Жаш ырчылар Аяна Касымова менен Айымжан Айылчиева мектепти бүтүрүп, уядан учушту. Окуучу кезинде жылдызга айланып, эл көзүнө түшкөн кыздар ырчылык менен окууну чогуу алып кетүүгө шарт түзүп берген мугалимдерине ыраазы.
«Башында жалаң «5ке» окусам, ырчы болгондон тарта «4кө» окуп калгам. Бул да окууга толук кандуу убакыт бөлбөгөндөн болсо керек. Ушунча жыл жакын болуп калган классташтарың менен эми көп көрүшпөй каларыңа ичиң ачышат экен»,- дейт Айымжан.
Белгилей кетсек, ырчы кыздарга акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү буюрган. Аяна Ататүрк Ала-Тоо университетинде, Айымжан Борбор Азиядагы Америка университетинде бекер окушат.