Жаздын эрте келгенине кичинекей Медер абдан сүйүндү. Анткени чоң энеси кышындасы "суук тийип калат" деп аны сыртка көп чыгарчу эмес. Эми канча кааласа чыгып ойной берсе болот. Медер чоң энеси конокко кеткенинен пайдаланып жаанга карабай сыртка ойногону чыкты. Ойноп жүрүп ылай буту менен үйгө кирип-чыга да берди. Мизилдете жуулган таза бөлмө заматта карала-торала болуп булганды. Үйдү чачып, жаман буту менен кирген досун уяткарып коём деген ниетте:
– Медер, уялсаң боло! Чоң энең эртеден кечке үй жыйнайт, кыйналат. Бирөөнүн эмгегин да баалаш керек го?!- деди Болот деген досу акыл айтып.
Аны Медер тоготуп да койгон жок. Эшиктин алдында өсүп турган чөптөрдү үзүп келип үйгө чачып:
– Эмне, ал мага жат бирөө бекен?! Өз энем!- деп полду "тарс" тепкенде өтүгүнөн кара балчык "талп" этип кийизге түштү. Жакшы жумуш жасап койгонсуп өзүнө ыраазы боло сыртка чуркап чыккан Медер көлчүккө кулап түштү. Кийими, бети-башы баткак. Суу кийимин которгону үйгө келип, кире бериштеги күзгүдөн өзүн көрүп чочуп кетти. Таптаза кебетеси бир заматта булганып калганына ыйламсыраган Медер "и-ий, жана мен да үйдү, кийизди кирдеттим эле, алар да мага окшоп ыйлаган турбайбы. Мындан ары эч кимге, эч нерсеге зыян келтирбейм" деп өзүнө сөз берди.
Жапарали Осмонкулов
Замира Рахманбердиева
balakai@super.kg