КЫЛМЫШКЕРЛЕР БАНКТАН НАСЫЯ АЛГАН АЯЛДЫ ТОНОП КЕТИШКЕН

Ош шаарында 50 жаштагы аял банктан ири өлчөмдөгү насыя алган. Анын насыя алып иштетип жүргөнүн билип калган кылмышкерлер аны сабап, тоноп кетишкен.

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ
2016-жылдын 10-апрель күнү саат 08:00 чамасында Ош шаарынан азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштагы белгисиз адам 1966-жылы туулган Бухалима Иметова аттуу айымды ур-токмокко алып, колундагы сумкасын жулуп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жаракат алган жабырлануучу Ош облустук ооруканасына кайрылган. Натыйжада Бухалима Иметова жалпысы 1 жарым миллион сомдон ашуун суммадагы (сумкасынын ичинде 3510 АКШ доллары, 470 000 рубль, 891 715 сом болгон) материалдык зыянга учураган.
Бул окуя боюнча Ош шаардык Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында бул кылмышка шектүү делинип 1995-жылы туулган Кутманбек Абдыбаит уулу кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"АКЧАНЫ ШЕРИГИМЕ БЕРГЕМ"

Сурак учурунда кылмышка шектүү Кутманбек Абдыбаит уулу окуя тууралуу төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Ал аялды тоногон учурда мен жалгыз эмес элем, жанымда Эркин жана Азиз аттуу 2 шеригим бар болчу. Карактаган акчаны тең бөлүп алган эмеспиз. Мен сумканы аялдын колунан жулуп барып Эркинге бергем. Мени Эркин коркутуп ушул ишке барууга мажбурлаган эле. Анын фамилиясын, кайсы жерлик экенин билбейм. Ал мага сумканы ачып, кызматым үчүн 2 миң сом берип, калганын өзү алып кетти. Мен болсо маршруттук таксиге түшүп кетип калгам. Берки 2 шеригим өздөрүнчө кетишкен болчу, аларга андан кийин жолуккан жокмун. Биз мурун да чогуу башка кишилерди курал менен тоноп жүрчүбүз. Куралдар Эркин менен Азиздики болчу, кайдан алышкандарын билбейм.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮНҮН ШЕРИКТЕРИ ИЗДЕЛҮҮДӨ"

Жогорудагы кылмыш боюнча Ош ШИИБинин тергөөчүсү Уланбек Нышанов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Кылмышка шектелип кармалган Кутманбек Абдыбаит уулу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Анын үстүнөн 3 окуяга байланыштуу Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголду. Себеби анын айтымында, Эркин жана Азиз деген достору менен жабырлануучу Бухалима Иметовадан башка да кишилерди тоношкон.
Айта кетсек, 2015-жылдын 8-декабрында таңкы 7 жарымдар чамасында Ош шаарынын Зайнебидинов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн аялы менен чыккан жеке ишкерди 30-35 жаштардагы белгисиз 3 адам "биз милиция кызматкерибиз" деп өздөрүнүн Лексус үлгүсүндөгү автоунаасына салып алып Кара-Суу району тарапка алып барышкан. Ээн жерге барган соң ишкер менен аялын "өлтүрөбүз" деп коркутуп, алардын жанында болгон 3 миң доллар жана 15 миң сомун алып, эл жок жерге түшүрүп кетип калышкан. Бул кылмышка жогорудагы кылмыштуу топ барган экен.
Ошондой эле алар Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан "Накта-Ойл" май куюучу жайына да кол салышкан. Ушул жылдын 4-февраль күнү түнкү саат 3 жарымдар чамасында май куюучу жайдын эшигин сындырып киришип, ал жерде иштеген кароолчуну жана операторлорду сабап, кассадагы 134 миң 726 сомду алып, из жашырып кетишкен. Кылмышка шектелип кармалган Кутманбек Абдыбаит уулу бул кылмыштардын баарына катышканын моюнуна алып, кантип тоногондорун көрсөтүп берди. Учурда бул кылмыштуу топтун калган мүчөлөрүн кармоо иш-чаралары жүрүп жатат.
Жабырлануучу Бухалима Иметова Кара-Суу базарында акча алмаштырып иштейт экен. Ал 2016-жылдын башында да орус улутундагы чала тааныш адам "акчаңызды алмаштырып, үстөгү менен кайтарып берем" деп 33 миң доллар алдап кеткенин айтып арыз жазган болчу. Бирок кылмышка шектүү Орусияга качып кеткендигине байланыштуу колго түшүрүлө элек.

"БАНККА НАСЫЯМДЫ КАНТИП ТӨЛӨЙМ?.."

Биз жабырлануучу Бухалима Иметова менен да байланышып, окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– Мен базарда акча алмаштырып иштечүмүн. Окуя 10-апрель күнү эртең менен мен жумушка бара жаткан маалда болду. Үйүмдөн чыгып 100-120 метрдей басканда көп кабаттуу үйдүн бурчунда бейтааныш жигит отурганын көргөм. Ага маани бербей жанынан өтүп кеткем. Аңгыча эле Краснофлотский деген туюк көчөгө жеткенде артымдан бирөө келип мага кол салды. Бетине медициналык бет кап тагынып алган экен, анысынын бир жагынын боосу үзүлүп, бир жагынын боосу кулагына илинип калыптыр. Анын бетин көрүп, таанып калдым. Ал мени сабап, колумдагы сумкамды жулуп качты. Сумкамдын ичинде 1 жарым миллион сомдон ашуун акчам бар болчу. Анын 18 000 долларын 3 жылда төлөп кутулам деп бир аз мурун банктан насыя алган болчумун. Акчаны айлантып пайда таап, күн көрөйүн деп жүргөм. Окуядан кийин ооруканага жатып, дарыланып чыктым. Дагы деле жакшы айыга элекмин, кан басымым көтөрүлүп жүрөт, коркуп калыптырмын. Милиция кызматкерлери каракчыны 15-апрелде кармашкан. Аны менен мени түнкү саат 3төрдө беттештиришти. Аны жазбай тааныдым, ал дагы кылганын моюнуна алды. Каракчы "биз 3 жигит болчубуз, акча Эркин деген шеригимде" деп көрсөтмө берип жатат. Бирок мен көргөндөн алар экөө эле болчу. Менин оюмча, милиция кызматкерлери ууруну кармаганда акча анын жанында болгон. Балким, милиция кызматкерлери кылмыш ишин бурмалаш үчүн 3-кишини оюнан чыгарышып, "акчаны ошол алып кеткен" деп айт" деп тиги кармалган балага үйрөтүп койгонбу деп ойлоп жатам. "Айланайындар, акчамды таап бергиле" деп жалдырасам да эч кандай жыйынтык болгон жок. Эмне кылар айламды таппай калдым. Банктан болсо "насыяны төлөгүн" деп кыйнап жатышат, эми аны кантип төлөйм билбейм, ар кайсы эшикти каккылап жардам сурап жүрөм.
Өзүм жесирмин, бир уулум бар. Уулумдун бар байлыгы, таянар жалгыз адамы менмин. Кылмышкерлердин кармалбай калган шериги бир күнү келип мени өлтүрүп кетеби деп да чочулап жүрөм. Окуя болгон жерден медициналык бет кап менен лезвие таап, тергөөгө пайдасы тиет чыгар деп үйгө сактап койгом. Берки шериги окуя болгон жердеги дүкөндөрдүн биринин видеокөзөмөл кылуучу камерасына тартылып калыптыр. Бирок сапаты начар болгондуктан таанылбайт экен.

Кылмышка шектүү Кутманбек Абдыбаит уулу акчаны шериги алып кеткендигин айтууда.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
raiana53
2016-05-30 10:34:26
иии жаман болуптур туугандар кредит албагыла ал арам акча аягы ушундай болот куранда жазылган суткордука кирет,Аллах таала жактырбайт кредит алып акчаны процентке берип алгандарды,Алладан корккула Аллах таала жаратуучу мээримдуу ырайымдуу
+3
oilonchu92
2016-05-31 10:33:22
туй ата
0
oilonchu92
2016-05-31 10:34:13
акыркы кезде замана саат бузулуп калды..кочого басыш кыйын болду
0
mirbek99
2016-05-31 12:30:01
ошончо акчаны жон эле которуп журбой жанынызга баланызды алып алсаныз болмок экен же болбосо бир спортсменди жалдап алганызда охранник кылып айына 15000сом толоп ошол корумак. большие деньги это не игра сак болушуз керек эле уурдаган бала арык эле балакен жанызда бир эркек болгондо алдырбайт элениз.
-1
Begimai85
2016-05-31 21:15:03
Алар чон суммадагы акча алганынызды кайдан билди,банктагылардан бироосу бар окшойт анда.
0
Begimai85
2016-05-31 21:15:55
Ушундай кино бар го акчаны алганда акырын звонок кылып койуп.
0
Ajara95
2016-06-04 22:52:14
Суроттогу дала спортсмен эмеспи,мойнундагы медалга окшош экен
0
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан