«ЫРЫҢДЫ УГУП, КАРААНЫҢА ЖАЛЫНАМ...»

Күйөрмандар айылында

Махабат майрамына карата «Супер-Инфо» гезити, «Түнкү Белес» радиосу менен «Нeaven Grand» түнкү клубу «Ашыктыктын алты түнү» деп аталган долбоор уюштурган. Бул тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, анда кеттик.

10-февраль күнү популярдуу ырчы Мирбек Атабеков менен көпчүлүктөн өзгөчөлөнгөн Каныкей “Түнкү Белес” радиосунун түз эфиринде болушту. Анда ырчылар өздөрүнө жөнөтүлгөн көптөгөн сүйүү каттарынын арасынан жакканын тандашты. Мирбек үч бийкечтин, Каныкей үч мырзанын сүйүү катын жактырышты. “Укмуштуудай таттуу сүйүү сөздөрүн терип, сезимин билдирген адамдар ким болду экен?” дешип Мирбек менен Каныкей чыдамсыздык менен кийинки күндү күтүштү. 11-февралда жылдыздар СМС каттардын ээлери менен түнкү клубда кезигишти.
Эки ырчы өздөрүнүн фанаттары менен жакындан таанышып, “таанышканыбыз үчүн” деп бокал кагышышты. Кыздар Мирбектен көз алышпаса, уландар Каныкейди карап суктанып отурушту. Ошол маалда биз сүйүү каттарын жөнөткөн кат ээлерин кепке тарттык.
Мирбекке махабат каттарын жазган бийкечтердин ысымдары – Айпери, Наргиза, Назик экен. Кыздар Мирбек менен көптөн бери жүз көрүшүүнү самап келишкенин билдиришти.
Ал эми Каныкейге сонун сүйүү сөздөрүн терип жазган кат ээлери – Дайырбек, Замир жана Неоте. Неоте бизге “ишенесиңерби, ырдаганы, үнү Каныкейге окшош бирөө мурун түшүмө кирчү. Анда Каныкей сахнага чыга элек болчу” деп таң калтырды. Корей улутунун өкүлү болгон Неоте Каныкейдин өзгөчө күйөрманы десек жаңылбайбыз. Түнкү клубда Каныкей ырдап жатканда ырчы толкунданбай эле Неоте толкунданганы байкалып турду.

Каныкейге жөнөтүлгөн СМСтер

“Каныкей, сенин үнүңдү укканда бар-жогумду унутуп калам! Биринчи ырыңды укканда кечке өзүмчө эле учуп калгам.Качан болсо таң калтырасың. Мен сен бар үчүн жашап жүрөм. Ырларың мени шыктандырат”. Неоте.

“Каныкей, сенин жагымдуу үнүң, оригиналдуу ырларың жан дүйнөмө азык берет! Сен кыргыз жылдыздарынын таланттуу, сулуу перисисиң. Сен өзгөчө ак куусуң”. Дайыр.

Мирбекке жөнөтүлгөн СМСтер

«Ырыңды угуп, карааныңа жалынам,
Атыңды атап, үналгыдан жар салса,
Сүйүнүчтөн сезим дегдеп кат жаздым.
Менин оюм баруу эмес, клубга,
Бир мүнөткө болгум келет жаныңда!» Наргиза.

“Мирбек, сени ойлоп күндөр жаңырат.Токоюн бойлоп баратам, махабатым, сени сагынам! Эрке кыздын жүрөгү махабатка кабылды.Сиз менен Долонду ашып,Таластын токоюн бойлоп,садагам Оштой жеримде бирге бассам, ошондо жакшы болобу?” Назик.

“Мирбек байке, эртең менин туулган күнүм. Мени өзүңүз менен түнкү клубга алып барыңызчы?!” Айпери.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
leylaaa
2010-02-22 22:43:49
Каныкей деген ушул кыз беле?!корбой эле койсом болмок!
0
Гука
2010-02-23 11:59:57
Naziktin SMSi sooonuuun eken!
0
maliwka
2010-02-23 22:45:20
Согласитесь Мирбек лапочка!!!!!!!
0
Гарри Поттер
2010-02-24 13:32:14
да... бирок Мирбек менен Каныкей бири-бирине жылдызы туура келчуудой корунот экен!!!
0
ademi
2010-02-24 22:46:56
Каныкейдин эчкимге окшошпогон унун, стилин аябай баалайм! Сенин талантына таазим кылам! Дайыма кыргыз элин тааныткан жылдыз болуп жана бер!
0
Tendik
2010-02-25 14:28:56
мага кечээ куну спорт сарайда аткарган Каныкейдин Сарала деген ыры жагып калды, ырдын мунозу таптакыр башкача экен, ойго салат.
0
bayash
2010-05-11 12:27:14
Каныкей сен озгочосун!!!Мен сенин унунду,стилинди аябай баалайм!!!Сендей ырчылар коп болсо,жакшы болмок,бирок,сен баарына татытктуусун!Чын конулумдон ийгилик каалайм!Булбулдай унун эч качан очпосун бар бол!!!Оштон куйорманын Гулбурак.
0
bayash
2010-05-11 12:32:17
Мирбекке соз жок!!!Мирбек просто супер!Ийгилик сизге!!!
0
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан