НТС телеканалынын телеалпаруучусу Айжан Казакбаеваны экрандан көрүп сулуулугуна, орундуу сүйлөгөн сөзүнө кызыгып жүргөндөр көп. «Адамда баары сулуу болушу зарыл: жүзү, кийими, жан дүйнөсү жана ою»,- деп орус жазуучусу Антон Чехов айткандай, Айжанда бул баалуулуктардын баары бар экенин бул маекти окуп баамдайсыз.
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 27-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 57 килограмм
Билими – КОСУнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаган
Кесиби – Телеалпаруучу, журналист
Алып барган берүүлөрү – «Жаңылыктар», «Прямая речь»
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
– Айжан, журналистиканы бирөө кесип катары, айрымдар хобби катары да көрүшөт. Сизчи?..
-Мен үчүн журналистика алгач жөн гана кызыгуу болчу. Анда бул кесиптин кичинекей бөлүгүн эле көрсөм керек. Экранга чыга калуу оңой, аябай сонун деп ойлочумун. Жыл өткөн сайын журналистика кызыгуу эмес, бүт өмүрүңдү арнай турган кесип экенин түшүндүм. Андыктан бул мен үчүн чыныгы кесип.
– Бирок сиз эл аралык мамилелер бөлүмүндө билим алыптырсыз...
-Көпчүлүк «журналистикага тапшырбай калганың өкүнүчтүү» дешчү. Мен болсо баары өз нугунда кетти деп ойлойм. Себеби эл аралык мамилелер бөлүмү – бул гуманитардык багыттагы кесиптерге эң жакшы база. Эгер мурун эле журналист болорумду билсем деле баары бир аталган бөлүмгө тапшырмакмын. Анткени бул адистик мага коомчулукта болуп жаткан саясат, экономика, социалдык тармактарды иргеп билүүгө жакшы база болуп бере алды.
Журналистикада карьерам 2009-жылы башталган. «Бешинчи элемент» деген студенттик программага катышып, ошол жактан алган тажрыйба журналистикага болгон кызыгууну арттырды. Бул кесип мага кызыктуу туюлду. Медиа бир гана саясатты эмес, коомдогу бардык процессти түшүнүүгө багыт берген кесип экенин билдим.
– НТСте алгач экономикалык жаңылыктарды алып барчусуз...
-Ал жакта 2012-жылдан баштап иштеп калдым. Кастингден өткөндө бир гана эфирге чыгууну көздөбөстөн, журналистиканы үйрөнгүм келди. Экономикалык программаны алып барып баштаганда өзүм каалагандай эфирде да, эфирден сырткары да жумуш пайда болду. Кийин жаңылыктарды, автордук берүүлөрдү алып барып калдым. Азыр «Прямая речь» көрсөтүүсүн алып барам.
– Эфир алдындагы толкундануу сезимдери жоюлдубу же азыркыга чейин барбы?
-Бизге «эгер толкунданбай калсаңар, силер кесибиңерден кете берсеңер болот» деп айтышат. Ошондуктан толкундоо дайыма болуп турушу керек. Бул сезимдин өзүнүн стадиясы бар. Башында мен кыймылдагандан ушунчалык коркчумун дейсиз, жадакалса калем сапты, кагазды башка орунга жылдырууга дитим барчу эмес. Кийин өзүмө болгон ишеним пайда болду, бирок толкундануу сезими дале бар.
– Жаңылыкты окуп жатып адашып кеткен учурлар болду беле?
-Түз эфирде ар бир алпаруучунун бир-эки күлкүлүү окуялары болуш керек. Бир жолу суфлёрдун педалы ордунан жылып кетип, аны бассам текст жылбай калып, анан кагаздан издеп киргем. Түз эфир болгондуктан кыжалат болуп, текстти таппай кыйналгам.
– Блоггерлерди массалык маалымат каражаттары менен салыштырып келишет. Бул бара-бара ММКны сүрүп чыгарат деп ойлобойсузбу?
-Блоггерлер тууралуу көп сөз кылса болот. Мисалы, менин кумирим Владимир Познер «блоггер – бул ММК эмес» дейт. Мен бул кишидей даражага жетким келет жана ага умтулам. Блоггерлер, албетте, коомчулукка таасирин тийгизишет, аны төгүнгө чыгара албайбыз.
Кээ бир блоггерлердин окурмандары, күйөрмандары айрым ММКлардын кайсы бир программасынын көрүүчүлөрүнөн да көп болушу мүмкүн.
Бирок кандай болгон күндө да аларды массалык маалымат каражаттарына кошууга болбойт. Анткени бир маселе жаралса, ошону ар тараптан иликтеп, анализ жүргүзгөн журналисттер коомго керек. Журналист менен блоггер бири-бирине тең тайлашпай, ар бири өз жолунда кете берет деген ойдомун.
– Өлкөбүздөгү кайсы дикторду баалайсыз?
-Менин кесипкөй диктор болуп калыптанышыма салымын кошкон адамды айтып өткүм келет, ал – Айнура Кабатай кызы. Ал менин мугалимим, биринчилерден болуп эфирдин кандай болорун түпкүрүнөн көрсөткөн адам. Анан кесиптештерим Жолдош Исаков, Мирзат Муканов, Манас Айжигитовду баалайм.
– Эфирде олуттуу көрүнөсүз, жашоодо кандай адамсыз?
-Албетте, эфир олуттуу көрүнүүнү талап кылат. Жашоодо ачык-айрым, ишенчээк адаммын. «Кесибиңде элдин башын тебелеп өтүп гана ийгиликке жетишесиң, ошондуктан катуу болуш керек» деп айтылат. Менин оюмча, бул туура эмес. Адамдык сапатты биринчи орунга коюп, айкөлдүк менен мамиле кылыш керек.
– Орусча маек курдуңуз. "Кыргыз тилинде оюмду толук жеткире албайм" деп кыжалат болосузбу?
-Эне тилимди жакшы түшүнөм, бирок орус тилинде оюмду толук жеткирем. Окурмандарды, көрүүчүлөрдү сыйлагандыктан сабаттуу сүйлөгүм келет. Буюрса, эне тилимди жакшы өздөштүргөндө, албетте, кыргызча маек курам.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg