ЖЕТИМ ЖИГИТТИ ӨЛТҮРҮП, СУУГА ТАШТАГАНДАР ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРҮШӨБҮ?

2014-жылы Сокулук РИИБинин ыкчам иликтөө тобу суудан каз таман трактордун темирине чырмалып байланган адам өлүгүн алып чыгышкан. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын ким экендиги бир топко чейин аныкталган эмес. Кийин бул дене 1990-жылы туулган Бакыт Султековго таандык экени аныкталды. Ата-энесинен эрте жетим калып, мектеп-интернатта чоңойгон Султековду ким, эмне себептен өлтүргөндүгү тууралуу ошол жылы гезитибиздин №615-санында макала жазганбыз. Эми бул окуяга кайрадан кайрылууну туура көрдүк. Себеби төмөндө.

ШЕКТҮҮЛӨР КЫЛМЫШЫН МОЮНУНА АЛЫШКАН

Эске салсак, 2014-жылы маркумдун туугандарын издеп таппай, мектеп-интернаттагы мугалимдери менен маектешип, гезит бетине жарыялаганбыз. Тарбиячысы Ирина Галкина "Бакытты кичинесинен тарбиялап өстүрдүм. Окуусун аяктаган соң биздин үйдө жашап жүрдү. Себеби анын ата-энесинен калган үйүн бирөөлөр мыйзамсыз менчиктеп алышкан экен. Кийин сотко кайрылып, үйдү өзүнө кайтарып алган",- деген. Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Нурбек Токтосунов: "Кылмышка шектелип Бегулан Шакиров, Кубат Алмасбеков, Жакшылык Өмүралиев жана Нурлан Алымкулов аттуу жарандар кармалып, кылмыштарын моюндарына алышты. Дагы бир кылмыштын уюштуруучусу, "киши уурдоого жана өлтүрүүгө катышкан" деген шек менен Нуркан Алымкулов аттуу жаран издөөдө жүрөт. Тергөөдө белгилүү болгондой, Бакыт Султековду Сокулук районунун аймагында жайгашкан сарайга алып барып токмоктошкон. Өтө катуу сабалган Бакыт Султеков ошол жерде өлүп калган. Кылмышка шектүүлөр сөөктү жашыруу үчүн маркумдун башына целлофан баштык кийгизип, бутуна каз таман трактордун темирин кошо байлап, сууга чөктүрүп салышкан. Бул кылмыш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат",- деген маалымат берген.

"ТИЛЕГИНЕ ЖЕТПЕЙ КАЛДЫ"

Жакында Бакыт Султековдун кайнатасы болом деп Абдыразак Сулайманов аттуу адам келди:
– 2012-жылы кызым менен Бакыт чакан той берип баш кошушту. Бакыттын ата-энеси эрте кайтыш болуп калгандыктан тай жагы менен катташып турчу экен. Туугандарын ээрчитип келип, кызыма сөйкө салып кетишкен. Көп өтпөй кызымды үйдөн алып кетишти. Ата-энесине тиешелүү үй чоочун бирөөлөргө өтүп кеткен экен, кайтарып алуу үчүн сотко кайрылган. "Сот бүткүчө батирде жашап турабыз" дешкенинен "биз менен жашагыла" деп үйгө чакырып алганбыз. Июнь айы болсо керек эле, "соттон утуп алдым, буюрса, ушул айдын аягында үйдүн ачкычы колума тиет. Август айында чоң үйлөнүү тоюн өткөрөбүз" деп кубанып жүргөн. Тилегине жетпей калды.

"КАЗЫП АЛЫП КАЙРА КӨМДҮК"

Бакыт Султековдун келинчегине жолугуу үчүн үйүнө бардык. Ал 1 жарым жаштагы баласын уктатып жатыптыр. Көзүнө жаш алып, окуя тууралуу айта албады. Күйөө баласынын өлүмү тууралуу уккан күндү кайненеси Мария Сулайманова баяндап берди:
– Бакыт бир мүнөз, олбурлуу бала болчу. Көйгөйү менен деле, кубанычы менен деле бөлүшпөйт, кабатырланып бир нерсе сурасаң "апа, баары жайында" деп жайгарып койчу. Эркек балабыз жок, 3 кызды тарбияладык. Мен аны өзүм тапкан баламдай жакшы көрчүмүн (ыйлап). Ошол күнү кандай кийинип чыгып кеткени эсимде. Эртеси эле телефону өчүп калды. Үч күн катары менен Бакытка чалдык, дайын жок. Бир күнү менин телефонума белгисиз номерден чалуу келип, сыртка чакырышты. Чыксам "милициядан келдик" деп кишилер турушуптур. "Сизге бир сүрөт көрсөтөлү, таанысаңыз айтыңыз" деп, чечилип турган бут кийим, футболка, шым, байпагынын сүрөтүн көрсөтүштү. Баягы бут кийими, ошол менин көз алдымдагы кийген турпаты. Ыйлап жибердим. Кош бойлуу кызым кабарды угуп боюнан козголуп, азап тарттык.
Бакыттын сөөгүнүн ээси чыкпай койгондо интернатта тарбиялаган апасы молдокелерден кеңеш сурап, көмүп коюшуптур. Улуу күйөө балдарым барып Бакыттын сөөгүн казып келип, мусулманча жаназа окуп жерге бердик.

"ҮЙ КИМДИН НААМЫНДА БЕЛГИСИЗ"

Бул арада сөзгө Бакыт Султековдун кайнатасы Абдыразак Сулайманов аралашты:

– Кызым менен Бакыт нике күбөлүгүн алыша элек болчу. Бакыт ошол ата-энесинен калган үйдү алам деп жүрүп кете берди. Үй апасынын наамында болгон экен. Ал каза болгондо Бакытка жана анын агасы Марска мурас катары калыптыр. Апасы каза болордо үйүнө Алымкулов аттуу кишини киргизиптир. Кийин Бакыттын апасы каза болуп калат. Бакыт интернатта жашап, агасы Марс Нарынга туугандарыныкына кетет. Үйдө калган Алымкуловдор "батир акысын көп суммада алдын ала төлөгөнбүз" деп менчиктештирип алышыптыр.
Мен бул боюнча ишти эмнеден баштаарымды да билбей турам. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевге жолугуп, иш тууралуу айтсам "кабыл алууга кел" деген. Бүгүн кабинетине кирейин деп пропуск алгам. Ооздон эле "жынсы шымчан экенсиң" деп киргизбей коюшту.

"БАКЫТ МЕНЕН ЧОҢОЙГОНДО КАТТАША БАШТАГАНБЫЗ"

Бакыт Султековдун атасынын бир туугандарын Нарын облусунан таптык. Аталаш тууганы Улан Жаанбаев буларга токтолду:
– Бакыттын өмүрүнүн акырына чейин эле байланышта болуп жаткам. Үй боюнча сот кылымдын соту болду го, дээрлик 4 жылга уланды. Ал эми анын өлүмү боюнча сот 1 жылга жетпей аяктап калганын түшүнө албай турам.
Бир жолу Бишкекте тамактануучу жайда отуруп Бакыттын официант болуп иштеп жүргөнүн көрүп калдым. Агаларыбызга окшоштуруп таанып, "Бакытсыңбы?" десем "ооба, менмин" деди. Ошондон кийин аны менен катташып калганбыз. Агасы болсо оор кылмыш кылып, 17 жылга эркинен ажыратылып, абакта. Ошондо жолукканыбызда Бакыт "апамдан калган үйдү алам деп соттошуп жүрөм. Аны агам экөөбүзгө мураска калтырып кеткен. Негизсиз эле бирөөлөр ээлеп алышыптыр" деген. Жактоочусу Докучаева Лариса Валентиновнага колумдан келген тыйынымды берип, жардам берүүсүн өтүнгөм. Соту аяктап, үй Бакыт менен агасынын пайдасына чечилген. Ошол жылы, июнь айлары болсо керек, мага "Байке, мен Сочиге иштегени кетип жатам. Сизге ишеним кат жазып берем. Үй деле буюрбай калды го, сатып туруп агам экөөбүзгө тең бөлүп, Нарындан жана Токмоктон ылайыктуу үй караштырып бериңизчи",- деген.
Менин маалыматым боюнча, азыр үй маркум Бакыт менен эле агасы Марстын наамында. Документтери жактоочу Лариса Докучаевада болушу мүмкүн.

"БАШЫНДА ТУРГАН КИШИ КАЧЫП ЖҮРӨТ"

Султековду өлтүрүүгө шектелип кармалгандар "киши өлтүрүү" эмес, "киши уурдоо" беренеси менен күнөөлөнүп, шарттуу түрдө кесилишип, абактан чыгып кетишкен. Буга макул эмес экенин Абдыразак Сулайманов төмөнкүдөй билдирет:
– Сокулук райондук соту Жакшылык Өмүралиев, Кубат Алмасбеков, Бегулан Шакиров дегендер мурда соттолбогон, туруктуу жашоочу жерлери бар жана үйүндө жаш балдарды, кары адамдарды багып жатышат деп чыгарып жиберген. Бакытка таандык үйдү менчиктеп алган Нуркан Алымкулов жогорудагы зөөкүрлөр менен бирге Бакытты сабап өлтүрүп, сууга ыргытышкан. Нуркан Алымкулов Кыргызстандан качып чыгып кеткен. Мен анын атасына жолуктум. Ал баласын "күнөөсү жок" дейт. "Күнөөсү жок болсо чакыр, эмнеге качып жүрөт?"- десем жооп бере алган жок. Соттук-медициналык экспертизадан "маркум сууга ыргытылганга чейин тирүү болгон" деген жыйынтык чыгыптыр. Мен соттун чечиминин 1 пайызын да ынанымдуу деп эсептебейм.

"ӨЛТҮРГӨНДӨР КРИМИНАЛДУУ ЧӨЙРӨДӨН"

Бир топ убакыт мурун ушул окуяга байланыштуу маалыматтарым бар деп редакциябызга бирөө чалганын эстеп, ал киши менен байланыштык. Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айылында 20 жылдан бери айыл өкмөт, зоотехник болуп иштеп келген Нурбек Кулмырзаев буларга токтолду:

– Гезитти барактап отуруп мындан 2 жыл мурун Бакыт Султековдун өлүмү тууралуу окуп калдым. Арасынан Кубат Алмасбеков дегенди сүрөтүнөн тааныдым. Кубат Алмасбековду "мурда соттолгон эмес" деген сотко таң калып жатам. Ал мындан мурун да бирөөлөр менен чогуу Германиядан машина айдап келип сатып иштеп жүргөн орус улутундагы баланы өлтүрүшүп, 14 жылга эркинен ажыратылган болчу. Анын соттолгондугу тууралуу документтер менде бар. Кийин акчанын күчү менен чыгып кетиптир. Апасы айыл өкмөткө катчылыкка дайындаларда баласынын өмүр-таржымалынан соттолгондугу тууралуу такты өчүртсө керек. Себеби ага чейин ал Жантайбеков Кубат Алмасбекович болчу. Кийин фамилиясын Алмасбеков кылып өзгөртүп алыптыр. Эгер ал мурунку кылмышы боюнча жазасын толук өтөгөндө, кийинки өлүм ишке ашмак эмес беле дейсиң. Укук коргоо органдары, соттор акчага сатылып, кылмышкерлерди эркиндикке чыгарып ийип, канчалаган адамдардын өлүмүнө себепкер болуп жатышат.

Бакыт Султеков 2 жыл мурун суудан ушул абалда табылган.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
kutmanbek80
2016-05-31 02:57:51
Кудай сакта көр не деген шумдук
+2
hann
2016-05-31 21:52:39
Жогору жактагы атка минерлерибиздин эси дарты акча болуп калгандын артында жонокой адамдар азабын тартууда. Качан онолобуз, качан акчанын кулу болбой улуу адамдардан болобуз...
+5
Bahira
2016-05-31 23:27:45
Аллах баарын коруп билуучу зат акыретти ойлошубуз керек мусулман бир туугандарым
+3
Mercedes202
2016-06-01 01:17:17
Жанагы жан алгычтар менен аларды актаган сотторду да ушинтип сууга салып жиберсе
+4
dinar-87
2016-06-01 18:52:14
Жетимге кун жок деген ушул окшойт.
+2
bekiw.801
2016-06-02 10:17:38
Мен дагы адилетсиз соттордун айынан үйсүз калып Россияда иштеп жүрөм. Бир дагы адилет сот жок азыр Кыргызстанда. Баарын дарга асып салган адам соопко калат. Ушулардын айынан канчалардын тагдыры бузулуп кыйналып жүрүшөт...
+4
barpy1
2016-06-02 15:39:42
Кыргызстан туура жолдо баратышат дейт, туурасы ушулбу, 10 иштин бироосу гана адилет окум табат соттордон. Сот, прокурора,милиция, докторлор, аким,министр, депутаттар оздору коррупцияга белчесинен батып, акчалуу жана тууганы кучтуулор эл башкарат. Анда да бийликти байуунун куралы катары колдонуп кедей байга жетем десе бул байлар кудайга жетем деп бир-бири менен атаандашып келет карапайым элди тоноп, казынаны каалагандай калчап, булунтуп... Азыр бизде чындык, адилеттуулук жок...
+3
barpy1
2016-06-02 15:39:57
Айткандын оозу жаман,ыйлагандын козу жаман болуп..
+2
Illusions
2016-06-03 01:56:16
Канкорлор, олтургон сон жазасын алгыла! Эгер сот чечими адилетсиздик жака чечилсе, алар да Аллахтын алдында ошолор катары жооп берерин унутушкан окшойт. Аллах жазанарды бергирлер десе!
+2
Asyl19.09.90
2016-06-03 03:12:45
Соттор сот емесле жеп ичерлер болуп буттуго алдуусу алсызын сыздатып.Аллахым озу жазасын берсин булардын.тооббооо кылдым кантип кун откоруп кантип уктап журушот деймда ушуга окшогондор
+2
Asyl19.09.90
2016-06-03 03:14:22
Акча буларды кабыр азабынан сактайт деп ойлошот окшойт бул кем акыл сот сооройлор
+2
feniks.85
2016-06-03 17:02:31
Начар
+2
Gulsarat
2016-06-04 01:04:29
ылайым укум-тукуму жарыбай отушсун,азап менен кун кечирип калсын колу канга боёлгон адамдардын
+2
kofesmolokom
2016-06-04 02:57:09
Сот жазасынан го кутулуп кетишиптир, ал эми Жараткандын алдында кантип актанаар экен?!
+2
Ibi86kg
2016-06-04 08:03:39
Сот аргандары алилетту болгулачы карапайым элди сыздатпай.
+2
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан