Футбол боюнча улуттук курама команда 2-июнь күнү Ливан менен жолдоштук беттеш өткөрмөк. Бирок аталган команда ойноодон баш тартып, анын ордуна Кыргызстан Өзбекстан курама командасы менен беттешүүнү пландаган. Тилекке каршы, өзбек тараптын демилгеси менен бул оюн да болбой калды. Жыйынтыгында өлкөбүздүн улуттук курама командасы 7-июнда Тегеран шаарында Иран менен кез келмей болду. Ал эми бул беттеш алдында, 2-июнда Ошто "Алай" клубу менен ойнойт.