КООМДУН НЕГИЗГИ КӨЙГӨЙҮН КӨРГӨЗГӨН "КАЙДИГЕРЛИК" ЫРЫ КАНТИП ЖАРАЛГАН?

Улуу муундан «СССР убагы жакшы эле» деген кептерди көп угуп калабыз. Бирок ошол учурда деле көп нерсеге кол шилтенип, кайдигерлик болгонун акын Шайлообек Дүйшеев «Кайдигерлик» ырында жазса, ал чыгармага Сагынбек Момбеков обон жараткан. Бул эки инсандын тандеминен жаралган чыгарма учурунда хит гана болбостон улуттук сезимди козгоп, ар-намысыңды ойготуп, пастыктан бийиктикке, арамдыктан аруулукка, кайдыгерликтен жоопкерчиликке чакырган, үндөгөн ыр болгон.

Кайдигерлик деген неме
Кайран элди
Карактап соёбу дейм,
Каны-жанын какшытып соробу дейм,
Калкан болор бүркүтсүз калктын көзүн
Карга-кузгун кашайтып Оёбу дейм.
Кайдигерлик деген неме
Кайран элди
Чокуга чабабы дейм,
Кара жолго кареги агабы дейм,
Жомок жолборс жолою жоош элдин
Жонун тилип тамгасын салабы дейм,
Жок кылып алабы дейм.

(«Кайдигерлик» ырынан үзүндү )

Шайлообек Дүйшеев: "САГЫНБЕК АРАБАГА АДАШЫП ЧЕГИЛГЕН АТ СЫЯКТУУ ЭЛЕ..."

Шайлообек Дүйшеев кайдигерлик темасын кыргыз акындарынын ичинен биринчи жазып чыккан акын катары тарыхта калууга акылуу десек жаңылышпайбыз. Бүгүн биз агай менен "Кайдигерлик" ырынын жаралуу тарыхы туурасында сүйлөшөбүз
.
– Ырдын жазылган учуру мындан 30 жыл мурдагы доорго туура келет. Адам баласы жек көргөн адилетсиздик, эки жүздүүлүк, кара өзгөйлүк, кыянаттык, жүзү каралык, жагымпоздук, таш боордук өңдүү жаман сапаттардын баары мезгил тандабай, кайсы заман, кайсы доор болбосун жашай берчү нерсе турбайбы. Көрсө, ар бир доордун өз кайдигерлиги болот экен.
Ошол доордун эч кимди уккусу келбеген кереңдиги, бийликтеги чоңдордун кыргыз элинин тагдырына таш боордугу, кайдигерлиги, кенедей маселени да Москвасыз өз алдынча чече албай, жалдырап отурган чечкинсиздиги, кошоматчылыгы эл-журттун кыжырын кайнатып турганы да чындык болчу.
1990-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турганымда Сагынбек Момбеков деген жөнөкөй жумушчу жигит иштеп жүрчү. Ал комузду гитарадай, гитараны комуздай черткен, мыкты үнү болбосо да арабага адашып чегилген ат сыяктуу өзүнчө эле жулунуп турган, ырдагысы эле келип турган жигит экен. "Кайдигерлик" 80-100 миң нускадагы, ал кездеги өтө популярдуу "Кыргызстан маданияты" гезитине чыгары менен Сагынбек Момбеков ага обон чыгарып, гитара менен ырдап чыкты. Ал кезде мен жазгандай ачык саптар басылмаларга жарыяланса кызматтан алынып, куугунтукталып, чындап келсе жиндиканаларга түшүп, дайынсыз жок болуп кетер эле... Бирок меникине эч ким тийишкен жок. Анткени Союз ыдырайын деп олку-солку болуп, анча-мынчаны көзөмөлдөгөнгө алы келбей калган.
Кыргызда ашып кетсе 5-6 куплеттен, 7-8 гана муундан турган обондуу ырлар ырдалып келсе, бул ирет сабы санаксыз, мууну узун, салттуу ырдын чен-өлчөмүнө сыйбаган, такыр башкача ыр жаралып, элге тарай баштады. Эл да таң калды. Бирок жакшы кабыл алды. Кыргыз маданиятында чынында эле күтпөгөн жаңылык болду. Анткени ага дейре элдин көйгөйүн ыр менен эч ким минтип Сагынбектей ачык ырдап чыга элек болчу.
Элге Сагынбектин аты чагылгандай тез тарады. Анын эр жүрөктүүлүгү, эч кимди карабай, эч кимден тартынбай ырдап жибермей адаты акыры андай жасалма тоскоолдуктардын баарын жеңди.

Сагынбек Момбеков: "ТИЗМЕДЕ ЖОКТУГУМА КАРАБАЙ САХНАГА ЖУЛУНУП ЧЫГЫП ЫРДАГАМ"

Сагынбек Момбеков десе гитара менен боздогон адамды элестетебиз. Ооба, чынында бул адам коомчулуктагы кайдигерликти аткарган ырлары аркылуу көзгө сайып көрсөткөнү менен эсте калды.
– 1994-95-жылдары Шахризада Аскарованын үнү менен мен обонун жараткан ырлар элге жакшы тарай баштады. Өзүм ырдайын десем мага мүмкүнчүлүк беришкен жок. Жакшы эле комузумду көтөрүп алып күү чертем, өзүм чыгарма жаратып гитара менен ырдайм, «ырдап берсем болобу?» деп филармонияга барам. Ал кездин дөө-шаалары Замирбек Үсөнбаев, Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиевдер мени жолото турган эмес. «Шудуңдаган бир жигит келип «гитара, комуз менен чыгам» деп жатат» деген сөзгө калдым. Анан эптеп илешейин деп ойлоп, филармонияда стол ташыгыч, көшөгө ачып-жапкыч болуп иштеп калдым. Ошондо Шайлообек Дүйшеев менен таанышкам. Столдорду ташып коюп Шайлообек байкеге кирип сүйлөшүп чыгам, көшөгөнү түшүрүп коюп дагы кирем. Ошентип жакшы тааныш болуп кеттик.
Ошол учурда Шайлообек байкенин досу, жазуучу Нуралы Капаровдун агасы сокур ичеги болуп ооруп калат. Аны дарыгерлер ич өткөк деп дарылап жатып өлтүрүп алышат. Шайлообек байке досуна көңүл айтуу катарында 4-5 куплеттен турган ыр жазып гезитке жарыялаптыр. Мага ал ыр саптар өтө жакты, дароо обон жаратып, Шайлообек байкеге ырдап бердим. Ал ырды угуп туруп "сага башкача ыр жазып бериш керек турбайбы, бул жерге бир эле ак халатчандардын кайдигерлигин эмес, бардык кайдигерликти кошуш керек" деп ойлонуп калды. Бир жумадан кийин мен ырдап жүргөн "Кайдигерликти" жазып келип берди. Ал кезде Ата Мекен жаркырайт, баркырайт, аркырайт, сүйүү... деген сыяктуу гана ырларды чыгарышчу. Мен болсо кайдигерлик деп бирөөнүн былыгын чукуп отурам.
Режиссёр Таштан Жолдошбековго "мен ырдайм" десем, ал дагы филармониянын сахнасына чыгарбай койду. Бир күнү Спорт Ордосунда обончулардын чоң концерти болду, эл аябай көп келди. Башка бирөөнү эле чакырып жатса мен сахнага гитарам менен сүзө качырып кирип, "Кайдигерликти" төгүп салдым да, артымды карабай качып жөнөдүм. «Россия» кинотеатрына чейин артымдан кууп келген режиссёр «кечирип кой, экинчи сага бут тоспойм, жакшы ырдайт турбайсыңбы» деген.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
temirov76
2016-05-30 11:22:14
Эми бул кишинин ырыны кайдан тапсак болот,билгендер айтып коюнуздарчы?
+1
admin_superstan
2016-05-30 12:13:45
temirov76,саламатсызбы? Ырларын төмөндөгү шилтеме менен кирип уга аласыз.
http://www.super.kg/media/?search_term=издөө...&search_author=973&media_search=1&x=3&y=6
0
belka
2016-05-30 19:31:26
Сонун ырдайт ,ырларын суйуп ,ич ичимен куйуп,тутоп угам.
+1
Kroxa
2016-06-01 15:52:31
Ырдап качып кеткем дегени жакты..кууп барып рвхматайтышыптыр да
0
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан