ПАРФЮМЕР

Фильмдин режиссёру –Том Тиквер
Сценарийин жазгандар –Берд Айхингер, Эндрю Биркин
Башкы ролдордо:Бен Уишоу, Дастин Хофман,
Алан Рикман, Кармен Контрерас, Сем Дуглас, Рейчел Хард-Вуд

Фильмдин мазмуну
1744-жыл. Париж. Жай мезгилинин эң ысык күндөрүнүн биринде Париждин балык базарында отурган эненин толгоосу кармайт. Эне ымыркайдын төрө­лүшүн каалабагандыктан, андан кутулуу үчүн баласын балыктардын калдыктарынын үстүнө таштап качат. Өтүп бараткан адам энесине өчөшкөн­сүп үнүн чыгара кейиштүү ыйлаган наристенин үнүн угуп, аны аман алып калат. Өз баласын өлтүр­гүсү келгендиги үчүн эне өлүм жазасына тартылат.
Таштанды балага Гренуй деген ысым ыйгарылат. Гренуйдун балалык курагы балдар үйүндө өтөт. Наристенин өзгөчөлүгү кичинесинен эле жытты өтө сезе билген жөндөмдүүлүгү эле. Он үч жашка келгенде тери иштетүүчү Грималдын кол алдында кул катары иштөөгө өтөт.
Ошентип, таштанды бала бойго жетет. Күндөн-күнгө жыт билүү сезими өөрчүп бара жатканын өзү сезе баштайт. Күндөрдүн биринде Париждин көчөлөрүндө сейилдеп жүрүп, мурдуна керемет жыт урунат. Бул жаш бийкеч Плюм Селлердин денесине гана таандык табигый жыт эле. Гренуй кыздын артынан түшөт. Коркконунан кыйкырмак болгон кыздын оозун алаканы менен басып, кокусунан өлтүрүп алат. Ушундан кийин Гренуй керемет жыттарга сыйкырланып, алардын сырын изилдөөгө өтөт. Ушундан улам белгилүү парфюмерчи бизнесмен Бальдининин окуучусу болуп иштеп, ал жерден керемет жыттуу атырларды жаратууга жетишет. Устатынан таалим алып көзү ачылган соң аялзатынан алынган жытты суюктукка чөгөрүп берүү мүмкүн эместигин угат. Бирок, мүмкүн болгон жалгыз ыкманы Гресс шаарынан үйрөнүүгө болорун устаты өлөр алдында айтып кетет. Гренуй Гресс шаарына барып, Арнульфи деген айымдын парфюмердик ишканасына ишке кирет. Жолдон экипажда кетип бара жаткан жаш бийкечтин аңкыган жытын сезет. Бул жыт баягы өзү өлтүрүп алган Плюм Селлердин жытына окшош эле. Кыздардын денесинен чыккан өзгөчө керемет жытты суюктукка чөгөрүп берүү үчүн бир-эки жуманын ичинде 12 кызды өлтүрүүгө барат. Алардын денесин изилдеп, жыйынтыгында чакан кутучада кыздардын жытындай жыттанган суюктук пайда болот. Эң акырында бир гана соодагер Ришинин татына кызы Лауранын жытын кутучадагы суюктук түрүндөгү жыттарга кошуу керек эле. Ошондо керемет атыр пайда болмок. Ал экипаждагы кыздын жыты болчу. Ортодо бир нече кишилер кыздардын өлүмүнө күнөөлөнүп камакка алынат. Риши да кызы үчүн чоочулап башка шаарга көчө качат. Бирок, Гренуй аны жыты менен издеп табат. Атасы таң эрте кызынын өлүгүн көрөт. Гренуй акыркы жытты суюктукка чөгөрүп, мурунку жыттар чогулган суюктукка кошуп, кутучаны чөн­төгүнө салып алат. Акырында аскерлер тарабынан колго түшөт. Ошентип, 1766-жылы Франциянын түштүгү Грасстын борбордук аянтында анын өлүмүн көрүш үчүн калың эл жыйналат. Өлүм алдында Гренуй өзүнүн ойлоп тапкан атырын алып чыгып себинет. Жыт бир заматта аянтка тарайт. Керемет жыттын касиетинен калың эл бири-биринин моюндарына асылып, кучакташып ыйлап киришет. Зээни кейип, тишин кычыратып турган Риши да Гренуйдун кучагына жыгылып кечирим сурайт. Жигит да эл менен кошо өзүнүн аң-сезимин жоготуп жерге кулайт.

Фильмдин идеясы
1985-жылы немис жазуучусу Патрик Зюскинддин «Парфюмер” романы 12 миллион тиражда жарык көрүп, 42 тилге которулган. Көптөгөн режиссёрлор авторго роман боюнча тасма тартууну сунушташат. Бирок, автор макул болбойт. Арадан 15 жыл өткөн соң гана өзүнүн досу, белгилүү сценарист Айхингердин сунушуна макул болот. Романдын сценарийин жазып чыгуу үчүн Айхингер жардамга белгилүү продюсер Эндрю Биркинди жана мыкты режиссёрТом Тикверди чакырат. Сценарий эки жылда даяр болот.

Фильмдин тартылышы
2005-жылы июнь айынын аягында тасма тартылып башталган. Фильмдин баштапкы айрым бөлүктөрү Германиянын Мюнхенинен тартылса, фильмдин калган бөлүгү Испаниядан тартылган. Фильмди тартуу үчүн 520 техникалык жумушчу, 67 актёр керектелип, 5 миң 200 адам массовка үчүн катышкан.
Фильмдин максаты - окуянын өзгөчө­лүгүн, 18-кылымдагы мезгилди чагылдырып берүү эле. Бул кездин маданиятын, жашоо образын чагылдыруу кино тартуучулар үчүн оңой иштерден болгон жок. Тасманын каармандары кие турган кийимдердин кездемелерин атайын Индиядан, Румыниядан алдырышып, Бухаресттин фабрикаларында үч ай аралыгында толугу менен тиктирип бү­түш­көн. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, актёрлордун гримденип жана кийин­үү­лөрүн түнкү саат бирде баштоого туура келген. Анткени, алар үчүн жети сааттык убакыт талап кылынган. Алар толук даяр болору менен таң да атып, саат сегиз болуп, ишке киришишкен. Фильмдин окуяларынын ичинен эң жийиркеничтүүсү болуп балык базарын чагылдырган аянтка 2,5 тонна балык жана 1 тонна эт ыргытылып ташталган. Баарынан кызыгы, бул таштандыларды кечкисин кайра тазалап коюу милдетин алышкан.

Фильмдеги кемчиликтер
Романда Гренуй дворяндарды өл­түргөн эмес, ал курмандык үчүн жалаң жөнөкөй үйбүлөдөгү кедейдин кыздарын тандап алган. Ал эми фильмде болсо он эки кыздын үчөөсү дворяндын кыздары болуп чыгат.

  • Фильмде Гренуй өрүк сатып жүр­гөн Плюм Селлерди көргөндө жактырып калат. Ал эми романда эч кандай сүйүүгө кезикпей эле кызды керемет жыт чыгаруучу адам катары көргөн.
  • Гренуйду аткарган актёр фильмде романдагыдай чыныгы эмоцияларды жетишээрлик деңгээлде ачып бере албагандыгы байкалат. Романда башкы каарман ташбоор, мыкаачы адам катары сүрөттөлсө, фильмде тескерисинче, аянычтуу кейипкер.
  • Гренуйдун жетим балдар үйүн­дөгү тарбиячысы ал балдар үйүнөн кеткенден кийин киши колдуу болуп ка­за болот. Ал эми китепте болсо узак өмүр сүрүп, байлыгынын баарын жоготуп алып, дүйнөдөн кедей болуп өткөндүгү баяндалган.

Даярдаган Шарипа Бекташова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aza
2009-08-08 16:40:43
Sonun kino maga jagat.
0
aminali
2010-10-05 02:43:31
Maga jakpait jaw kizdardi olturo beret ko jindidei bolup.
0
№ 220, 19-25-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан