37 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ТУУРА КОРОТУЛГАНБЫ?

ЖООП ДАЛЕ ТАБЫЛА ЭЛЕК
2015-жылдын январь айында Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча кыргыз-орус келишиминен Кыргызстандын бир тараптуу чыгуусу менен биздин өлкө Орусияга 37 миллион доллардын тегерегиндеги каражатты кайтарып бериши керектиги айкын болгон.
Маалыматтарга ылайык, 37 миллион доллар жумушчулар жашоочу вахталык турак жайларга жана башка курулуш иштерине коротулган. Бирок аталган чыгымды эсептеп чыкмакчы болгон депутаттык комиссиянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов: "Ал жерде 37 миллион эмес, 5 миллион долларлык да иш жасалган эмес",- деп билдирген эле.
Жакында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Жогорку Нарын ГЭС каскаддарында аудит, башкача айтканда, кеткен чыгымдын коротулушу боюнча текшерүү жүргүзө албай турганы маалым болду. Эсептөө палатасы: "Кыргызстандын "Эсептөө палатасы жөнүндөгү" мыйзамына ылайык, мамлекеттин чоң үлүшү бар жеке ишканаларды, мекемелерди гана текшере алабыз. Тактап айтканда, мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан жогору болушу керек. Орус-кыргыз келишимине ылайык, "Жогорку Нарын ГЭСтери" жабык акционердик коомунун уставдык капиталы кыргызстандык "Электр станциялары" жана орусиялык "РусГидро" акционердик коомдорунун ортосунда паритеттик негизде 50-50 пайыздан бөлүнгөн",- деп түшүндүрмө таркатты.
Эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов: "Бул жерде шек жөн жерден туулган жок. ГЭС курулуучу аймакта курулган жатаканаларга жана башкалардын курулушуна 37 миллион доллар корошу мүмкүн эмес. Аудит жүргүзүлүшү керек. Бирок Эсептөө палатасы мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан көп болсо гана текшеребиз деп мыйзамга таянып жатышат. Мамлекеттин акчасы коротулду да. Демек, мамлекеттин акчасы кайда коротулганын, сенин, менин, анын төккөн салыгынын кайда кеткенин Эсептөө палатасы текшере алат. Буга мыйзам жол берет. Ал жагын Эсептөө палатасы айтпай жатат. Бирок, кошумчалай кетчү жагдай, четтен көз карандысыз аудиторлорду чакырууну да колдомокмун. Себеби жанагы 37 миллионду кайтарууда, анча акча коробогонун айтып биз өзүбүздүн Эсептөө палатабыздын аудити менен барсак, анда Орусия тарап "силер өз көмөчүңөргө күл тарттыңар" деши мүмкүн. Андыктан көз карандысыз эксперттерди чакырганыбыз туура болгону жатат. Негизи келишим боюнча кетирилген чыгымды текшерүү эки тараптын Эсептөө палаталары тарабынан жүргүзүлүүсү керек. Бирок Орусия тарап текшербейбиз деп койду. Андыктан көз карандысыз эксперттерди тартканыбыз оң",- деп билдирди.
Дегеле кетирилген чыгымды ким көзөмөлдөшү керек эле? Бул боюнча биз "Электр станциялары" ишканасына, Улуттук энергохолдингге байланышып, негиздүү жооп ала албадык. Экономика министрлигинин Отун-энергетикалык комплексинин долбоорлорун ишке ашыруу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Эмил Молдоисаев: "Кетирилип жаткан чыгымды келишимге ылайык "Электр станциялары" жана орус тараптан "РусГидро" акционердик коомдору көзөмөлгө алган. Биз ал чыгымдын канчалык реалдуу коротулганы боюнча текшерүү үчүн орус тарап менен атайын протоколго кол койгонбуз. Башкача айтканда, эл аралык көз карандысыз эксперттерди чакырып, алар текшерүү жүргүзүшөт. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша чыгымды төлөйбүз. Алар ашыкча чыгым кеткен же каражат туура колдонулган деп жыйынтык чыгарып беришет. Эсептеп берүүчү эксперттер тиги тарапка да, бул тарапка да тартпай тургандай болот. Биз чыгымды инвесторлорду тартуу менен төлөө аракетин көрүп жатабыз. Жаңы келчү инвестор ГЭС курулчу аймакта жасалып бүткөн жумуштар үчүн төлөйт, ошол каражат менен чыгымды жабууга аракеттенебиз",- деп жооп берди. Ал эми 37 миллион доллардын коротулушу боюнча аудит жүргүзүүчү көз карандысыз адистер кандай жол менен тандалары жана аларга канча чыгым кетери тууралуу сөз кылууга азырынча эртелик кылат дейт Эмил Молдоисаев. Эске салсак, 9-август күнү кыргыз-орус келишимин денонсациялоо күчүнө кирет. Ал убакка чейин көз карандысыз эксперттер текшерип, бүтүм чыгарууга жетишеби деген суроо туулат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан