БИР БҮРКҮМ

БИШКЕК НАЧАР ШААРЛАРДЫН АРАСЫНДА 21-ОРУНДА...

  • Европалык "Mercer" консалтинг компаниясынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында БИШКЕК дүйнөдөгү эң начар делген 230 шаардын ичинде 21-орунду ээледи. Бул тууралуу "The Independent" басылмасы маалымдайт. Коңшу Өзбекстандын борбору Ташкент бул тизмеде 26-орунда болсо, Тажикстандын борбору Душанбе 18-орунга илинген.

  • Кыргызстанда 2015-жылы
    22 513 аял АБОРТ ЖАСАТКАН. Бул тууралуу өлкөнүн башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

  • 25-майда Ош шаардык кеңешинин депутаттары Ош шаарынын мэрин шайлашты. Жыйынтыгында талапкер АЙТМАМАТ КАДЫРБАЕВ 41 добуш алып, мэрликке кайра шайланды. Ал эми Кадырбаевдин атаандашы Алишер Мойдунов 4 добушка ээ болду.

  • АБДИМАНАП МУРАТОВ билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

  • Президенттин буйругу менен ДҮЙШӨНБЕК ЧОТКАРАЕВ УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

  • Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдүн 85 пайызы КЫТАЙЛЫКТАР. Бул боюнча Мамлекеттик миграция кызматы маалымдайт.

  • 2015-жылдын 24-июлунда Панфилов районунун Эфиронос айылынан ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК 11 жана 5 жаштагы бир тууган кыздарды ээн талаага алдап алып барып коркутуп, улуусун зордуктаган Нуразиз Кулманов аттуу жаран Панфилов райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылды. Чүй облустук соту да чечимди өзгөртүүсүз калтырды.

  • Кыргызстандын мектептеринин 95инде гана ПСИХОЛОГДОР бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.

  • Кыргызстанда МЕКТЕПТЕРДЕ ар бир балага самын менен жыл бою колдорун жууп туруусу үчүн 280 сом гана керек болот. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин гигиена, санитария жана суу менен камсыздоо боюнча координатору Эсен Турусбеков билдирди.

  • РАМАЗАН АЙЫ 6-июндан тарта башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

  • Жалал-Абад шаарындагы КАДЫРЖАН БАТЫРОВГО тиешелүү университеттин имаратынын бир бөлүгүндө облустук сот иш алып бара турган болду. Экинчи бөлүгү Ички иштер министрлигине өткөрүлөрү маалым болду. Батыровдун университети 2011-жылы конфискацияланып, мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан