Данияр Айтман, блоггер:"АЯЛДЫН БААСЫ КЫРГЫЗСТАНДА МАЛДАН ДА АРЗАН"

Учурда блог жазуу маалымат каражаттарынын бир бөлүгү сыяктуу. Орчундуу теманы козгоп, коомдогу көйгөйлөрдү ачык билдирүү, аны чечүүдө иштин ордунан "козголушуна" түрткү берүүчү курал сымал. Өлкөбүздө кыргыз аялдарынын таламын кызуу талашкан, бир жыныстуу мамилени ачык колдоп, коомчулукта кызуу талкуу жараткан Данияр Айтман тууралуу сөз кылабыз.

– Данияр, биздин жашоодо болуп жаткан орчундуу иштер сиздин блогсуз калбайт. Дегеле блог жазууңуз эмнеден улам башталды?
– Мен блог жазууну МБА программасы боюнча АКШдагы бизнес мектепте окуп жүргөндө баштагам. Анда АКШнын жашоосунун таасири жана окуум тууралуу жазчу элем. Менин блогдорум мекендештердин кызыгуусун арттыра баштаганын байкап, башка темалар жөнүндө да жаза баштадым. Кыргызстандын атуулу болгон соң мени өз өлкөмдөгү аялдарга болгон зомбулук же болбосо коррупцияга чыланган бийлик сыяктуу курч көйгөйлөр тынчсыздандырбай койбойт. Ошондуктан ушул темаларда көп жазам.

– Жазгандарыңыздан улам дүйнө таанымы кеңири адам экендигиңиз байкалат. Кайсы кесипти аркалайсыз? Эмне иш менен алексиз?
– Москвадагы Ломоносов атындагы мамлекеттик университетин, Будапешттеги Борбордук Европа университетинин магистратурасын жана Мичиган университетинин МБА программасы боюнча бизнес мектебин бүтүргөм. Кесибим болсо финансист, бизнес консультант. Көп жыл бою Кыргызстандагы эл аралык аудитордук компанияда эмгектендим. Кийинчерээк Казакстандагы эл аралык тоо-кен казуучу ишканада финансы боюнча менеджер, ошондой эле Орусия, АКШ, БАЭдеги бир канча эл аралык компанияларда консультант катары иштедим. Учурда инвестициялык ишмердүүлүк менен алектенем.

– Блог жазбай эле гезитке же маалымат сайттарга макала жазса болобу? Же блог жазып, анын астындагы талаш-тартыштардан ырахат аласызбы?
– Блоггер же колумнист болуу ойдо да жок болчу. Бул өзүнөн-өзү башталып кетти. Кыргызстандагы башка Фейсбук колдонуучулардан эч айырмам жок. Эл катары эле өз баракчама ой-толгоолорумду жазам. Болгону менин жазгандарым көпчүлүк колдонуучулардыкына караганда кичине популярдуу экен. Фейсбукта белгилүү болуп кеткен соң өлкөбүздүн бир канча маалымат каражаттары "макала жазып бербейсиңби?" деп кайрылышты. Мен жазган макалалар, интервьюлар көптөгөн маалымат каражаттарына чыкты. Бирок макала жазганга караганда блог жазганды жактырам, анткени мында өз оюңду ачык-айкын жеткире аласың. Мен блогдордо айкын чындыкты гана жазам. Аны туура эмес түшүнүп алуу мүмкүн эмес.

– Жазган блогдоруңуз аркылуу көпчүлүк учурда кыз-келиндердин, апалардын, дегеле аялзатынын таламын талашып келесиз. Бул сезим, зарылчылык качан, кайдан келип чыкты?
– Кыргызстандын аялдарынын зомбулукка кабылышы мурдатан эле оюмду ээлеп келген. Бала кезимде эле айлана-чөйрөмдөгү аялдардын көйгөйлөрүн өз көзүм менен көрүп келем. Жазгандарымдын арасынан аялдар тууралуу посттор абдан популярдуу болду. Ошондуктан бул темага көбүрөөк кайрылам. Мен ойлойм, биздин коомдун эң орчундуу темасы дал ушул. Аялдар – коомубуздун коргоосуз жана алсыз бөлүгү.

– Бир жыныстуу мамилелерди, гейлерди колдой турганыңызды айтып чыктыңыз. Сиздин пикириңизде, бир жыныстуу мамиле – эркиндик, байлык, жетишкендик экен. Табияттын мыйзамдарына каршы чыгуу түбү жакшылыкка алпарбасы тууралуу да ой болобу сизде?
– Гомосексуалдуулукту адамдар ойлоп тапкан эмес, бул жаратылыштын кубулушу. Тарыхта белгилүү болгондой жана окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, гомосексуалдар бардык коомдо болгон жана болуп келет. Алар адам коомунун 1-5 пайызын түзүшөт. Алар гетеросексуалдар сыяктуу эле адамдар, ошондуктан эл сыяктуу ошондой эле укукка жана мүмкүнчүлүккө ээ болууга татыктуу. Гомосексуалдардын эч кандай зыяны жок.

– 9-Майды майрамдабайт экенсиз. Гейлер, анти 9-Май жана Азимжан Аскаровду баатырга теңөө... Демек, Данияр Айтман батыштын саясатын жайылтуучубу?
– Мен батыштын "баалуулуктары" эмес, жалпы адамзаттын баалуулуктары жөнүндө билдирем. Эркиндик, теңдик, адам укуктары, демократия, рынок экономикасы... Булар батыштыкы эмес, дүйнө жүзүнүн бардык элинде, ошондой эле Кыргызстанда актуалдуу болгон жалпы адамзаттын баалуулуктары.

– "Кыргызстан саясатчылардын билимсиздигинен улам өнүкпөй жатат" деп сындап келесиз. Өлкөнү кантип оңдоп, жакшыртуу керектигин айтып, аны иш жүзүнө ашырууга аракет кылбайсызбы?
– Саясатка аралашпайм. Анткени өзүмдүн жумушум мага абдан жагат. Ар ким өзүнүн ишин аркаласа деген пикирдемин. Саясат – бул олуттуу даярдыкты жана өзүңдү арноону талап кылган жумуш. Кыргызстанда мен урматтаган, колдогон демократиячыл жаш саясатчылар жок эмес. Мисалы, алардын арасынан Эдил Байсалов, Азамат Акелеевди айтсак болот.

"Жазган постторум бирөө үчүн илимге умтулууга, идеализмдин учкунун жандырган, жамандыкка каршы күрөшүүгө күч берген жашоосундагы бир кызык жана кокустук белгиси болот деп ишенем".

"Жаш чагымда менин адатым бар эле. Тааныш кыздарга дайыма бир суроону берчүмүн: «эгерде күйөөң урса эмне кылар элең?» деп. Көпчүлүгү төмөнкүдөй жооп берер эле: «шартка жараша», «биринчи жолубу же жокпу», «эгерде күйөөм жакшы болсо түшүнүп, кечирер элем». Бул суроону билими жогору, акыл-эстүү, келбети келишкен бир нече кыргыз кыздарына да берип көрдүм. Акыркы кыздан башкаларынын жооптору мурункулардай эле болду. Ал эми акыркы кыздын сулуу жүзү дүрт эте жалбырттап, көк көздөрү жалжылдап, бийик үнү дирилдеп: «ошол замат кетип калам» деп жооп берди. Анын ушул жообу, ошол кайнап турган кыжыры менин жүрөгүмдү биротоло эритти".

"Айтканым кулакка өтө жаман угулат, бирок эркек болуп төрөлгөнүмө абдан сүйүнөм. Себеби аялдын баасы Кыргызстанда малдан да арзан. Кадимки бээнин баасы базарда миң доллардан кем эмес. Ал эми аялды болсо чаламандын чак түшүндө бир куту арзан момпосуй, кийүүгө жарабаган эки кытай көйнөгү жана бир ящик самопал арак менен кудалардын көңүлүн алып, оңой эле көчөдөн сүйрөп келип өмүр өткүчө өзүңдүн чарбаңа кошуп койсоң болот".

"Гомосексуал болуу – бул чоң бакыт, демек, сен адамсың жана башка адамды сүйө аласың".

"Кыргызстандын глобалдуу көйгөйү – мамлекетти билимсиздер башкаргандыгында. Билимсиз, тарбиясыз, маданиятсыз, профессионал эмес. Өлкөнү адамдык потенциалы төмөн адамдар башкарып жатат. Коомдун каймактары эмес, таштандылары".

(Данияр Айтмандын блогдорунан үзүндүлөр)

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (93)
nurzada1992
2016-06-04 20:33:37
Кызык, кайсы аялдар жонундо айтты экен!Кочодогу денесин саткан кыздар жонундо болсо..Кыргызстанда эле эмес башка олколордо деле андай кыздар толуп атпайбы?!Же баардык Кыргыз кыздары ошондой эле кадыры жок болуп кеткенби? Озунуздун карындаш, эжелериниз да бизге окшогон малдан да томон инсандар экен да?
+1
mr_oroz
2016-06-04 21:59:10
Бул аялдарды жамандаганга караганда бул озу ХХХ ХХХ Мунун оюу каякта журот озу адамды малга тенеген сага эмне баары бирдей дейсинби байы бар кембагалы бар акчасына жараша калынын берет эн башкысы бактылуу болсо мындайча айтканда мусулмандарга асылбай жургун биздин шариятты окусан анан тушуносун ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2016-06-06 09:38:04
mr_oroz,кимдир-бирөөнү мазактап, аны кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
Fernando
2016-06-04 23:24:25
kyskasy soz jok meen ushuga jetse sen kaira torulup kaira bilim alyshyn kerek ))
+1
omurbek89
2016-06-05 02:27:10
пайгамбарыбыз (САВ) мусулмандарды башкарып турган заман болгондо, ташбараңга алынмак.
+1
_adil_
2016-06-05 06:04:42
Сага окшогон ХХХ ХХХ. А аялзаты эч нерсеге тен эмес. Озун ХХХ сага соз жок Кыргызстанга келбейле ошояктагы ХХХ ХХХ сендей акылдуулардын бизге кереги жок Аман эле болчу
0
admin_superstan
2016-06-06 10:21:36
_adil_,кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүчү билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
0
Pr0gramer
2016-06-05 11:23:04
бул ХХХ эмне дейт, Америкада журуп каяктан билет экен кыргыз кыздарын, оозуна келгенди оттобо деп ХХХ ХХХ керек экен мыркты
0
admin_superstan
2016-06-06 09:34:43
Pr0gramer,кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
0
Asyl.jazi
2016-06-05 12:27:27
Аллахым ыйман берсин, ылайым!
0
Kani1994
2016-06-05 19:31:02
ГОМОСЕКСУАЛдарды колдогону таптакыр жаккан жок!УЯТ да!
+1
eduardali
2016-06-06 00:06:23
Бул баланы тез арада кыргызстандан кетириш керек ХХХ бизде орун жок.
0
admin_superstan
2016-06-06 09:32:28
eduardali,кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүчү билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Nazmirjaz
2016-06-06 13:31:27
мен ундобой эле коеюнчу! Жогрудагылардын созу деле туйшолтоор!
0
admin_superstan
2016-06-14 11:22:08
karlik,кимдир-бирөөнү мазактап, анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
0
karlik
2016-06-15 12:04:41
Тынч эле болсунчу
0
altynkazykbalalyk
2016-06-24 03:31:15
ХХХ ХХХ ХХХ туура кордум. Бул адам канча мамлекетте билим илим албай гейлер менен жашап жургонун баяндагысы келгени кыргыз баласы уят. Гейлерди колдоп атып аял менен бактылуу жашаш бул бала учун озу айткандай оор акыбал.
0
admin_portal
2016-06-27 11:24:19
altynkazykbalalyk, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
jamusa1012
2016-07-14 16:40:27
Ар Адам ар кыл ой жугуртот. Айтаарым эркек да, аял да оз милдетин так аткарса, оз ордун билсе, сыйдан кетпесе эле жашоодо баары жакшы болсо керек. Аялды сыйлаш керек, бугунку кыздар, эртенки эне. Эркекти да, аялды да аял тогуз ай ичине которуп, жаратып, туну уйку корбой ушул даражага жеткирет. Эне чонойтпосо ким билет баарыбыз ушул жерде асмандан тушуп, акылдуу болуп комментарийлерди жазып отурбайт белек. Аял сыйлаганга татыктуу!
0
jamusa1012
2016-07-14 16:46:04
Гомосексуализмге келсек, эркек эркектей, аял аялдай болуп эле жашаган жакшы деп ойлойм. Кудай эркекти аялды коргоочу, калкалоочу иретинде жаратса керек, анан болбой эле эркек башы менен дагы башка бир эркектин колтугуна кире качуу туура эмес деп ойлойм.
0
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан