Нурзат Токтосунова жана Максат Надырбековдун үйлөнүү-үлпөт тоюнда Гүлжигит Калыков жүздөгөн элдин алдында сүйүктүүсү Айперинин колун сурады. Айпери кубанычтан көзүнө жаш алып, ырчы жигитке макулдугун берди.
– Гүлжигит, сүйүктүүңө сюрприз жасап колун суроо идеясы кимдики?
– Көптөн бери кандай кылып Айперинин колун сурасам деп ойлонуп жүргөм. Минтип эл алдында эмес, өзүнө акырын айтып колун сурасам деле макул болмок, бирок курбулары «кыз киши баары бир өзгөчөлүктү, романтиканы кыялданат» дегенинен Айпериге сюрприз жасоону чечтим. Анан да Нурзат эженин жакшылыгы бизге жуксун, бири-бирине уланып кетсин деген тилек менен ушул тойдо колун сурадым. 23-май Айпери экөөбүз үчүн маанилүү дата, анткени 4 жыл мурун дал ушул күнү кыз-жигит болгонбуз.
– Сюрпризиңди Айпери билип калбашы үчүн көп аракет жумшасаң керек?
– Ооба, шектенип калбасын деп гүлдү да ресторанга келгенден кийин алдырттым. Тойдо отурганда Айпериге билдирбегенге аракет кылдым.
– Сага азыр баары бул суроону жаадырып жатышса керек. Той качан?
– Тоюбуз жайында болот. Азырынча так датасын айтпай турайын, анткени көз тиет, сөз тиет деген бар. Ошондуктан кооптонуп жатам. Учурда жакшылыгыбызга күбө боло турган адамдардын тизмеси такталып жатат.