Британиялык "The Guardian" басылмасы Лондондогу эң бийик имараттардын бири - St.George Wharf мунарасындагы батирлердин ээлерин жарыялады. Маалыматка ылайык, имараттагы батирлердин көбү чет элдик ишкерлерге таандык.
Тизмеде чет элдик 130 ишкер бар. Алардын катарынан "Аю" холдинг компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Улуттук Олимпиада комитетинин башчысы Шаршенбек Абдыкеримовдун фамилиясын көрүүгө болот.
Басылманын маалыматына ылайык, андагы батирлерди сатууда баштапкы баа 2 миллион фунттан башталган (1 фунт 99 сомдун тегерегинде). 73 батир 2 миллион фунттан 5 миллион фунтка чейинки баада сатылган. Эң кымбат батирлер болсо 10 миллион фунт же андан жогорку баада сатылган.
"Аю" холдингдин вице-президенти Балбак Түлөбаев аталган үй мындан 5-6 жыл мурун алынгандыгын билдирди.