышчылардын кубанычында чек жок.

Жарыш трассасы кыска болгондуктан спортчулар эки жолудан айланып өтүштү.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан