ЭКОТЕХИНСПЕКЦИЯ "КУМТӨРДҮ" 7 МИЛЛИАРД СОМ ДООГО ЖЫКТЫ

23-май күнү Бишкектин райондор аралык соту Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясы берген 4 доо арызынын бирин канааттандырып, "Кумтөр" ишканасын мамлекеттин эсебине 663 миң сом төлөөгө милдеттендирди.
25-май күнү райондор аралык сотто "Кумтөр" компаниясына карата жазылган доо арыздарды кароо улантылып, сот отурумунда тараптардын жарыш сөзүнөн кийин жыйынга төрагалык кылып жаткан судья Айдарбек Алымкулов "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасын мамлекеттин эсебине 6 миллиард 698 миллион 877 миң 290 сом төлөп берүүнү жана ишкананы мамлекеттик пошлина үчүн бюджеттин эсебине 33 миллион 549 миң сомду төлөөгө милдеттендирди.
Эске салсак, өткөн жумада Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасын сотко берген. Инспекция "Кумтөр" кен казган жеринде экологиялык, техникалык жактан бир нече мыйзам бузуп, жер ресурстарына 7 миллиард сомго зыян келтирген" деп Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна 4 арыз менен кайрылган болчу. "Кумтөрдүн" өкүлдөрү ишканага коюлган күнөө негизсиз экенин айтып келишкен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан