ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (30-майдан 5-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбүдө өзүңүзгө жаккан адам менен убакыт өткөрүп, маанайыңыз жакшы болот. Шаршембиде иш жаатындагы маселелериңизди үйдөгүлөр менен талкуулайсыз. Бейшембиде туура эмес маалыматтын айынан чөйрөдөгүлөр менен урушуп калууңуз мүмкүн. Жекшембиде бирөөлөрдүн азгырыгына кирип, бөөдө акча коротпоо кажет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Адамдардын сезими менен ойнобоо керек, жашооңузга так калтырып аласыз дешет жылдыздар. Акчаны көбөйтүү максатында чуркагандардын тилеги жарым-жартылай гана ишке ашат. Жакындарыңыздын бирине белек тартуулооңуз ыктымал. Баалуу буюмуңузду жоготуп алгыңыз келбесе, ачык жерге таштабаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Соода жаатында чогуу иштешкендердин мамилелери таразага коюлат. Акчада жана убадада так болбосо бири-биринен кол үзүүлөрү мүмкүн. Калгандары аптада үйлөрүндө ыңгайлуу шарттарды түзүшөт. Алыстагы ата-энеңизден кабар алып, каржы жаатында жардам көрсөтөсүз. Көрүшө элек достор жолугууга чакырышат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бир кезде кол үзүшкөн адам жашооңузда кайрадан пайда болот. Ал эми ойдогу пландарыңыз четинен ишке аша баштайт. Андыктан кээ бир жагымсыз окуяларга көңүл бурбай, алдыга адымдай бериңиз. Кошумча иштеп, каржыңызды көбөйтүүгө киришиңиз. Бойдоктор жаңы чөйрөдөн өздөрүнө жаккан адамды таба алышат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сизди жашыруун жек көргөн адам ачыкка чыгат. Аягы чоң териштирүүгө жеткирбеши үчүн ашыкча кетпеңиз. Жаңы тааныштардан керектүү маалымат алып, аны колдонууга жетишесиз. Туугандардын чакан кечесине катышып, олжолуу болуп кайтасыз. Коңшулар менен бир маселени чечишүүңүз мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сизди кыйын апта күтүүдө. Окуялардын жеке жашооңузга да тиешеси болмокчу. Жумушта да бирге иштешкендер менен тил табышуу оордойт. Бирок акчалуу болуп, пландаган жерге барып келүүңүз ыктымал. Чоң ишке киришүүдө баарын тактап алыңыз. Дем алышта жалгыз эс алганыңыз оң.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Тааныштарыңызга кеңешиңиз жана каржылык жардамыңыз керектелет. Алардын үмүтүн актаңыз. Сыртка чыгып иштеп келүүңүз үчүн документ жактан жардам берем дегендерге ишеним артпай туруңуз. Алдап кетүүлөрү мүмкүн. Сүйүктүүңүз чыр чыгарбашы үчүн кайда барып, эмне иш бүтүрүп жүргөнүңүздү кабарлап туруңуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сүйүүдө жана иште "баары жакшы болот" деп өзүңүздү алдабаңыз, арты өкүнүчкө алып келет. Андан көрө жети өлчөп, бир кесиңиз. Башка адамдардын ой-пикирлери жаңы иш издөө туурасында ойлонууга жеткирет. Апта аягында үйдөгүлөр же достор менен маданий эс алуучу жайга барууңуз ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада күтүлбөгөн жагымдуу окуяга кез келесиз. Бул сизди оң энергия менен камсыздайт. Үйдө болсо эски буюмдардан арылуу максатында аларды иреттеп, ашыгын ыргытасыз. Жакындарыңыздын кем- карчысын толуктап, керектүү нерселерин алып бересиз. Ал эми бойдоктор өздөрүнө жаккан адамдын жүрөгүн ээлөө үчүн далалат жасашат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптаны өз кызыкчылыгыңызга пайдаланууга аракет кылыңыз. Бирок текеберлик сапатыңызды таштабасаңыз, өз күчүңүзгө таянып оокат кылууңуз кыйындайт. Иште кызыктай абалга туш келесиз: уятты же акчаны тандоо керек болот. Бирөөлөрдүн тилине кирбей, өзүңүзчө чечим кабыл алыңыз. Досуңуз ичиндеги бугун төгүп, сырдашат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жаралган кооптуу абалдан таасирдүү адамдардын кеңеши менен чыгуу оң. Бирөөлөргө жакшылык кылам деп артында күйүп калуудан сактаныңыз. Бош убакытты сырткы келбетти калыпка келтирүүгө жумшасаңыз туура. Сезимдерди билдирип, ачык жообун алууга киришиңиз, оңтою келип турат. Апта акырында буюм сатып аласыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Максатка жетүү үчүн жамаатта сизге атаандаш чыккандардын кылыгына чыдоо кажет. Жеке жашоодо мамилелер туңгуюкка кептелсе, аны жандандыруу же чекит коюу керектигин чечиңиз. Баш жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын козголуусунун алдын алып, ысыкта жол жүрбөңүз. Чөнтөгүңүз акчага кампайып, базар кыдырасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан