Нөшөрлөп жамгыр же кыламыктап кар жааганда кол чатырга корголоп, көздөгөн жерибизге суу болбостон жетип алабыз. Кызыгы, бул буюмду ким ойлоп тапканы азыркыга чейин белгисиз. Тарых барактарында биздин эрага чейинки 11-кылымда эле кытай эли кол чатырды колдонгону айтылат. Бирок алар кол чатырды жаандан эмес, күндүн нурунан сактаныш үчүн көтөрүшкөн. Байыркы Мисирде жана Вавилондо кол чатырды бийликтин символу катары карап, хандын үй-бүлөсү гана колдонгон. Ал эми римдиктер алгачкылардан болуп кол чатырды жамгырда көтөрүп башташкан экен.
Ошентип 18-кылымдан баштап бардык европалыктар жаанда кол чатыр кармап көчөдө кеңири басып калышкан. Айырмасы – баштапкы кол чатырлар чоң болсо, азыркылар бүктөлүп, баштыгыңа да салып алганга ыңгайлуу.