ООРУЛАР, ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЧЫР-ЧАТАКТАР, ИШТИН ЖҮРҮШПӨСТҮГҮ...БУЛАРДЫ ИЛХАМ ЖӨНГӨ САЛАТ

Биз барганда Илхамдын кабылдамасында ондон ашык адам кезек күтүп отуруптур. Аларды бул жерге түрдүү маселелер алып келген. Сүйлөшө келгенде бирөөсү оорусуна даба таба албай келсе, дагы бири бизнесинин жүрүшпөй жатканына кыжалат болуп кайрылыптыр. Дагы бири күйөөсүнүн аракечтигин таштатуу жолун издеп жүрүптүр... Баары Илхамга чоң үмүт артып келгендер. Араларында Илхамга рахмат айтканы келгендер да бар болуп чыкты, анткени аларга анын сеанстары жакшы жардам берген.

БЕЛАРУСЬ, УКРАИНА, ОРУСИЯ, ПОЛЬША, ИТАЛИЯ, ГЕРМАНИЯ, КАЗАКСТАН ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ ИЙГИЛИКТҮҮ ИШ ЖҮРГҮЗҮП КЕЛЕ ЖАТКАН, 20 ЖЫЛДАН АШУУН ТАЖРЫЙБАСЫ БАР БИОЭНЕРГОТЕРАПЕВТ, ПСИХОЛОГ ИЛХАМ ИСМАИЛОВ БИРИНЧИ ЖОЛУ КЫРГЫЗСТАНДА.

"Эгер адамдын максаты айкын болсо, анда адам самаганына жетет”.Илхам
жан дүйнө кубатын берүүчү адам!

"ОМУРТКАМДЫН КЫЙШАЮУСУН ОПЕРАЦИЯСЫЗ КЕТИРДИ"
– Бир жыл мурун колдорум, моюнум жансызданып, башым көп айланчу болду. Бир күнү эс-учумду жоготуп кулап түштүм. Текшерилсем нейрохирургдар "омурткаларың жылып кетиптир, операция жасатышың керек" дешти. Өгөй атам өзү медициналык академияда иштегендиктен ал да операция жасат деди. Ушунчалык катуу ооругандан ооруну басуучу дары-дармектерди колдоно берип, андан да аз гана жардам болуп калганда операцияга макул болдум. Акыры ооруканага жаттым. Мени операцияга даярдай башташты. Бирок интернеттен Илхам тууралуу окуп калдым. Ал жакында Кыргызстанга келет экен. Ошентип мен ооруканадан чыгып, анын келишин күттүм.
Акыры Илхам Кыргызстанга келип, анын кабыл алуусунда болдум. Көрсө, мурун балет менен алектенип жүргөнүмдө омурткаларым жылып кетиптир. Илхамдын программаларынын негизинде азыр корсетсиз басып жүрөм, ооруган жерлерим басылды. Мен эми Илхамдын атайын программаларын гана колдонуп, жашоомду оорусуз улантам.

Жанар, Бишкек

"КӨРӨ АЛБАСТЫК ЖАНА АЧ КӨЗДҮК ООРУ АЛЫП КЕЛЕРИН БИЛБЕПТИРМИН”
– Кийинки кездерде дарманым кетип, болор-болбоско жиндене берчүмүн. Мени башка бирөөгө алмаштырып койгонсуп, өзгөрүп чыга келдим. Аялым, балдарым менен урушуп, коңшулар менен талашып-тартышып, жадакалса мушташууга чейин жеткени калдым. 58 жашка чейин доктурга болгону 3 ирет эле баргам, эми болсо ар кайсы жерим (жүрөгүм, ашказаным, бөйрөгүм) ооруй баштады. Эч ким диагноз коё албады.
Илхамдын сеансына жөн гана кызыгуум алып келген. Илхам болсо өзүм билбеген нерселерди таап чыкты. Көрсө, ач көздүк менен көрө албастык ооруларды жаратып, ал тургай тагдырыңдын өзгөрүп кетүүсүнө чейин жеткирет экен. Муну мурун билбептирмин. Илхамдан мен кайра төрөлгөндөй болуп чыктым. Аны менен таанышканыма абдан ыраазымын, жардамы үчүн рахмат!

М.Саякбаев, Бишкек

"ИЙГИЛИКТЕРГЕ КЫСКА ЖОЛ МЕНЕН ЖЕТСЕ БОЛОТ ЭКЕН"
– Апам жаш кезинде эле рактан каза тапкан. Андыктан ал оору менен мен да ооруп калбаймбы деп абдан коркчумун. Ал тургай түшүмө да кирчү.
Жашоодогу башка маселелерден да стресстер мендеги түрдүү ооруларды жаратты. Тамагымдан бир тоголок нандын өтүшү кыйын болуп калды.
Эл болсо мага көз артуу менен карап, "жашооң жакшы, өзүңө жетчү байлыгың бар. Анан эмне ооруп, жүдөп жүрөсүң?"деп айтып калышчу.
Илхам жашоомдун баарын сыдыргыга салгандай чечмелеп, көйгөйлөр эмнеден жана качан башталганын айтып берди. Кайрадан өзүмө келүү жолдорун көрсөттү. Эми мен башкача жашайм. Ийгиликтерге кыска жол менен барууга болорун да билем.
Рахмат, Илхам!

Салтанат, Нарын

"МАСЕЛЕНИН БААРЫ ТУУРА ЭМЕС ОЙЛОНГОНУМДА ЭКЕН!
– Анализдерсиз жөн гана келип, ооруларың жана маселелериң тууралуу айтып берип, алардан кутулууга болот экен. Буга Илхам жардам берди.
Ал башкаларга окшоп "кайсы жерлериң кантип ооруп баштаган"деген сыяктуу суроолорду берген жок. Бир жериң үзүп-жулкуп оорубаганы менен, жан дүйнөң тынч албай, жеп-ичкениңди билбей калсаң кантип түшүнүүгө болот?
Айтор, мендеги кыжалаттык, иштин жүрүшпөстүгү эмнеде жатканын түшүнүп чыктым. Эми көп нерсени өзгөртөм, анын ичинде ой-максаттарымды да. Көрсө, туура эмес ойлонот экем. Илхамдын касиети баарыбызды айыктырсын!

Алексей Миллер, Астана

"ӨЗҮНӨ БООР ООРУП, АЯЙ БЕРГЕН АДАМ ЭРТЕ КАРЫЙТ ТУРА!”
– Күйөөм баш кошконубузга 1 жыл болгондон кийин эле иче баштаган. Жакшы жашоодо жашап, атасынын эрке кызы болуп чоңойгон мен үчүн тозоктой жаңы жашоо башталгансыды. Бирок курсагымда чоңоюп жаткан бала жана күйөөмө болгон боор оорум андан кетирбей кармап тургандай болду. Ичкилигин таштатуу үчүн 8 ирет дарылаттык, чет өлкөгө чейин алпардык. Натыйжа чыкпады. Экинчи балам оорулуу болуп төрөлдү. Ошондон кийин өзүмө караганды таптакыр унутуп, оюмдун баары балдарды жакшылап чоңойтуу болуп калды. Ата-энемдикине кетип, баламды дарылатуу үчүн ооруканалардан башым чыкпай калды. Экинчи никем менин жашоомду өзгөрткөндөй болду. Бирок жан дүйнөм кыйнала берди.
Илхам мага "өткөн жашооңду эстей берсең жашооңдо жаңы өзгөрүүлөр кантип болмок эле. Мына уксаң..."деп өзүнүн бир топ афоризмдерин айтып берди.
Сеанстан кийин мурунку күйөөмдү Илхамга алып келдим. Ал кантсе да балдарымдын атасы да. Ошондон кийин уйкум тынчып, өзүм кадимкидей токтоо тартып калдым. Күйөөмдү ичимден коё бердим. Эми менде баары жакшы болот.
Андыктан Илхамга жан дүйнөңдү ачып берсең, көйгөйлөрүңө туура жооп ала алат экенсиң. Рахмат, Илхам!

Айна, Кара-Балта

"МЕН ЭМИ ДАГЫ БАЛАЛУУ БОЛОМ”
– Өзүм 3 жолу ар жериме операция жасаткам. Марттын башында ооруганымдан врачтарга барсам, текшерип "сеники эн бездеринин оорусу, дарылайбыз, бирок дагы төрөшүңө кепилдик жок"дешти. Менин болсо дагы балалуу болгум келген. Эмне кылам деп баш катырып отурсам, колума Илхам тууралуу маалымат чыккан гезит урунду. Ички сезимим эмнегедир "ушуга бар"дегенсиди. Ошентип анын сеансында 3 жолу болдум. Ал мени ичтеги жаман ойлордон кутултуп, жаңы жашоого жол ачып берди. Ооруган жерим басылып, жакшы болуп калдым. Ал гана эмес кечээ УЗИден кош бойлуу экеним билинди. Илхамга ыраазычылык!

Айжан, Бишкек

ИЛХАМ КУТУЛТАТ ЖАНА АЙЫКТЫРАТ:

  • Ичкилик, баңгилик, игромания, фобия, паника, нерв болуу, уйкусуздук, жаман түштөрдү көрүп кыйналуу;
  • Эндокриндик системдин бузулушу: шалдыроо, алсыроо, шишүү, баштын оорушу, арыктоо же семирүү;
  • Ичеги-карын оорулары (гастрит, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы, колит, панкреатит);
  • Зат алмашуудан жана нерв системинин ооруларынын айынан келип чыккан тери ооруларын;
  • Нерв, жүрөк-кан тамыр системдеринин оорулары: кан басым оорулары, баш айлануу, кулактагы шуулдоо, колу-буттун дайыма муздап турушу, чымырап уюшу;
  • Диагноз коюу (ооруларга).
  • Заара жолдорунун жана жыныстык системдин оорулары: простатит, аялдардын жана эркектердин тукумсуздугу;

ЭСКИ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН:

  • Тукум кууган жана кийин пайда болгон каргышты аныктап, андан кутултат;
  • Терс энергиядан арылтат;
  • Көз тийүүнү, кара дубаны жок кылып, жол ачат;
  • Үй-бүлөлүк чыр-чатактан, агрессиядан арылтып, жакшы жашоого кайтарат;
  • Жубайлар арасындагы мамилени (оордугуна карабай) калыптандырат;
  • Адамдагы биоталааны калыптандырып, терс энергиялардан сактана ала тургандай кылат;
  • Ийгиликке, бизнеске жол ачат.

Бишкек шаарынын көптөгөн тургундарынын суранычы боюнча Илхам 25-июнга чейин кабыл алмакчы!
Каалоочулардын баарын 5-июндан 25-июнга чейин дем алышсыз
Бишкектин Исанов көчөсү-18 дарегинде күтөбүз (Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет).
Кабыл алуу убактысы: 11:00-15:00
Кабыл алуу алдын ала: +996 706 840 008, +996 558 840 008 телефон номерлери аркылуу жазылуу менен жүргүзүлөт.
Төлөм акысы – 3500 сом
ilham.com.ua
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги,
лизенция № 256443


ЭСКЕРТҮҮ! Өз дарыгериңиз менен кеңешүүнү унутпаңыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
mirana9395
2016-05-30 12:26:14
бул байке Ошко келеби супер инфо билип бериниздерчи, же ошто болуп кеттиби?
0
Asadulla
2016-05-31 03:37:41
Айнанайын баардыгы Аллахтан болот , бул Илхамынар болгону себепкер гана болот
0
LenaJ
2016-06-02 16:05:51
салам Супер Инфо! Ильхам кыргызча суйлойбу апамды алып келгим келди.
0
admin_superstan
2016-06-02 16:47:32
LenaJ,саламатсызбы? +996 706 840 008, +996 558 840 008 телефон номерлери аркылуу чалып билсеӊиздер болот.
0
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан