ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 49 БАЛА ӨЗ ЖАНЫН КЫЙГАН

Жыл башынан бери өлкөдө 49 өспүрүм өз жанын кыйган. 2015-жылы бул көрсөткүч 96 болсо, 2014-жылы 106ны түзгөн эле. Балдарды суицидге жеткирүүгө себептер көп экендиги, алардын арасында ата-энеси менен тил табыша албоо же ата-энелери чет жакка иштегени кетип, туугандардын үйүндө жашоо өңдүү маселелер айтылды. Депутаттар бул коркунучтун алдын алуу максатында мектептерге психолог алууну сунушташты. Депутат Чолпон Султанбекова"Мектептерде түрмөдөгү "смотрящий", "паровоз" деген сөздөр колдонулуп калды",- деп, суицидге барууга мектептеги рэкет да таасир берерине токтолду. "Мектептерде криминалдык систем орнотулуп, окуучулар "смотрящий" делгенди сыйлашат. Рэкетчиликтен, зордук-зомбулуктан улам уул балдар өзүн-өзү өлтүргөн окуялар болгон. 2015-жылы мектептерде рэкетчилик жоюлду деп жарыяланган эле. Учурда мектептерде рэкет барбы?"- деп билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага суроо салды.
Министр мектептерде рэкетчилик бар экенин айтты. "Акыркы жылдары өз жанын кыйган эркек балдардын саны азайды. Өз өмүрүн кыюуга негизги себеп – ата-энеси менен урушуп кетүү болуп жатат. Мектептерде суициддин алдын алуу максатында класстык сааттар жүргүзүлүп, ата-энелер менен бул маселе талкууланып жатат", - деди Сариева.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан