Шахзода: “ЖОЛДОШУМ ДА, ПРОДЮСЕРИМ ДА БИР АДАМ”

Блиц маек

Чыгыш поп дивасы Шахзода махабат майрамын Бишкек шаарында белгиледи. Ал кечте сүйүктүү жан биргеси менен бирге болду. Учурдан пайдаланып ырчы айым менен сырдаштык.

– Саламатсыңбы, куш келипсиң, биздин баш калаага.
– Саламатчылык. Рахмат.
– Ыйык Валентин күнүн Кыргызстанда кандай белгиледиң?
– Жаныңда жан биргең болбосо махабат майрамын белгилөөнүн эч кандай мааниси жок болсо керек. Аталган ыйык майрамды мен жан шеригим менен өткөрдүм. Бул күн мен үчүн дагы бир нерсеси менен баалуу. Ыйык Валентин күнү сүйгөнүм «мага турмушка чык» деп суранган. Ушунчалык романтикалык түрдө сунуш кылганда, мен турган жеримден макулдугумду берген элем.
– Жан шеригиң тууралуу кененирээк айтып бербейсиңби?
– Жеке жашоом тууралуу ашыкча кеп кылгым келбейт. Бир гана нерсени айта алам, жолдошум да, продюсерим да бир адам. Ал бардык кырдаалда мага жөлөк-таяк болууга даяр экенин эчак далилдеген.
– Уулуң Ерий Салихтин окуулары кандай?
– Салихтин окуусуна мен ыраазы элемин. Жаман окуйт деп эжейлеринен уга элекмин, тү-тү. Кызыгы, мен мектепте гуманитардык сабактарды жакшы өздөштүрчүмүн, уулум болсо, тескерисинче, так илимдерге жакын. Математика, физика, химия сабактарын жакшы окуйт.
– Жашооңдогу эң бактылуу мүнөт деп эмнени айтар элең?
– Эң бактылуу мүнөтүм – уулумдун жарыкка келгени. Ал төрөлгөндө жашоодо менден артык бактылуу адам жок экенин сезгем. Уулум быйыл 25-январда 14 жашка толду. Жыл сайын Салихимдин туулган күнүн каалаганындай белгилеп беребиз. Ал рэпке аябай кызыгат. Бул жылы туулган күнүндө Өзбекстандагы мен кыйын деген рэп ырчыларын чакырып көңүлүн алдым.
–Маегибиздин нугун чыгармачылыгыңа бурсак. Жакынкы күндө сени жаңы тасмадан көрүүгө мүмкүнбү?
– Чынын айтсам, мурункуга салыштырмалуу тасмага аз тартылып калдым. Бул ыр дүйнөсүнө берилип кеткеним болсо керек. Бирок жакында эле белгилүү бир өзбек режиссёрунан жакшы сунуш алдым. Буюрса, жаңы тасмага тартылып баштайм.
– Сенин DJ Smаsh менен бирге ырдаган “Асман менен жердин ортосунда” аттуу ырың бүтүндөй КМШ өлкөлөрүндө хит. Атактуу ди-джей менен ырдоо үчүн акча төлөдүң беле?
– Жок. Мен Андрейге (DJ Smаsh) бир тыйын да төлөгөн эмесмин. Продюсерим Москвадагы “Гала-рекордс” үн жаздыруучу компаниясы менен келишим түзгөн. Алар менен көптөн бери иштешип келебиз. Аталган компания Жанна Фриске, Максим, «Винтаж» тобу сыяктуу көптөгөн атактуу адамдар менен иштешип келет, DJ Smаsh да ошол жерде. Анан чогуу ырдоо эки тараптан тең келип чыккан идея. Ал эми кийинчерээк Андрей трио кылып Тиматини кошкон.
– Орусиянын кайсы ырчысын жакшы тааныйсың жана Өзбекстандын кайсы жылдызы менен достук мамиле түзүп келесиң?
– Ылайыктуу кырдаал келгенде таанышып, сүйлөшүп коём. Бирок бул же тигил ырчы менен жакын таанышмын дегенден алысмын. Себеби Москвага гастролдоп барып кайра эле Ташкентке кетип калам. Ал эми мекенимдеги бардык ырчылар менен саламым түз.
– Кыргызстанга көп эле келесиң, биздин ырчылардын кимисин тааныйсың?
– Чынын айтсам, бирин да тааныбайт экемин. Бирок таанышып, достошкум келет.
– Гонорарың көпчүлүктү кызыктыраары бышык...
– Гонорар жөнүндө менде маалымат жок. Анткени аны менин продюсерим чечет.
– Кыргызстанга жеке концерт коюу тууралуу пландарың барбы?
– Ооба, буюрса, жакынкы күндөрдө болот. Тагыраак айтканда, 19-март күнү Ош шаарында, 20-мартта Бишкекте жеке концерт берүүнү пландап жатабыз. Бул күндү атайын «Тумар» радиосунун туулган күнүнө ылайыкташтырып тандап алганбыз. Концерт тууралуу бир маселени чечип алдык. Ал – бийчилер. Кыргызстанда “Агама” жана “Назик” бий тобу ишин мыкты билгендер деген маалымат алдык. Буюрса, алар менен иштешебиз. Учурдан пайдаланып бардык күйөрмандарымды концертке чакырып кетем.
– Шахзода, убактыңды бөлүп, жагымдуу маек куруп бергениңе ыраазыбыз. Анда алдыдагы концертиңе чоң даярдык менен келишиңди күтөбүз.

ШАХЗОДА ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТАР

  • Ит менен мышыкты аябай жакшы көрөт. Үйүндө Принц аттуу ити жана Ласка деген мышыгы бар. Алар бири-бирине өч болгондуктан, Принц үй күзөтчүлөрүнүн жанында, Ласка болсо ырчынын коюнунда жатат.
  • Капустадан жасалган бардык тамакты, салатты жакшы көрөт. Үйүндө дымдаманы көп даярдайт.
  • Спирт ичимдигин такыр ичпейт.
  • Морган Фриман, Николас Кейж, Жек Николсон, Кэмерон Диас, Николь Кидман өңдүү атактуу актёрлорду баалайт.
  • Эң жакын курбусу Юлдуз Усманованын кызы ырчы – Нилюфар Усманова.
  • Уйкуну аябай жакшы көрөт. Эң сонун эс алганы бул – таттуу, тынч уктоо. Бирок жумуштун көптүгүнөн улам уйкусу канбай калат.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
KGgirl
2010-02-22 11:54:50
Mne ona ochen nravitsya, vospitannaya,seryoznaya,molodes!
0
bibi
2010-02-22 13:18:22
i o4en krasivaya...
0
ademi
2010-02-22 15:13:18
osobenno v poslednee vremya ochen pohoroshela
0
Mile
2010-02-24 09:21:26

Она и так хороша.
0
Simpotka
2010-02-24 12:12:17
Ya ochen' cenyu ee talant, u nee otlichnue hit pesni, a eto pravda chto ona v porno snimalas'? Mne eto interesno, prosto ona takaya milaya i nikak ne veritsya
0
Flowergirl
2010-02-24 22:41:57
Наверное это просто слухи что она снималась в порно я в это неверю ,Шахзода очень талантливая певица и актриса я ее уважаю и желаю успехов
0
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан