КӨПЧҮЛҮК КЫРГЫЗСТАН ТУУРА ЖОЛДО БАРАТАТ ДЕГЕН ПИКИРДЕ

Социалдык иликтөөлөрдү жүргүзгөн дүйнөлүк "Gallup" уюму Кыргызстанда жүргүзүлгөн сурамжылоосун жарыялады. Бул иш америкалык Эл аралык республикалык институт үчүн жүргүзүлгөн. Аталган институттун Директорлор кеңешин америкалык сенатор Жон Маккейн башкарат.
Сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын дээрлик 65 пайызы "өлкө туура жолдо баратат" десе, 57 пайызы "биздин өлкөдө демократия өнүгүп жатат" деп эсептешет.
Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын ар бир төртүнчүсү же, башкача айтканда, 78 пайызы Алмазбек Атамбаевди президент катары колдошоорун билдиришкен. Өлкөдөгү негизги көйгөй коррупция экендигин респонденттердин 97 пайызы айтып, эң коррупциялашкан мекеме катары азыр Патрулдук милиция менен бириктирилген МАИ кызматын жана сотторду көрсөтүшкөн.
Буга катар респонденттердин 78 пайызы Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушун колдосо, ар бир экинчи адам бул биримдикке кошулгандын пайдасы жана биримдиктин өзү тууралуу жетиштүү маалымат ала албай жатканын белгилешкен.
Сурамжылоо быйыл март айында жүргүзүлүп, ага жалпысынан 1500 адам катышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан