Эртең менен «Азаттыктын» жетекчиси Султан Каназаровдун гүл көтөрүп баратканын көрсөңүз «бул кишиге майрам го же бирөөгө жолукканы бараткан окшойт» деп ойлоп жибербеңиз. Алар Султан мырзанын үйүндө өскөн гүлдөр. Ал аны жумушуна алып баратат... Гүлдөрү жөнүндө, эгер журналист болбосо агроном болмоктугун, азыркы жумушунун күнгөй-тескейин ал кенен айтып берди. Баса, интернетке бөлүшпөгөн жаңылыгы менен да бөлүштү...РОЗАЛАР, ЖУРНАЛИСТИКА, КОКУСТУКТАР...
– Жаз келип короодогу розалар гүлдөгөндөн тарта алардан 3-4тү кесип алып, жумушка алып келип иш бөлмөмө коюп коём. Көчөдөн көргөндөр, балким, «бир кызга гүл көтөрүп баратат» деп ойлосо керек. Андай эмес. Жумуштагылар болсо «оо, шеф гүл көтөрүп калыптыр» деп күлүп калышат. А мен журналист болбой калсам, сөзсүз агроном болмокмун. Үйдө короодо бак бар, гүлдөр бар. Өзүм бардыгына кам көрөм. Бул жумуш өзүнчө ырахат.
Журналистикага болсо көпкө чейин олуттуу карабай келдим. Бул багытта билим да алган эмесмин. Өзүм чыгыш таануу факультетин бүтүргөм. Журналистика убактылуу болсо керек деп ойлогом.
Азыр медиа тармагында да укмуштуудай ийгилик жаратып жибердим деп айтпайм. Улам жыл өткөн сайын менде жумуш жаатында кокустук элементи көп болорун байкай баштадым. Мисалы, эч убакта жумуш издеп көргөн эмесмин. Адатта мени чакырышат. Алсак, бүгүн «Азаттыкты» жетектеп жатам. Буга чейин президенттин маалымат катчысы болдум, өкмөттүн маалыматтык саясат боюнча бөлүмүн жетектедим. Дайыма жанымдан жумушту менден жакшы түшүнгөн, менден мыкты билген адамдарды көрүп келе жатам. Бирок эмнегедир эле алар эмес, кокустан мен барып калам. Балким, дагы бир жерде «мен эмес, мына ушул орунду Султан ээлесе жакшы болмок, менден мыкты иштемек» деп бирөө отурса керек. Бирок ал да кокустан ошол жерде отурат. Баягы нике кайып деген сыяктуу эле, кесип кайып окшойт да. Эми дайыма эле эмес, бирок жумушта, карьерада кокустук көбүрөөк болоруна ишенип калдым.
«ЭҢ КЫЗЫКТУУ КҮНДӨР ГЕЗИТ ЧЫГАРЫП ЖҮРГӨНДӨ ӨТКӨН»
– Кезинде «Азаттык+» берүүсүн алып барып жүрүп жумуш которуп кеттим. Баса, ошол берүүнүн биринчи алып баруучусумун. Ошондо 26 жашта элем, башкача айтканда, мени телевизордон көрүп жаткан аудиториямдан улуу болчумун. Андыктан кеткенге туура келген.
Андан соң өз алдымча «Репортёр Бишкек» деген гезит ачып иштеп баштадым. Журналистикадагы эң кызыктуу күндөрүм ошол гезит менен байланыштуу. Себеби башка жакта каржы тууралуу баш оорутчу эмесмин. А гезит нөлдөн башталды. Ошол нерсенин баарын жон териң менен сезген кызыктуу болчу. Менимче, гезиттеги ишмердигим мени жумушка чакыруулардын эшигин ачып берди.
«ОТУНБАЕВА «МЕНИН ПРЕЗИДЕНТИМ» БОЙДОН КАЛА БЕРЕТ»
– «Отунбаева менен мамилеңер жакшыбы?» деп азыр да сурай беришет. Андайда «Мен дагы эле Отунбаеванын жарым штаттагы маалымат катчысымын. Медиа тармагында канча жүрсөм, эжеге да ошончо убакыт маалымат катчы болуп жүрө берем» деп тамашалап калам. Бул эми жеке адамдык жакшы мамиле окшойт. Эже азыр деле кээде чалып, маалымат катчысына тапшырма бергендей эле «Султан, муну минтип койчу» деп коёт, а мен аткарып коём. Азыр Ак үйдө президенттик бөлмөдө отурган президент, албетте, менин президентим. Мен ошол кишиге добуш бергем. Бирок Роза Отунбаева тырмакчанын ичинде «менин президентим» бойдон кала берет.
«МАШЫГУУЛАРДА КӨЗҮМ КӨГӨРӨТ, МУРДУМ СЫНАТ»
– Азыр жумасына 3 жолу залга барып, бокс менен машыгам. Мен машыккан жайда сакалы белине жеткен молдолор, интеллигент адамдар, студенттер, кыскасы, ар түрдүү адамдар бар. Тренажёрдук залга барып да көрдүм, бирок зеригип кеттим. Мага адамдардын бири-бири менен аралашып жүргөнү, байланышка барып туруу кызыгыраак экен.
Машыгууларда ар кандай жаракат алам. Эки ай мурун эле мурдумду сындырып алдым. Кээде көзүм көгөрөт. Кесиптештерим көнүп калышты. Сырттан жолугушууга бирөөлөр келгенде алардын көз карашынан «туура келдикпи же туура эмес келип алдыкпы? Ушул көзү көгөргөн «Азаттыктын» жетекчисиби?» деген таң калууну окуп калам. Кээ бири сурашат, айрымдары таң калып эле чыгып кетишет.
Өзүм боксту көчөдө колдонбойм. Маселени мушташ менен чечпейм. Студенттик куракта Дене тарбия институтунун балдары менен көп мушташып калдым. Анда эч кандай маселе жок болчу, маселесиз эле мушташа берчүбүз.
ИНТЕРНЕТ ЖАНА АЛ ЖАККА БӨЛҮШПӨГӨН ЖАҢЫЛЫК...
– Социалдык тармактар адамдардын психикасын өзгөрттү. Маселен, адамдар айына бир жолу жакшы ресторанга барса сөзсүз сүрөттөрү менен интернет аркылуу бөлүшөт. Интернеттеги баракчасында кымбат унаа, эс алып жүргөнү, айтор, жалаң жакшы жаңылыктары гана бар. Бери жакта карап отурган айрымдар «элдин жашоосу жыргал, меники эле коёндой окшош күндөр экен» деп жүрөктөрү сыгылат. Эч ким жаман жактарын интернетке жүктөбөйт. Алардын деле окшош күндөрү бар. Бирок муну баары түшүнө бербейт.
Анан күлкүлүү жагы да бар. Мен ар дайым «сүрөткө кантип минус жыйырма килограмм болуп түшөсүңөр?» деп тамашалай берем. Карасаң, супсулуу кыз, бирок сүрөт деген жакшы фотографтын эле иши турбайбы. Туура ракурс коюлса эле болду экен. Кээде интернеттеги сулуу кызды чыныгы жашоодо көрүп, «ка-ап, ушул кызды интернетте эле көрүп жүрө берсем болмок экен» деп жигит катары ой жүгүртүп калам.
Өзүмдүн интернетте бөлүшө элек бир жаңылыгым бар. Келинчегим бир жылдан бери Шотландияда окуп жатат. Уулум экөөбүз Кыргызстандабыз. Бир жылдан бери ыйлабай, эч жерибиз сынбай, оорубай үй-бүлө деген арабаны тынч гана кыймылдатып келе жатабыз.
– Ак үй тарапка кайра чакыруу болсо?
– Азыр деле чакыруулар бар. Ар бир сунушту ойлонуп көрөм.
– Жетекчи деген ким? «Доспу» же «байкеби?»
– Сергей Капица деген адам айтыптыр: «Жакшы жетекчи – жакшы жумушчуга тоскоол кылбаган адам».
– Башкарган жагымдуубу же башкарылганбы?
– Менимче, экөө тең эле оор нерсе, бирок «башкарманын алдында баш оорубайт» деген сөз бар го. Башкарманын эле башы ооруйт да.
– Сиз айтмакчы, «ар бир кыргыз ырдайт». Жакшылыктарда кайсы ырды созолонтосуз?
– Асанкалый Керимбаевдин «Сендей мага», «Сулууга», Рыспай Абдыкадыровдун «Сагынган жанмын сага окшош», «Ак куулар сени сагынар» деген ырларын ырдап калам.
– Ламборгини, Бугатти Вейрон, анан таза кандуу ахалтек ат тартылса, кайсынысын тандайсыз?
– Бугатти Вейронду алмакмын го дейм.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg