Тайырбек Сарпашев: "ПАСПОРТТОРДУ БИЗ ЖАСАСАК КАРМАЛБАГЫДАЙ ЖАСАМАКПЫЗ"

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев өткөн жумада Түркиянын Стамбул шаарында уйгур улутундагы 98 адамдын кыргыз паспорттору менен кармалгандыгы боюнча Жогорку Кеңеште түшүндүрмө берди. Сарпашевдин билдиришинче, кыргызстандык төрт жаран Ош, Баткен Жалал-Абад шаарларында умрага (кичи ажылыкка) баруу боюнча лотерея уюштуруларын айтып 98 жарандын паспортторун чогултушкан да, туристтик компания аркылуу виза алышкан. Кийин лотереяда ал паспорттор чыккан жок деп ээлерине кайтарып беришкен. Бирок алардын көчүрмөлөрү алынып калып, көмүскө цехте уйгур улутундагы кытайлык жарандар үчүн паспорт дайындалган.
Депутат Алмамбет Шыкмаматов жасалма паспортторду Мамлекеттик каттоо кызматынын жардамысыз жасоого боло турганы күмөн экенин билдирди. "Паспорттун ар бир барагы 12 деңгээл менен корголгон. 100 паспортту жасап чыгаруу үчүн өтө сапаттуу жабдуу керек",- деди ал.
Тайырбек Сарпашев мындай божомол негизсиз деп эсептейт. "Эгер биз жасаган болсок, анда теория жүзүндө ал паспорттор менен кармалбагыдай кылып жасамакпыз",- деди ал.
Депутат Каныбек Иманалиев кыргыз өлкөсү жасалма документтерди чыгаруучу фабрикага айланганын айтып, жасалма документ чыгаруучуларга карата жазаны катаалдаштырууну сунуштады.
Башкы прокуратура тарабынан аталган чуулгандуу иш боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан