ЭРОЗИЯ, ПАПИЛЛОМА, ПОЛИП – АЯЛДЫ РАККА КАБЫЛТАТ

Рак... Бул сөз кимди болбосун селт эттирип, коркунучка кептейт. Мына ушул дарт төрөт курагындагыларды дагы эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, энелерди дөөлөттүү карылык сүрөр убагында ооруканага сүйрөөдө. Ал тургай айрымдарды көз жумдурууда. Оорунун жаралышына эмнелер себеп болууда? Эмнелер менен дарылап, айыктырууга мүмкүн? Жооп издеп Бишкектеги Улуттук онкологиялык борборго аттандык.

СТАТИСТИКА:
Онкологиялык борбордун гинекологиялык-онкологиялык бөлүмүндө 2015-жылы оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу аялдарды кабыл алуу кыскарып, 595 аялга операция жасалган (мунун 308и залалдуу рак деп табылган). 2014-жылы 765 аялга операция жасалып, анын 358и залалдуу деп аныкталган.

"РАКТЫ УБАГЫНДА АНЫКТАБАСА, БАШКА ОРГАНДАРГА ДА ЖАЙЫЛЫП ӨСӨТ"
Алгач гинекологиялык-онкологиялык хирургия бөлүмүнүн башчысы Роза Молдалиеванын кабинетине баш бактык:
– Гинекологиялык-онкологиялык оорулардын ичинен эң көп кезиккени – жатын моюнчасынын рагы. Андан кийинки орунда эн бездеринин (яичники), акыркы орунда жатындын рагы турат. Бизде жатын моюнчасынын жана жатындын рагынын 0, 1, 2 стадиялары, ал эми эн бездеринин диагнозу аныкталган жана аныкталбаган түрлөрү менен келгендер кабыл алынып, дарыланат. Жогорку стадиясындагылар башка бөлүмдө дарыланат. Ракты убагында аныктап, андан ары өөрчүтпөй алып калбаса, жанындагы башка органдарга чейин жайылып өсүп кете берип (метастаз), акырында адамды мерт кылат. Андыктан аялдар 1 жылда 2 ирет гинекологго текшерилип, УЗИден өтүп туруусу кажет. Эртең деп жүрө берип оор стадиясында келгендер көп. Эми оорулар боюнча түшүндүрмө берейин.

ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН РАГЫ
– Келип чыгышына төмөнкүлөр себеп:

  • Гормондордун иштешинин бузулушу;
  • Тукум куучулук;
  • Радиация;
  • Химиялык уулуу заттар;
  • Папиллома;
  • Полип (эттин өсүп кетиши);
  • Төшөктөгү өнөктөштөрдү улам алмаштыруу;
  • Экологиянын бузулушу;
  • Жатын моюнчасынын өтүшүп кеткен эрозиясы, дисплазиясы (эпителий ткандарынын катмарларынын өзгөрүүсү) жана лейкоплакиясы (эпителий ткандарынын калыңдап, катууланышы).

ООРУНУ КАЙСЫ БЕЛГИЛЕРДЕН УЛАМ БАЙКООГО БОЛОТ?
Алгачкы стадиясында:

  • Жыныстык кындан жагымсыз суюктуктун бөлүнүп чыгышы;
  • Төшөк катнашында ичтин оорутуусу, аздан кан келүү;
  • Этек кирдин келүү мөөнөтүнүн өзгөрүшү.

Өтүшүп кеткен стадияларында:

  • Кан агуу (климакс болгон аялдарда да);
  • Ичтин оорутуусу;
  • Бат чарчап, алсыроо;
  • Тамакка табиттин жоголушу;
  • Арыктоо, анемия (кан кетүүдөн улам).

Дарылоо
Рактын залалдуу же залалсыз түрү экендигин ажыратуу үчүн рак клеткасынан кичине үзүп, гистологиялык лабораторияга жиберебиз. Ал жактан жыйынтыгы келгенде ошого жараша чечим кабыл алабыз. Адатта операция жасалып, жатын, жатын моюнчасы жана түтүкчөсү кошо алынат. Операциядан кийин радиологиялык (нурдантуу) жана химиялык (дары-дармек) терапия жүргүзүлөт. Операцияда рак клеткасынын микробөлүкчөсү калып калса ал кайра өсүп, метастаз берүүсү мүмкүн. Андыктан жатын моюнчасын ичтен жана сырттан (дистанциялык) нурдантуу терапиясы жүргүзүлөт. Үйүнө чыккандан кийин ар 2 айда бир келип текшерилип, анализ тапшырып турат.
Ушул жерден айта кетчү нерсе, биздин борбордун радиологиялык бөлүмүндөгү республика боюнча жалгыз ичтен кактап нурдантуучу «Агат» аппараты 2013-жылдан бери бузулуп иштебей турат. Ал эми сырттан кактап нурдантуучу аппарат иштеп жатат. Андыктан операция жасалган аялдар ичтен кактап нурдантуу терапиясын алуу үчүн Казакстанга, кээ бири Орусияга барууга аргасыз.
Бул дарт 35-55 жаш курактагыларда көбүрөөк жолугат.

ЭН БЕЗДЕРИНИН РАГЫ
– Эн бездери, өзүңүздөр билгендей, жыныстык гормондорду жана жумурткалыкты (яйцеклетка) бөлүп чыгарып турат. Аялда 2 эн бези бар, анын биринде рак жаралса, кийинчерээк экинчисине да өтөт. Убагында рак аныкталбаса, ал жатын түтүкчөсүнө, жатынга, лимфа бездерине, боор, өпкөгө дейре өсүп, чырмап кете берет.

Келип чыгуу себептери:

  • Тукум куучулук;
  • Экологиянын бузулушу;
  • Гормоналдык өзгөрүүлөр;
  • Жыныс органдарындагы сезгенүү;
  • Эрте же карыгандагы кеч климакс;
  • Эмчектин рагы менен ооругандарда да бул оору жаралышы мүмкүн.

Белгилери

  • Ич чоңоёт;
  • Ичтин оорутуусу;
  • Тамакка табиттин жоголуусу;
  • Арыктоо;
  • Бат чарчап, алсыроо;

Рактын бул түрү 50 жаштан өйдөңкү аялдарда көп жолугат.

ДАРЫЛОО
Операция жасалып, эн бездери, жатын түтүкчөлөрү, жатын чогуу алынат. Операциядан кийин химиялык терапия гана жүргүзүлөт. Кээде оорунун стадиясына жараша операцияга чейин да химиялык терапия жүргүзүлүшү мүмкүн.

ЖАТЫНДЫН РАГЫ
– Бул дартка чалдыгууга төмөнкүлөр себеп болот:

  • Тукум куучулук;
  • Жатындын эндометрия клеткаларынын өсүп, көбөйүп кетиши;
  • Гормоналдык өзгөрүүлөр.
  • Айта кетчү нерсе, абдан толуп кеткен аялдарда жана кант диабетинен жапа чеккендерде бул ооруга кабылуу коркунучу чоң.
  • Оорунун белгилери жатын моюнчасынын рагынын белгилериндей эле.

Дарылоо
Операция жасалып, жатын, жатын түтүкчөсү, жатын моюнчасы кошо алынат. Оорунун өнүгүшүнө жараша лимфа бездери алынышы да, алынбашы да мүмкүн. Операциядан соң сырттан нурдантуу, химиялык терапия жана гормоналдык дарылоо жүрөт.
Бул рак түрүнө 45-55 жаш аралыгындагы аялдар көп чалдыгат.


«ИЧТЕН КАКТАП НУРДАНТУУЧУ ЖАҢЫ АППАРАТ ИЮЛДУН БАШЫНДА КЕЛЕТ»
Республика боюнча жалгыз радиологиялык бөлүмдөгү 3 жылдан бери иштебей турган аппарат жакын арада оңолор же оңолбостугун билүү максатында аталган борбордун жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Бактыгүл Султангазиевага жолуктук.
– Азыр иштебей турган аппарат 1981-жылы алынып келинген. Ал өз мөөнөтүн өтөп бүтүп, 2013-жылы бузулган. Ошондон бери андай жаңы аппаратка каражат бөлүнбөй, аялдар чет элге барып ичтен нурдантуу терапиясын алууга аргасыз болуп келген. Биз бул маселени Жогорку Кеңеште, өкмөттө да тынымсыз көтөрүп, чогуу-чаран каражат табуунун варианттарын издештирип жаткан элек. Мындан 2 ай мурун жаңы аппарат алууга мамлекеттик бюджеттен 32 миллион сом бөлүндү. Эми, буюрса, июлдун башында Москвадан алынып келинет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
marmiladka9
2016-05-30 10:28:19
Кудай сактасын !
+8
orun
2016-05-30 12:08:13
marmiladka9, оомийн!!!
+5
Nurjan15
2016-05-30 14:44:56
ээх ушул ооруну кантип айыктырса болооот
+1
Siren.ms
2016-05-30 15:34:37
эрозия менде барбы жокпу так билбей жатам эки врач эки башка айтып жатат.Менде выделения келет бирок ичим оорубайт куйом мн кошулганда кан келбейт бирок ачыштырып оорутат кошулбасам билинбейт мазок тапшырсам восполнение бар дейт шамалдаган дейт эрозия бул мазок тапшыргандале билинеби кандай?
0
white_angel
2016-05-30 17:10:48
Siren.ms, бул жака эмес,Суперстан-кыздын сырына жазсаныз болмок экен
+1
aitbu
2016-05-31 04:04:22
Siren.ms,Кольпоскасия дан текшерт билесин
0
Aytur
2016-06-03 18:29:12
Siren.ms,
эрозия мазоктон эмес гинеколог озу коргондо билинет
0
belka
2016-05-30 19:16:26
Алла сактасын,мээнет берсе да шыпаасын кошо берсин.
+3
zoichka
2016-05-31 09:59:31
Ракка каршы алдын алуучу вакциналар да чыгыптыр го.ошол жонундо маалымат бере кетсе жакшы болмок
0
oilonchu92
2016-05-31 10:39:17
кудай сактасын....андй оорудан алыс кылсын баарыбызды
+3
Aisuluu160790
2016-05-31 21:18:16
Аял киши озун жакшы караш керек экен...
+2
Asyl19.09.90
2016-06-02 14:59:19
Аааиии журогум тушуп калдыго срочно врачка барыш керек 3жылдан бери спираль менен журот элемда
0
Jaloshtalnarisbatchui
2016-06-03 12:52:18
Жашоо бир гана секс эмес экен да...
-1
Kut-begim
2016-06-04 13:24:59
Аллах озу сактасыр бул оруудан!
0
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан