ПРОСТАТИТ – УРУК ЧЫКТАГЫЧ БЕЗИНИН СЕЗГЕНҮҮСҮ

– Мен жакында ооруп, врачка кайрылсам “простатит” деген диагноз койду. Врачтан тартынганымдан бул оору эмнеликтен келип чыгаарын жана дарыланбаса эмне болоорлугун сурай алган жокмун. Угушума караганда, мындай оору менен ооруган эркектер көп экен. Эми сиздерден сураныч, менин суроолорума жооп берип койсоңуздар. Эрлан, Кочкор.

ООРУ ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?
Простатит – эркектердин арасында кеңири тараган оору. Простатит оорусу урук чыктагыч безине сийдик чыгаруучу каналдан, жоон ичегиден, жамбаштын кан жана лимфа тамырларынан, сезгенген табарсыктан оору козгоочу микробдордун өтүп кеткенинен улам келип чыгат.

ПРОСТАТИТТИН ТҮРЛӨРҮ
Курч кармаган простатит
Эгер эркек курч кармаган простатит менен ооруп калгандыгына карабастан дарыгерлерге кайрылбай жүрө берсе, анда урук чыктагыч безинде абсцесс (ириңдөө) башталат. Мындай учурда дененин температурасы 39-40 градуска чейин көтөрүлүп, заара кылуу кыйындайт. Бир канча убакыттан кийин урук чыктагыч без шишип чыгат да, заара чыкпай калат.
Андыктан, ооруга кабылган адам убакытты өткөзбөй, дароо дарыгер урологго кайрылуусу кажет.

Өнөкөткө айланган простатит
Мында оору кээде бат-бат кармаса, кээде сейрек кармайт. Мындай учурда көпчүлүк эркектер дарыгерге кайрылуунун ордуна үйүндө отуруп, өз алдынча дарыланууну артык көрүшөт. Оорунун белгилери болуп жука чурайдын, бел көчүктүн, эки жумуртканын уюп оорутуусу саналат. Простатит менен ооруган эркектерде көбүнчө жыныстык жактан жугуучу оору козгогуч микроб түрлөрү: хламидия, гонококк же трихомониаз табылат.
Простатитке кабылган эркек дарыгерге кайрылбаса сезгенүү андан ары жайылат. Эгер сийдик чыгаруучу канал аркылуу жайылса, анда циститке(табарсыктын сезгениши), пиелонефритке (бөйрөктүн сезгениши) алып келет.
Жыйынтыгында, уруктуктун сапаты начарлайт да, тукумсуздук келип чыгат. Мындай учурда дарылоо өтө узакка созулат.

ООРУНУН КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ

  • Дененин суукка чалдыгуусу
  • Аз кыймылдуулук
  • Узакка чейин жыныстык катнашта болбоо
  • Дамамат ич катуу
  • Денедеги иммунитеттин начарлашы
  • Сезгенүүдөн келип чыккан оорулар
  • Жыныстык жактан жугуучу жана урологиялык оорулар

ДАРЫЛОО
Простатитти физиотерапия, ийне саюу, дары ичирүү жана башка ар кандай ыкмалар менен дарылайт. Простатитте комплекстүү дарылоо кажет. Эгер дарылоого сунуш кылынган ыкмалардын бири колдонулбай калса, анда айыгууга мүмкүн болбой калат. Ошондуктан, ооруган эркек айыгам десе, врачтын көрсөтмөсүн толугу менен сакташы зарыл.

КЫЗДЫК БЕЛГИНИН ТҮРЛӨРҮ КАНДАЙ БОЛОТ?
Биз учурда 19 жашта болсок да, кыздык деген эмне экендигин толук биле бербейбиз. Угушубузга караганда кыздыктын түрлөрү болот экен. Кээ бирлеринин кыздыгы нике түнү да айрылбай калат имиш. Ушундай болушу мүмкүн­бү?
Гулира, Венера, Эля, Жалалабат.

Кыздык медицинада «гимен» деп аталат. «Гимен» латын тилинен которгондо «чел кабык же жука этче» дегенди билдирет. Ал аялзатынын жыныс кынынын оозунда жайгашат да, үлбүрөгөн назик гүлдүн желекчелерин эске салат.
Кыздык эмне үчүн керек? Бул суроого көпчүлүк окумуштуулар толук кандуу жооп бере алышпайт. Кызыгы, бул жука чел кабык адамда, маймылдардын жана антилопалардын кайсы бир түрүндө гана кездешет. Кээ бир окумуштуулардын ою боюнча аталган чел кабык кыздардын жыныс кынынын таза болуусун камсыздап туруусу үчүн керек экен.

ГИМЕНДИН ФОРМАЛАРЫ
Кыздык белги 17 түрдүү формада болот. Мисалы, тегерек шар түрүндө,элек көзүндөгүдөй болуп торчо, үч бурчтуу, ошондой эле тегерек, чети быржык болгон башка формаларда да кездешет. Кыздык белгиге ээ кыз алгачкы жолу эркек менен кошулганда жука чел кабык айрылып, анын ордуна кыздыктын калдыкчалары гана калат. Бүтүн турган чел кабыктын эркектин жыныс мүчөсү аркылуу бузулуп, айрылышынан, медициналык тил менен айтканда дефлорацияланышынан ал жерде ооруксунуу пайда болуп, чел кабыкчадагы кан тамырчалардан анча-мынча кан чыгышы күтүлөт.

КЫЗ ЧЫКПАЙ КАЛУУНУН СЕБЕПТЕРИ

  • Кызыгы, кээде өтө сейрек болсо да кыздык чел кабыгы жок болуп төрөлгөндөр кездешет.
  • * Кээде турмушта кездешкендей буга чейин эч бир эркек менен кошулбаса да биринчи нике түндө кыздын кыз чыкпай калышы медициналык жактан кыздын чел кабыгынын айрылбай калышы менен түшүндүрүлөт. Кээде кээ бир кыздардын кыздыгы бала төрөгөндөн кийин дагы айрылбастан бүтүн калат. Анын себеби жогоруда айткандай, гимени өтө чоюлчаак болгондугунда.

    Кыздарга эскерте кетүүчү нерсе, күйөөгө чыгаар алдында болочок күйөөсү менен чогуу гинекологго барып көрүнүп, кыз экендигин далилдеген тактама алуусу зарыл. Бул кыз эч ким менен жатпаса да нике түнүндө кокус кыздыгы жок чыкса, өзүнүн ак экендигин далилдеп көрсөтүү үчүн керек.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 219, 12-18-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан