SUPER.KG’ден КҮНСЕРЕП

SUPER.KG порталында «Күнсереп» рубрикасы өз ишин баштап, күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

19-май
ДЕПУТАТТАР АРТЫНАН ЧУРКАТКАН ЗАМАН КЕЛДИ
Жогорку Кеңештин жыйынына депутаттардын жапырт катышпай коюшу бүгүн да катталды. Бул күнү өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев Жалал-Абад облусундагы табият кырсыктары, анын элге келтирген зыяндары боюнча маалымат берди. Бир дубан элдин маселесин угууга 120 депутаттын ичинен 10у гана катышты. Мындай жоопкерчиликсиздикке депутат Мыктыбек Абдылдаев нааразычылык билдирип: «Жыйында 10 эле депутат отурат, мунун 6сы биздин фракциядан экен. Башкаруучу партиядан бир да депутат жок»,- деди.
1 миллиондон ашык адам жашаган Жалал-Абад облусунда соңку айларда жер көчкү, сел кырсыктары көп катталды.
Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, жыйынга себепсиз катышпаган депутаттардын айлыгынын 10 пайызы кыскартылат, алардын аты-жөнүн маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жарыялоо чарасы колдонулуп жүрөт. Бирок мындай жазалар эл өкүлдөрүнө таасир этпей калган. Табият кырсыгынан жабыркап турган элдин көйгөйү сөз болуп жатканда 110 депутаттын жыйындан чыгып кетишкени алардын жашоосунда экинчи этап башталганынан кабар берет. Шайлоо өттү, шайлоочунун артынан чуркаган заман да өттү. Эми депутаттар артынан чуркатуучу этап башталды.

20-май
ТОЙ-АШТАГЫ ЫСЫРАПКОРЧУЛУКТУ МЫЙЗАМ ООЗДУКТАЙ АЛАБЫ?
"Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечилердин бири, депутат Аида Салянованын билдиришинче, мыйзам долбоорунун максаты – той-аштардагы ысырапкорчулукту азайтуу, тойго кошумча шылтоосу менен саясий, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер арасында пара алуу-берүү мамилелерин жоюу. Мыйзам жалпы элге эмес, саясий, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата колдонулмакчы.
Кыргыз мамлекети той-аштардагы ысырапкорчулукту көптөн бери ооздуктай албай жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров кыргыз өлкөсүнүн эли 1 жылда той-аштарга орточо
2 миллиард доллар чачарын айткан. Тышкы карызы 3 миллиард доллардан ашык болгон, экономикасы алсыз, элинин жарымы жакырчылыкта жашаган өлкө үчүн бул кечирилгис ысырапкорчулук. Орусияда иштеп жүрүшкөн кыргыз жеринен барган мигранттар 2014-жылы өлкөбүзгө
2 миллиард 104 миллион доллар которушса, 2015-жылы 1 миллиард 278 миллион доллар жөнөтүшкөн. Сандардан көрүнүп тургандай, мамлекетибиз тапканын тойго жумшайт. Аида Салянованын пикири боюнча, мына ушундай коомдук илдеттен арылууну биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлер, жетекчилер баштап берип, үлгү болуусу керек... Орус империясынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон Пётр I дагы коомдогу зыяндуу адаттарды күчтөп жоюуга аргасыз болгон. Коомубуз ашыкча ысырапкорчулуктан аң-сезимдүү түрдө жакынкы жылдары арыла албасы анык, андыктан мыйзам аркылуу «айыгууга» туура келет.

23-май
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ – БОРБОР АЗИЯДА ДЕМОКРАТИЯ ЖОЛУН ТАНДАГАН ЖАЛГЫЗ ӨЛКӨ
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери бийликти биротоло басып алуу аракетинде. Эми Эмомали Рахмон кааласа өмүрүнүн аягына чейин президенттикке талапкер катары катыша алат. 2015-жылдын декабрь айында Эмомали Рахмонду улуттун лидери деп тааныган мыйзам күчүнө кирген. Ал эми өткөн жекшемби күнү, 22-майда Тажикстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өттү. Референдумда тажик эли улуттун лидерине каалаганча президенттик шайлоого талапкер катары катышууга жол ачып берди. Бул кадам менен президент Эмомали Рахмондун бийлиги ишенимдүү түрдө бекемделди. Эң башкысы – анын өлкө башчылыгында түбөлүк калуусуна мүмкүнчүлүк түзүлсө, 29 жаштагы уулу Рустам Эмомалинин 2020-жылы өтүүчү президенттик шайлоого талапкер болуп чыгышына жол ачылды. Мурда президенттикке талапкер 35 жаштан жогору болушу керек болсо, өзгөртүүдөн кийин 30 жаштан катышса болот деген норма кирди.
Эмомали Рахмон Тажикстанды 1994-жылдан бери жетектеп келет. Жашы улгайып баратканда уулу Рустам Эмомалинин мураскер болушуна, бийликти колдон чыгарбай кармап калууга жакшы шарт түздү. Рустам Эмомали учурда Тажикстандын Мамлекеттик каржыны көзөмөлдөө жана коррупция менен күрөшүү агенттигин жетектейт. Тажик президентинин кызы Озода Рахмон болсо үстүбүздөгү жылдын башында президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалган.
Казакстан менен Өзбекстанда да 20 жылдан ашык убакыттан бери бийлик бир адамдын колунда.
2002-жылдагы Аксы, 2005-жылдагы Март, 2010-жылдагы Апрель окуялары болбогондо Кыргыз Республикасы дагы ушул кейипте болмок. Азырынча Кыргыз Республикасы авторитардык-кландык башкаруудан баш тартып, демократия жолун беттеп бараткан Борбордук Азиядагы жалгыз өлкө. Анын талуу жери да, күчтүү тарабы да ушунда...

24-май
ОРУСИЯДА КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ КӨРСӨТКӨН ЖОРУКТАР КЫРГЫЗДЫН КЫЗДАРЫ ҮЧҮН ДААРАТКАНА ЖУУГАНДАН ЭСЕЛЕП АШКАН КОРДУК
Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын Орусиядагы кыргыз мигранттары тууралуу айткан сөзү бүгүн өлкөбүздө эң көп талкууга алынган окуя болду. Астана шаарынын жашоочулары менен жолугушууда ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу кеп кылган. "Ал улуу жазуучу гана эмес, алдын ала көрө билген пайгамбар да болгон. Тилекке каршы, өлкөсү, улуту кайда баратканын, кыргыз жеринде болуп жаткан негативдүү окуяларды ал ошол 40-50-жылдары эле көрө билген. Жашырганда эмне, Москвада же Орусиянын башка шаарларында коомдук дааратканаларды тазалап жүргөн кыргыздын жаш кыздарын көрүү адамдык намысыңа тиет. Бул өкүнүчтүү. Өзүнүн жапжаш, керемет курагында даараткана тазалап калыш үчүн ал кыздар эмне кылышты экен? Албетте, өлкөдө жумуш орундары жок болсо, келечек жок болсо, көптөгөн кыргыздар чет өлкөгө кетүүгө мажбур болушту да..."- деп билдирген министр.
Казакстандык бир катар коомдук ишмерлер маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын билдирүүсү кыргыз элинин да, өкмөтүнүн да кыжырына тие турган сөздөр экенин айтышып, ал үчүн кыргыз өлкөсүнүн элинен кечирим сурашты.
Бирок жапжаш, секелек кыздарыбыздын Орусияда оор жумуштарда иштеп жүрүшкөнү ачуу чындык. Иштеп эле эмес, жаш кыздар кыргыз эле жигиттери тарабынан ченемсиз кордолуп да жатышат. Мисалы, 14-майда Москва шаарында "кыргыз кыздарын жумуш таап берүү шылтоосу менен жолугушууга чакырып, зордуктап, тоноп жүргөн" деп шектелген 22 жаштагы жигит кармалды. Кылмышка шектүү жаран кыз-келиндерди «кечки нөөмөттөгү жумуш таап берем» деп алдап чакырып, аларды коркутуп зордуктап, баалуу буюмдарын тоноп кетип жүргөнү белгилүү болду. Мындай кордуктар кыргыз кыздары үчүн даараткана жууган кордуктан эселеп ашып түшөт.
Өлкөдөгү жумушсуздук канчалык кордук көрсө да кыргыз кыздарын Орусияны көздөй агылууга аргасыз кылууда. Андыктан казакстандык министрдин сөзү кыргыз бийлигине узатылган таамай сокку болду. Жашоосу жакшы болгондо кыргыздар жумуш издеп бөтөн жерге барышмак эмес, минтип коңшу өлкөнүн элине жаман жашоонун мисалы болушмак эмес...

24-май
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЕДИЦИНА ТАРМАГЫНЫН АБРОЮНА ШЕК КЕЛТИРИП БАТУКАЕВ ЭМГИЧЕ ТИРҮҮ, АНЫ БОШОТКОН СОТ КЫЗМАТТАН КӨТӨРҮЛГӨНҮ ЖАТАТ
Унутулуп бараткан Батукаев маселеси кайра козголду. «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев кылмыштуу дүйнөнүн өкүлү Азиз Батукаевди абактан бошоткон судья Жапар Эрматовду Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьясы кызматына дайындабоого чакырып, президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдоду. Текебаев райондор аралык соттун судьялыгына жарыяланган сынакта Эрматов жогорку упай алганын, эми кызматтан көтөрүлүүгө аракет кылып жатканын айтты. Катта аталган судья бир нече адамдын өлүмүнө себепчи болгон кылмышкер Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурун бошотуп мыйзам бузгандыгын эскертип өттү.
Азиз Батукаев Жогорку Кеңештин ошол маалдагы депутаты Тынычбек Акматбаев, ЖАМКнын ошол кездеги башчысы Икматулла Полотов жана дагы эки адамды мыкаачылык менен өлтүрүүнү уюштуруу, абакта баш аламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 2006-жылы 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылган. Демек, 2023-жылы абактан чыкмак. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс илдетке чалдыкты, аз эле күндүк өмүрү калды" деген шылтоо менен бошотуп жиберген. Бошотуп эле тим болбой, түрмө жетекчилиги Нарындан Бишкекке чейин коштоп келип, учакка чыгарып, Грозный шаарына салтанаттуу түрдө узатып койгон.
Соттук коллегия "Батукаев дарыгерлердин диагнозунун негизинде бошотулган" деп кутулган. Батукаев болсо кыргыз өлкөсүнүн медицина тармагынын аброюна шек келтирип эмгиче тирүү, жакшынакай жашап жатат. «Батукаевдин абалы оор, 3 айлык өмүрү калды» деп корутунду чыгарып беришкен дарыгерлер, аны аэропортко чейин коштоп барып узаткан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жазасыз калышты. Башкы прокуратура анализдерди алмаштыруу фактысын иликтөө үчүн Батукаевдин жилик чучугу керектигин, бирок ал чучугун бербей жатканын айтып алакан жайып отурат. Ошентип, Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушунун мыйзамдуу же мыйзамсыздыгы бул операцияга катышкан чиновниктердин абийиринде гана калган.
Кыргыз Республикасында тармактагы туура эмес иштерден, кемчиликтерден улам жооптуу жетекчилердин кызматтан баш тартуусу, моралдык жоопкерчиликти сезүүсү жокко эсе. Коркунучтуу кылмышкерди абактан бошотуп жиберген судьянын кызматтык секирик жасоого умтулуп жатышы бул көрүнүштүн кезектеги далили.
Судьяны кызматка дайындатпай коюу менен маселе чечилип деле кетпейт. Батукаев мыйзамсыз түрдө абактан бошотулгандыгы чын болсо, ал ишке катышкан ар бир кызматкер, чоң чиновниктен катардагы кызматкерге чейин тийиштүү жазасын алуусу керек эле. Маселе дагы сотторго барып такалат... Кечээ сотто өкүм чыгар алдындагы акыркы сөзүн айтууда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев өлкөдө соттук бийлик жок экенин жон териси менен сезгенин, сот системин реформалоо зарыл экенин айтып арман кылды...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан