МИКРОФИНАНСЫЛЫК ТАРМАКТАГЫ ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДИН ТҮПТӨЛҮШҮ

Микрофинансы сектору акыркы жылдар аралыгында динамикалуу темп менен өнүгүп, өлкөнүн финансы секторунун негизги бөлүгүн ээлеп жатат. Микрокаржылоонун өсүшү менен бирге эле республикада насыя алуучулардын укуктарын коргоо, алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу адаттагыдай эле маанилүү бойдон калууда. Бул жолу Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерине тышкы көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн инспектору Омуралиев Медер Темирбулатович менен микрофинансы тармагындагы пайыздык чендердин түптөлүшү тууралуу маектештик.

– Саламатсызбы, Медер! Бүгүнкү күнү Кыргызстанда микрофинансы тармагында жарандарды насыя менен камсыздоонун абалы кандай? Кандайдыр бир кыйынчылыктар жокпу?
– Азыркы тапта микрокаржылоо сектору банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди институттук негизде өнүктүрүүгө басым жасап, сандык өнүктүрүүдөн сапатка өтүүгө, тобокелдиктерди башкаруунун жана башка иш-чаралардын сапатын жогорулатуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн кеңейтүү максатын көздөйт. 2016-жылдын 31-мартындагы маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында 289 чакан микрофинансылык мекеме иш алпарат. Тагыраак айтканда, 1 адистештирилген финансы-кредиттик мекеме, 169 микрофинансылык уюмдар жана 119 кредиттик союздар бар. Ошол эле учурда адистештирилген финансы-кредиттик мекеме, микрофинансылык компания жана кредиттик союздардын ишмердүүлүгү Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишке ашырылат. Ал эми микрокаржылоо компаниялардын жана кредиттик союздардын ишин каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде иштейт. 2016-жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы боюнча микрофинансылык уюмдардын кредиттик портфели 9 090,2 миллион сом жана кредиттик союздардыкы 917,5 миллион сомду түзгөн. 2016-жылдын 31-мартына карата кредиттик портфель негизинен айыл чарбасы, соода жана керектөөчү насыяларга багытталып, анын үлүшү 31, 18 жана 19 пайыз болгон.
Ал эми банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин карызгерлеринин саны 221 934 адамды түзгөн. Ушул мөөнөткө карата банк эмес финансы-кредиттик мекемелерден насыя алып, убагында төлөй албай жаткандар 7,9 пайызды түзгөн.
Микрокаржылоо секторунда негизги кыйынчылыктар микрофинансылык мекемелердин ресурстары кымбат болгонунан жана калктын финансылык сабаттуулугунун төмөндүгүнөн улам келип чыгат. Калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу пайыздык чендерди төмөндөтүүнүн маанилүү шарты болуп саналат. Анткени финансылык жактан сабаттуу калк ар кайсы микрофинансылык уюмдардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрүн салыштырып көрүп, өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүнө талдоо жасоо аркылуу насыя менен камсыздоонун жагымдуусун тандай алат.

– Акыркы 5 жыл аралыгында микрокаржылоо секторунда пайыздык чендер кандайча өзгөрдү?
– 2010-жылдан 2014-жылга чейин насыя берүү рыногунда микрофинансылык уюмдар тарабынан улуттук валютада берилген насыянын орточо пайыздык чени 38,8 пайыздан 30,04 пайызга чейин, ал эми кредиттик союздарда 30,2 пайыздан 25,63 пайызга төмөндөө байкалган. Пайыздык чендин төмөндөшүнө алып келген негизги себеп катары: "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышы, финансы рыногундагы атаандаштыктын күч алышын атасак болот.
Бирок 2015-жылдын ичинде микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздардын пайыздык чендери бир азга жогорулап, 32,16 жана 27,88 пайыз чегинде болгон. Бул салым ушул ресурстарды банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер аркылуу инвесторлор тарабынан чет өлкө валютасында тартылып келишинен улам 2015-жылы баарына белгилүү болгондой, чет өлкө валютасынын курсунун жогорулоосу байкалган. Ушуга байланыштуу банк эмес финансы-кредиттик мекемелердин чыгымдары да жогорулап, "хеджирование" деп аталган валюталык тобокелдикке кабылып, кредиттик продуктунун баасына таасир этти.
Кредит боюнча пайыздык чендин деңгээли ошондой эле АКШ долларынын курсунун волатилдүүлүгүнүн негизинде, терс маанайдагы экономикалык күтүүлөр жогорулап, күрөө мүлкүнүн наркынын өзгөрүүсүнө карата тобокелдик көбөйгөн, андыктан арзан жана узакка созулган ресурстардын суроолору актуалдуу болуп калууда.

– Айтсаңыз, микрофинансылык мекемелердин банктарга караганда пайыздык чени жогору болушу эмне менен түшүндүрүлөт?
– Микрофинансылык тармактагы пайыздык чендердин деңгээлин караштырып жатып, микрофинансылык мекемелердин ишмердүүлүгүнө жараша чыгымдарын эске алуу керек. Микрофинансылык уюмдарынын чыгымдары кызматкерлердин жеке катышуусун талап кылган, майда операцияларды кайра иштетүүгө байланышкан чыгымдар менен негизделет.
Мисалы, микрокаржылоо уюмдары күрөө маселесине келгенде банктарга салыштырмалуу өтө катуу талаптарды койбойт жана микрокредиттерди ири күрөөсүз эле бере берет. Ошонун негизинде жогорку тобокелдиктерди башкаруу боюнча чыгымдарга алып келет. Ушуга байланыштуу МФУ расмий күрөөнүн ордуна жеке факторду колдонууга муктаж болот. Кыска мөөнөткө жана чакан насыяларды берүүгө карата кетүүчү чыгымдар дайыма коммерциялык банктар берген ири насыяга кеткен чыгымдарга салыштырмалуу бир кыйла кымбат болот.

– Пайыздык чендерди төмөндөтүү боюнча Улуттук банк кандай иштерди жүргүзүп жатат?
– Улуттук банк тарабынан дайыма ар бир финансы-кредиттик мекеменин насыя боюнча пайыздык чени көзөмөлдөнүп турат. Эгерде пайыздык чендерде олуттуу өзгөрүүлөр болгон учурда насыялар боюнча да, депозиттер боюнча да өзгөрүүнүн себебин аныктоо үчүн анализ жүргүзүлүп, анын түшүндүрүлүшү талап кылынат. Ошол эле учурда Улуттук банк пайыздык чендердин деңгээли базар мамилелеринин негизинде аныкталышы керек деп эсептейт, ушуга жараша пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн төмөнкүлөр керектелет:

  • Өлкөнүн мындан аркы саясий жана экономикалык туруктуулугу;
  • Жагымдуу инвестициялык климатты камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүнү улантуу аркылуу банктык жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерге бир кыйла төмөн пайыздык чендер жана жагымдуу шарттарда тышкы таасирлерди тартуу;
  • Каржы секторунда атаандаштыкты күчөтүү жана каржылык инфраструктураны өнүктүрүүнү улантуу (баалуу кагаздар рыногун, мамлекеттик жана жеке инвестициялык институттар) үчүн;
  • Экономиканын кээ бир тармактары боюнча насыялык чендер боюнча субсидияга багытталган долбоорлордун негизиндеги иштерди улантуу.
  • Банк эмес микрофинансылык мекемелердин мындан аркы финансылык туруктуулугунун үлүшүн КС жана МФУ ички каржылоо аркылуу өнүктүрүү (депозиттик операциялар аркылуу)
  • Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу;
  • Микрофинансылык уюмдарды жана кредиттик союздарды мыйзамдардын негизинде өркүндөтүү жана банк операцияларынын жаңы түрлөрүн киргизүү (депозиттик операциялар, акча которуулар, накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операциялары, ислам каржылоо принциптери) аркылуу өнүктүрүү.

– Биздин өлкөнүн мыйзамдарында пайыздык чен деген маселе кандайча аныкталат?
– «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, пайыздык чендин өлчөмү микрофинансы уюму тарабынан өз алдынча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бекитилет. «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, максималдуу пайыздык чендин өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныктаган орточо номиналдык пайыздык ченге 15 пайыз кошо турган негизинде эсептелинет. 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында орточо салмактанып алынган номиналдык пайыздык чен 20,37 пайызды түзөт.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан