Гүлшан Молдоеваны алгач теледен 1-класста көргөм. Азыр жашы 60ты таяп калса да анын сулуу жүзү, күлмүңдөгөн көздөрү бүгүн да мен алгач көргөндөй. Дале жаш, көзгө жылуу учурайт. Маектешүүгө барганда жаңы ачкан студиясы менен тааныштырып, келечек пландарын айтып, басып өткөн жолун баян кылды.
Гүлшан айымдын сүйлөгөнү да өзүндөй жагымдуу. Алгачкы суроомо эле жарым сааттай жооп бергенин уккулуктуу үнүнө муюп сезбей калыптырмын.
– 1960-жылы биздин айылга сыналгы жаңыдан келип, жаңылык болгон. Анда сыналгыны сатып алуу ар кимдин колунан келчү эмес. Биздин үй-бүлө айылдын алды болуп жашаганы менен, телевизор таңсык болуп мен 3-4-класста окуп жатканда сатып алдык. Ал күнү үйүбүздө өзүнчө эле майрам болгон. Балдарга арналган эфир башталар алдында дикторлор Роза Рыскелдинова, Тамара Жаманбаевалар сүйлөп, андан соң мультфильм көрсөтүлчү. Кошуна балдар үйдө тизилип калат эле. Балалык баёо сезим болсо керек, дикторлорду мультфильмди жараткан сыйкырчылардай элестетип, кол жеткис нерсеге теңечүмүн. Алардан таасирленсем керек, балдарды столго отургузуп алып дикторлорду туурайт элем. Көркөм окутуп, күзгүнү каратып сүйлөтчүмүн. «Роза Рыскелдинованы көрдүңөрбү? Мындай сүйлөдү. Бул жерде жылмайды» деп үйрөтүп, мен элестеткен теле ааламына сүңгүп кетер элем.
Каарманым балалыгын, жаштыгын эстеген сайын жүзүндө жылмаюу пайда болуп, кубанып баяндап берди.
– Мектепти аяктагандан кийин Кыз-келиндер институтунун музыка факультетине тапшырдым. Студенттердин фестивалынын аркасы менен Орусиянын көп жерин кыдырып чыктык. Ошондо Георгий Вицин, Евгений Моргунов өңдүү чыгаан актёрлор менен бир сахнадан кезигип калдык. Вицинден алган кол тамганы бүгүнкү күнгө чейин сыймыктанып сактап жүрөм. Бир гана студенттер арасында эмес, мамлекеттик ири иш-чараларды да алып барып калдым.
Бир күнү "филармонияда тандоо болуп жатат" деп мугалимдер алып келишти. Көрсө, Москвада СССРдин жаңы Баш мыйзамы кабыл алынып, ошонун урматына карата чоң фестиваль өтмөк экен. «Фестивалга 1 кыз, 1 эркек алып баруучу керек» дешти. Улан-кыздарды электен өткөзгөндөрдүн катарында ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова өзү отуруптур. Берген тапшырмасын аткарып бүткөндөн кийин министр «кызым, бери кел» деди. Анын чакырыгын угуп сүрдөй түштүм. Барсам «ушул кызды даярдагыла» деди. Ошентип Брежнев катышкан чоң иш-чарада кыргыз жеримди даңктадым. Ал үчүн азыр да сыймыктанам. Теле жаатында иштегениме 40 жылга чукулдап калды. Дайыма өзүмдү карап жүрөм. Элди "карып, жүдөп кетиптир" деп иренжитким келбейт.
Маектешим сүйлөп жатканда кудум «Арноо концерт» көрүп жаткандай эле болдум. Чалынбай, такалбай, бир дем менен суроого жооп узатып отурду.
– Институтту аяктагандан кийин радиого сынак менен жумушка орноштум. Күнү-түнү тынбай иштемей. Жумуш деп жүрүп жеке жашоону унутуп койгон элем. Кесиптештерим «бул жигит менен тааныш» дешсе, «эртең эфирге чыгам» деп алардын машинасына отурбай, кызматтык унаага урданып түшүп качып кетчүмүн. Антпесе жигиттер унаасы менен келип, жумуштун алдына туруп алышчу.
Майрам күндөрү деле эс алууну билчү эмеспиз. Эфирди жаап, элди куттуктап анан үйгө кетчүбүз. Бир жолу жаңы жылда элди майрамы менен куттуктап, эфирди жыйынтыктап бүттүк. Кызматтык автобус эшикте күтүп турган. Эфирге кийген жеңил кийимимди алмаштырып чыкканча кесиптештерим мени унутуп кетип калышыптыр. Таксиге чалсак жооп бербейт. Анан күзөтчүгө «Тез жардам» чакыр» дедим. Алар дагы бир топто келишти. «Эмне болду, азыр эле элди куттуктап жатпадыңыз беле?» деп таңыркашты. Жагдайды түшүндүрсөм, күлүп үйгө жеткирип коюшкан.
Кеп нугу жеке жашоого бурулганда иш деп жүрүп турмушка кеч чыкканын айтып, жолдошунун эмгекчилдигине, боорукерлигине, иш билгилигине көпкө токтолду.
– Бир күнү бирге окуган курбум «иштин артынан куубай, эс алсаң боло» деп үйүнө чакырды. Ошол жерден өмүрлүк жолдошум менен тааныштым. Табалды ошондо Ленинграддан окуусун бүтүп, илимдин кандидаты болуп келген экен. Убакыттын өтүшү менен жылдызыбыз келишип, баш коштук. Кудайга шүгүр, 2 кыздуу болдук. Улуу кызым турмушка чыгып, бизди 3 неберелүү кылды. Кичүүсү Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда окуйт. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин жолдошум чарбачылык менен алектенүүгө киришти. Ысык-Көлдөн жер алып, эрте түшүм берчү жапыз өскөн бактарды отургуза баштады. Жаңы баштаганда «бул таштак, суу чыкпаган жерге кантип бак отургузасың?» десем, «Эмгектенсе баары болот. Кыргыздар эмне үчүн кашаага жөлөнүп отура беришет?» деп кейиди эле. Азыр 10 гектарга жакын багыбыз бар.
«Коомдо болуп жаткан айрым көрүнүштөргө ичим жылыса, кээ бири зээниңди кейитет» деген диктор саамга токтолду да, сөзүн улады.
– Мейли дүйнөлүк масштабда болсун, мейли мекенибизде болсун, бардык жаңылыктардан артта калбаганга аракет кылам. Айрым жаштарыбыз көр тирилик деп жаман жолго түшүп, жакшынакай кыздарыбыз бөтөн улуттун балдарына турмушка чыкканына ичим ачышат.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg