21-майда Спорт Ордосунда «Тамашоунун» Жогорку Лигасынын 8-сезону жыйынтыкталды. Чемпиондук кубок үчүн «Универсал», «Brooklyn», «Рота», «Ассорти», «Кыргыз двор», «Позитифф» командалары ат салышты. Командалар «Саламдашуу», «Ким тапан?», «Жылдыздар менен СТЭМ», «Видео тапшырма» жана «Музыкалык үй тапшырма» номерлери боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында Оштон келген «Универсал» командасы кубокко ээ болуп, 2-орунду «Позитифф», 3-орунду «Brooklyn" алды. Оюнда жаралган мыкты тамашаларга назарыңыздарды бурабыз.
«САЛАМДАШУУ»
Дунган жигит сүйүүсүн арнап, сүйүктүүсүнө жусай берет.
Арыктагың келсе, насыя ал. Эки айда сонун арыктайсың.
– Кандайсыңар, сасышкалар?
– Эмнеге сасышкалар?
– Бишкекте суу өчкөндөн бери баарыбыз эле сасышкалар болуп калдык.
– Эмнеге аянттагы эки аскерди алып салышты?
– Мотуев түрмөдө отурганда желекти кайтарыштын кереги жок да.
(«Позитифф»)
Оштогу тушоо тойлордо Бишкекке чейин чуркайт экен.
«Президент жана бомж» киносун бир да президент, бир да бомж көрө элек.
Аябай семиз кыз керебеттин эки жагынан кулайт.
(«Brooklyn»)
Оштун чымчыктары күзүндө жылуу жактарга эмес, Орусияга иштегени кетишет.
Чиновник пара алып жатып кармалып, кайра пара берип чыгып кетиптир.
(«Кыргыз двор»)
Кыз 18 жашка чыкканда ромашка гүлүн сүйөт-сүйбөйт деп үзөт экен. 35 жашка чыкканда болсо урат-урбайт дейт экен. 70ке чыкканда турат-турбайт деп үзүп жатса, чалы "турдум" десе, "турсаң бас, чай ич" деген экен.
("Рота")
(Команданын капитаны Калыбек тоюн сахнада өткөрдү. Эки жашты жүгүнтүп элге салам бердирип жаткан кез)
Биринчилерден болуп
Ордолуу Оштон келе берген,
Бишкекте жашап жүрө берген,
Өздөрүн «местный» сезе берген
Оштуктарга бир салам.
Ат арытып алыстан,
«Тамашоу» көрөм деп келген,
Тээ алыскы Баткенден,
Салгыла салам жүгүнүп,
Баткендиктерам калсын сүйүнүп.
Шып-шырылдаң шыр экен,
Тып-тырылдак тыр экен,
Таластыктарга бир салам.
Кара-Балтанын баласы,
«Тамашоунун» атасы,
Тик туруп алып сүйлөгөн,
Отурганды билбеген
Эрмек байкеге бир салам.
Келиндин жүзүн ачканда Садык фатанын ичинен чыга келди:
Калыбек: – Келин кана?
Садык (келин): – Салондо, көйнөк бырышып калбасын деп кийгизип койду мага.
К.: – Тез, кеч киргенче алып келип кой, өзүңдөн көр, кечинде нике түн болот, мага баары бир.
(«Универсал»)
"КИМ ТАПАН?"
(«Кыргыз двор»)
– Кимдин акыл-эси жайында болсо, ошол ырдайт.
(«Универсал»)
– Эмнеге кыргыздын жигиттери аскерден качышат?
(«Рота»)
– Азыркы эркектер кызга окшоп, кыздар эркектерге окшоп калган. Ошон үчүн качышат.
(«Рота»)
– Ош десе самсаны, Баткен десе өрүктү, Талас десе өпкөнү, Көл десе көлдү, Нарын десе койду элестетебиз. Бишкек дегенде эмнени элестетесиңер?
(«Универсал»)
– Бишкек дегенде деле дал силерди, оштуктарды элестетебиз.
(«Позитифф»)
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg