БАЛЫКТЫ ТҮРЛӨП БЫШЫРАБЫЗ

ЖУМУРТКА МЕНЕН КУУРУЛГАН БАЛЫК

Керектелүүчү азыктар:

Балык – 1 килограмм
Сүт – 1 стакан
Лимон – 1 даана
Жумуртка – 1 даана
Ун – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 100 грамм

Татымына жараша туз

  1. 400 грамм сууга бир аш кашык туз салып аралаштырып, жуулуп-тазаланып, бир нечеге бөлүнгөн балыктын үстүн көмгүдөй кылып куюп, муздаткычка тузу сиңгенче сала турабыз.
  2. Андан соң балыкты алып чыгып, салфетка менен кургатып үстүнө сүттү куюп, жарым саатка тыныктырып коёбуз.
  3. Балыкты кайрадан кургатып алып унга оонатып, андан кийин чалынган жумурткага малып алып, көмөч казандагы кызып турган майга эки жагын кызарта кууруйбуз.
  4. Куурулган балыкты кесилген лимон менен кооздоп, дасторконго коё берсеңиз болот.

КЕСМЕ КОШУЛГАН УХА

Керектелүүчү азыктар:

Балык – 700 грамм
Картошка – 3 даана
Пияз – 1 баш
Помидор – 2 даана
Кесме – 50 грамм
Суу – 400 грамм
Укроп, көк пияз – 2-3 талдан
Татымына жараша туз, кызыл мурч

  1. Балыкты жууп, ичин тазалап, канат-куйругун кесип бир нече бөлүккө бөлөбүз.
  2. Мискейге суу куюп, аарчылган картошканы чоң бөлүктөргө бөлүп, жарым шакекче тууралган пиязды салып, татымына жараша туз кошуп 10 мүнөттөй отто кайнатабыз.
  3. Балыкты 10-15 мүнөт орточо отто кайнатып, анан балыкты башка идишке чыгарып алабыз да, кесме салабыз.
  4. Соңунда шорпого кызыл мурч кошуп түбү чуңкур тарелкаларга куюп балыкты салабыз. Үстүнө ичке тууралган помидордон салып, көк чөптөрдү себелеп конокторго узатабыз.

ФОЛЬГАГА ОРОЛГОН БАЛЫК

Керектелүүчү азыктар:

Балык (окунь, треска, форель) – 700 грамм
Зайтун майы – 2 аш кашык
Сарымсак – 1-2 тишче
Укроп – 3-4 талдан
Лавр жалбырагы – 1 даана
Лимон – 1 даана
Татымына жараша туз, татымалдар

  1. Балыктын ичин, сыртын жууп-тазалап, куйругун, канаттарын кесип салфетка менен кургатабыз.
  2. Балыктын жонун 3-4 жеринен тилип, ошол жерлерге туз себелейбиз.
  3. Зайтун майына жанчылган сарымсак, майда тууралган укроп, майдаланган лавр жалбырагын, туз, татымалдарды кошуп аралаштырып, балыктын үстүнө куябыз.
  4. Балыктын тилинген жерлерине ичке тууралган лимон сайып коёбуз.
  5. Балыкты фольгага ороп, электр мешинде 200 градус температурада 20 мүнөт кармайбыз. Мындан кийин фольганы ачып дагы 10 мүнөт кармоо керек.
  6. Балыкты тарелкага салган соң помидор, бадыраң, түрдүү көк чөптөр, фри, сууга бышырылган картошка менен кооздоп койсоңуз адамдын табитин ачат.

ДЫМДАЛЫП БЫШЫРЫЛГАН БАЛЫК

Керектелүүчү азыктар:

Балык (орточо көлөмдөгү форель) – 1 даана
Пияз – 5-6 баш
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Лавр жалбырагы –3 даана
Райкан – 4-5 тал
Татымына жараша туз

  1. Форелди тазалап, жууган соң бир нече бөлүккө бөлүп, туздап, 20 мүнөт тыныктырабыз.
  2. Пиязды аарчып, биз көнгөндөй шакекче формасында туурасынан эмес, узунунан чоңураак кылып туурап алуу керек.
  3. Түбү калың казанга май куюп балыктын терисин ылдый каратып салып, үстүнө пиязды, райканды себелейбиз.
  4. Үстүнө лавр жалбырагын салып, кааласаңыз мурч кошуп, казандын капкагын жаап, жай отко 30 мүнөттөй дымдап бышырабыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Albengo
2016-05-30 11:32:30
Зайтун майы кандай май?
0
peach
2016-05-30 11:37:45
Albengo,олив масло
0
altyn2015
2016-05-30 13:34:25
Сонун тамактар. Рахмат!
0
malywka
2016-05-30 13:48:51
*Супер Инфо, саламатсыздарбы! Сиздерден сураныч: Орозо календарын, дубаларды чыгарып койгулачы.*
+2
admin_superstan
2016-05-30 13:57:28
malywka,саламатсызбы? сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
tim11ai
2016-05-31 09:10:45
Ачка болчум көрүп алып өлө жегим келди
0
Tahmina.Musaeva
2016-06-03 13:42:52
Сонун. Чон рахмат. Ата-энеме жасап берип бир тан калтырайынчы.
0
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан