"Рио-2016" Олимпиада оюндарына барчу спортчуларыбыздын саны өсүүдө. Алсак, алардын катарын 2 дзюдочу: Юрий Краковецкий менен Отар Бестаев толуктады. Май айынын башында бул спортчуларыбыз эл аралык Гран-при мелдешине катышып, Олимпиадага барууга керектүү упайларды чогултушкан. Аларды кошкондо жалпы 15 спортчубуз расмий түрдө "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алышты